Балбак Түлөбаев, Жогорку Кеңештин депутаты: “ТАШИЕВ МЕНЕН ЗУЛУШЕВ ТУУРАЛУУ ТУУРА ЭМЕС СҮЙЛӨП АЛДЫМ”

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев “азыркы өкмөттү эски каталардан сакташ керек болууда” деп билдирди. Ал үчүн мактоо жетишсиз экенин, кээде сын да айтылып турушу зарылдыгын айтат. Кызыктуу маекке көз салыңыз.

– Балбак мырза, парламенттин ролу тууралуу сурагым келет... 6-чакырылыштан 7-чакырылыштын негизги айырмачылыгы эмнеде болууда?

– Азырынча, айырмасы билинбейт. 7-чакырылыш кандай иштеди, кандай тарыхый чечимдерди кабыл алды, 5 жылдык мөөнөтү аяктап баратканда билинет го. Эл “менин атымдан барып бийлик жүргүз” деп 2 гана институтка өз укугун берет, бири – президент, экинчиси – парламент. Биз мыйзам чыгаруу жана элдин акчасын көзөмөлдөө жаатында иш жүргүзөбүз. Азыркы парламент жаңы систем менен шайланды, 500дөн 20 миңге чейин добуш алган депутаттар отурабыз. Иштеп жатканыбызга 1,5 ай эле болду. Билгенибиз бар, билбегенибиз бар, үйрөнө турган көп нерселер бар. Парламенттин табияты кызыктай экен. Такшалган, тажрыйбалуу болсоң деле абайлап сүйлөш керек экен. Сүйлөп алып жакшы-жаман көрүнүп жатабыз (күлүп). Кээде жаңылыш сүйлөп алат экенсиң. Мисалы, өткөндө мен “жакында башкы прокурор Курманкул Зулушев менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тирешин көрөсүңөр” деп кичине туура эмес айтып алдым. Коопсуздук жаатында УКМК бир мыйзам сунуштады эле, башкы прокурор көзөмөлдөөчү органдын башчысы катары “бул мыйзам Конституцияга каршы келет” деп өз пикирин айтты. Мен экөөнүн өз ара кызыкчылыгы, тиреши бардай сүйлөп алдым. Катамды моюнга алам, ушуну силер аркылуу элге жеткирип коёюнчу.

– Андагы пикириңизге УКМКнын тыңшоолор боюнча мыйзам долбоору негиз болду окшойт...

– Ооба, УКМК сунуштап жаткан мыйзам долбоору негиз болду. Эки органдын бир мыйзамга пикир билдирип, андагы кемчиликтерди оңдоосу нормалдуу эле нерсе да. Башкы прокурор мыйзамдуулукту көзөмөлдөшү керек, анын жумушу ошол. Алдын ала эскертип жатат, мен эмоцияга алдырып койдум окшойт...

– Бийликчил фракцияда мүчөсүз. Антсе да кээде бийликти ачык сындап жатасыз. Бул нерсени фракциялаштарыңыз кандай кабыл алышууда?

– Мен ачык эле айтам, президенттин, анын өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан саясатын колдойм. Бирок министрлер жаңылыштык кетирип жатышат. Ошол жаңылыштыгын айтуу да колдоо, бул – позиция. Такай эле мактай берген да болбойт. Өзүңүз деле көрүп жатасыз, мага “пахтакор”, “кошоматчы” деген ат коюп алышты. Өкмөтүбүз алдыда жаңылыштык кетирип албасын деген гана таризде сын айтып жатабыз.

– Эскертүү же “токтотсоңчу” деген ишарат боло элекпи?

– Баштан көп кыйынчылыктар өттү, мага эч ким “мындай кылба, тигиндей кылба” деп айта албайт. Коркутуп же эскертүү да бере албайт. Негизи, тарыхка аябай көз салышыбыз керек да, айрыкча жакынкы тарыхка. Курманкул Зулушев сот кезинде азыркы бийликте тургандарды актап салганда “ушундай жүрөктүү кишилер да болот турбайбы” деп таң калган элем. Ошондон кийин гана Зулушевди баарыбыз “принципиалдуу, адилет киши” деп таанып, сыйлап калдык да. Камчыбек Ташиев достукка бекем туруп, эмне деген азаптарды көрбөдү. Муну да “пахта койду” дейт эми, бирок айта берейин. Президент эмнелерди гана көргөн жок. Ушунун баарын көрүп, биз деле шыктанабыз да. Булар деле адам, баарына жетишпейт, кээде командасынын катачылыктарын айтып турганыбыз туура.

– Саясаттагы позиция – адамдын мүнөзүнө жараша да кармалып турат окшойт, сиздин мүнөз менен жасалма, өзгөрүлмө болуу кыйындай сезилет...

– Туура. Менин атым Балбак, мааниси оргу-баргы, балбалактаган дегенди билдирет. Атактуу бир аалымдын “болгонуңдай көрүн же көрүнгөнүңдөй бол” деген жакшы сөзү бар. Куйтулукту чын эле жаман көрөм, кээде мунун азабын да тартам. Кээде парламентте башкача сөз айтыш керек болот, бирок ичимдегини айтып албасам болбойт. Эң башкысы – ниет. Мен азыркы президенттин өлкөнү саздан сууруп чыгып кетишин чынында каалайм. Чын ниеттен жардам бергим келет.

– “Президентти жанындагылар адаштырып жатышат” деп бардык бийликтин тушунда айтылат. Алар кимдер? Азыр 90-жылдар эмес, президент маанилүү иштерден кабарсыз, маалыматтан сырт калышы мүмкүнбү?

– Мүмкүн эмес. Азыркы президенттин айланасына абдан профессионал балдар чогулду. Арам ою жок, түз жүргөн балдар. Албетте, кээ бир министрлер ашыкча сүйлөп коюп жатышат, бирок өкмөт да саясий орган. Оппозиция сүйлөсө, ага жооп кайтарышы керек. Буга айрым депутаттар теригип жатат. Парламент өкмөт мүчөсүн алып келип алып тепкилей турган ринг эмес да, ал жерде түрдүү пикирлер айтылат. Анан баарына эле теригип отурсак, ким иштейт? Министрлер да “мен гана кыйын” дегенди токтотсун, парламентте да жооп кайтара алчу күчтөр бар.

– Адахан Мадумаровдун маселеси боюнча парламент кандай позицияда турушу керек?

– Адахан Мадумаров менен пикирлеш эмесмин, кээ бир нерселерин такыр колдобойм. “Баарын мен билем” дей бербеш керек да. Андан кийин өсүп келе жаткан жаштар бар, ал сыяктуу эле 4-5 жолу депутат болгондор бар. Кээде аша чаап сүйлөп алат, эми ал депутат катары өзүнүн пикири. Ал оппозиция, мен бийликтин тарапташымын. Ал бийликке каршы туура эмес сөз айтса, мен өзүнө жараша жообун берем. Мадумаровдун иши боюнча депутаттык комиссия түзүлдү, комиссия кандай чечим кабыл алса парламентте көпчүлүк аны колдойт деп ойлойм. Комиссия калыс иликтеп, элге баарын ачык айтышы керек.

– Сизди учурда өлкөдөгү кайсы маселе тынчсыздандырып жатат?

– Өкмөт мыкты реформаларды баштады. Бул 6-7 айда билинбесе да 1-1,5 жылда сөзсүз жемишин берет. “Кумтөр” маселеси, Баткендеги көйгөйлөр... Чек ара маселеси боюнча жабык жыйында маалымат алдым, президенттин, Камчыбек Кыдыршаевичтин аракеттерине абдан сүйүндүм. Бали, мамлекеттик позиция так ушундай болушу керек! Жашыруун маалымат болгону үчүн аны бул жерде ачык айта албайм. Эми саясатты азайтып, ынтымакта болсок учабыз жөн эле. Дагы бир маселе... Айрым саясатчылар билбей туруп туура эмес маалыматтарды таратып койсо, тарапташтары анын сөзүн кайталап сүйлөп, камалып кетүүдө. Анан “куугунтук” деп чыгышат, андай болсо, өз оозуңа ээ болушуң керек да. Маалымат талаасын иретке келтирүү зарыл, ошондо гана коом түз жолго түшөт. Бийликке маданияттуу, жөндүү сын айткан эч кимди камаган жок. Анан президентти баш, бизди төш кылып оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүп, абройго шек келтирип жатышса кыйын эле да... Анда Кылмыш-жаза кодексинин беренелери иштеши керек болот, камоого аргасыз болушат. Мени да ашатып сөгүшүүдө, менин да бала-бакырам бар, жакындарым бар, аларга катуу тиет. Айтарым бирөө гана – сындасак мыйзам чегинде сындайлы, мыйзамдан чыгып кетсек, анда жооп берүүнү да билели...

Автандил Добулбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1002, 18-24-Февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан