2000-жылдардагы спорт жылдызы Канатбек Сыдыгалиев дүйнө салды. «ООРУГАНЫН БИЛДИРБЕЙ ЖҮРГӨН ЭКЕН»

Белгилүү кикбоксчу, Евразиянын 2 жолку чемпиону, Европанын чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси Канатбек Сыдыгалиев 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. “Бул чоң жоготуу жана кикбоксинг жамаатында чоң трагедия болду”,- дешти федерациядан. Спортчуну жакындары, достору жана кесиптештери эскеришет.

КЫСКАЧА ӨМҮР БАЯНЫ:

Канатбек Сыдыгалиев 1978-жылы 18-январда Талас районунун Арал айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы машыгуу залдардын биринде кикбокс боюнча машыгат. Ал 1999-2000-жылдары кикбоксинг боюнча Евразиянын чемпиону болгон. 1999 жана 2001-жылдары Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынган. 2003-жылы профессионалдар арасында Европа чемпиону болгон. Мындан башка да бир топ ийгиликтерди багындырып, Кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиреткен Канатбек Сыдыгалиев 2011-2022-жылдар аралыгында Бажы кызматында иштеген. Маркумдун артында жубайы, үч баласы калды.

“АЗЫР КАНАТБЕК СЫЯКТУУ ӨЗҮН ТОЛУГУ МЕНЕН СПОРТКО АРНАГАН БАЛДАР АЗ”

Спортчунун машыктыруучусу Александр Воинов “азыр Канатбектей өжөр спортчулар аз” дейт:

– Канатбек 90-жылдардын аягында менин колумда машыга баштады. Кырчындай жаш курагында келген. Ал ошол учурда спорт "жылдыздарынан" куралган топтун арасына келип кошулган. Ага өзү курактуу күчтүү атаандаштары менен беттешүү үчүн жигердүү машыгууга туура келди. Албетте, башында ага кыйын болду. Бирок өтө өжөр жигит болчу. Акырындык менен бардык кыйынчылыктарды жеңип, өзүнүн алгачкы жыйынтыктарын көрсөтө баштады. Республикада өткөн чемпиондукта, андан соң эл аралык беттештерде өзүн көрсөтө алды. Көптөгөн мамлекеттерге барып келди. Алардын көпчүлүгүндө жеңишке жетишип, чемпион болду. Евразиянын официалдуу чемпиону болду. Дүйнө чемпиондугунда сыйлык алды. Эл аралык класстагы спорт чебери болууга жетишти. Элдин эсинде калганы Лас-Вегаста өткөн беттеши болду. Канатбек ал жерден эң күчтүү делген атаандашы менен беттешкен. Жеңишке болгон мүмкүнчүлүк өтө аз болсо да, өзүнө болгон ишеними, туруктуулугу жана жакшы даярдыгы менен жеңишке жеткен. Ал жаштар үчүн үлгү болгон жигит эле. Ар бир беттешине олуттуу мамиле жасачу. Өз убагында күчтүү кикбоксёрлордун бири катары саналчу. Мен Канатбекти жеке көп машыктырдым. Анын бардык жөндөмдөрүн билчүмүн. Аны менен иштөө мага жеңил болду. Анын жакшы сапаттарын гана айта алам. Бүгүнкү күндө өзүн толугу менен спортко арнаган Канатбек сыяктуу шакирттерим аз. Канатбектин өлүмү баарыбыз үчүн күтүүсүз болду. Терең кайгыруу менен жакындарына көңүл айтам.

“КЫРГЫЗДЫН ТАРЫХЫНА КЫЗЫКЧУ”

Маркумду досу, спортчу Жанболот Амантаев досун төмөнкүчө эскерет:

– Канатбек менен 1997-жылдары биздин спорттук клубдан тааныштык. Ошондон бери спортто дагы, анын сыртында дагы дос болдук. Бирге көптөгөн эл аралык турнирлерге бардык. Ал рингде кандай таза мушташса, рингдин сыртында дагы ошондой таза, адилеттүү, акылдуу жигит эле. Өзү китепти көп окуп, кыргыздын тарыхына кызыкчу. Бизден кийинки муундарга моралдык жана материалдык жардамын көрсөтүп жүрдү. Көп жаш спортчулар Канатбекти өкүл ата коюшту. Үй-бүлөсүндө жакшы, камкор ата болду. Жума сайын жумуштан бошогондо мончого чогуу барып турчу элек. Спорттон кеткенден кийин өз күчү менен бажы тармагына жумушка кирди. Акыркы сапарга узатуу зыйнатында достор болуп барып топурак салып келдик. Ал жерде анын көп жакшы сапаттары тууралуу сөз болду. Мен анын жеңиштерине өзүм жеңгендей кубанып жүрдүм. Анын адилеттүүлүгүн баалачумун. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Артында калган балдарына жараткан ден соолук, узун өмүр берсин. Канатбек кыргыз спортунун тарыхында түбөлүк калды. Шум ажал арабыздан эрте алып кеткенине ушул күнгө чейин ишене албай турам. Кудайым бейиштен орун берсин!

“ООРУСУ ТУУРАЛУУ КӨП АЙТЧУ ЭМЕС”

Канатбек Сыдыгалиевдин бир тууган агасы Таалай Сыдыгалиев иниси тууралуу буларга токтолду:

– Мен эң улуу агасымын. Мен каратэ менен машыкчумун. Канатбек 8-9-класста окуп жүргөндө каратэнин китептерин берип, аны спортко шыктандырдым. Мектепти аяктагандан кийин каратэге киргизейин дегем, бирок Кудайдын буйругу менен кикбоксинг багытында окуп калды. Үй-бүлөбүздө экөөбүз эле спортко жакын болдук. Негизи спортчулар 30 жашында спортту ташташат. Анын сыңарындай Канатбек дагы спортту таштап, башка тармакка кетти. Бирок залга барып машыгып турду. Спортчуларга убагында билинбегени менен, жүрөккө катуу күч келет. Мен өзүм да экинчи топтогу майыпмын. Канатбек эч нерсесин билгизбей жүргөн экен. Бир учурда жүрөгү кармады. Мен жардам бергенге жетишпей калдым. “Тез жардам” бардык аракетин жасаган экен. Алдыда жакшы пландары бар болчу. Кикбокс боюнча мектеп ачууну көксөп жүргөн. Тилегине жетпей калды...

“БАЛДАРЫМ МАГА КАРАГАНДА АТАСЫНА ЖАКЫН БОЛЧУ”

Маркумдун келинчеги Айдай Жусупбекова “жолдошум чынчыл болчу” дейт:

– Үй-бүлөсүнө күйүмдүү, карамдуу ата болду. Ар дайым үй-бүлөсүн биринчи орунга койчу. Үч балабыз бар. Эки эркек, бир кыз. Менин оюмча, андай ата жок болуш керек. Ар бир ата балдары анын жолун улоосун каалайт эмеспи. Ал дагы улуу балабызды каратэге берип, үч жаштагы балабызды өзү машыктырып, аларды спортчу кылам дечү. Канатбектин боорукердигине, чынчылдыгына жана ак көңүлдүгүнө чек жок эле. Кайрымдуулук менен алектенип, муктаждарга жардам берип жүрдү. Айткан сөзүн аткарчу. Бир туугандарын аябай сыйлачу. Балдарым атасын сурап жатышат. Анткени мага караганда атасына жакын болуп чоңоюшту. Канат жүрөгүм ооруйт деп көп айтчу эмес. Ошол күнү жүрөгүн кармап жатып калганынан “Тез жардам” чакырдык. Бирок алар жардам бере алышкан жок.

“БИЛИМГЕ ДИЛГИР БОЛЧУ”

Кесиптеши Сүйүнбек Калдыбаев Бажы кызматынын подполковниги, Түндүк-Чыгыш бажысынын башкы инспектору Канатбек Сыдыгалиевди төмөнкүчө эскерди:

– Мен Канатбекти 2011-жылдан бери кесиптеш катары тааныйм. Ага чейин спортчу катары таанычумун. Абдан жөнөкөй жигит эле. Акыркы 8 айда экөөбүз бир нөөмөттө иштеп калдык. Мен чемпионмун деп бир боюн көтөргөнүн көргөн жокмун, иште катардагы эле кызматкер болчу. Көчөдө да, иште да бир мүнөз эле. Билимге дилгир болчу. Ар дайым билимин жогорулатууга аракет кылчу. Спорттон бир аз алыстап кетсе да, ал чөйрөдө жүргөн балдарга жардам көрсөтүп жүргөнүн айтып калчу. Биздин көп кесиптештерибиз андан үлгү алчу. Акыркы күндөрү бир-эки жолу “жүрөгүм ооруп жатат” дегенинен “койчу, сен азыр жашсың, оорудум деп айтпа” дегем. Албетте, өтө өкүнүчтүү иш болду. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Канатбек менен кесиптеш болгонума сыймыктанам.

"

Супер-Инфо" гезитинин жалпы жамааты Канатбек Сыдыгалиевдин

жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Taalaibek.
2022-02-22 22:55:44
Окунучтуу эн чон спортсмен экен. Кыргызстанды чет элге дунгуроткон эр азамат экен. Ыйладым.Канатбектин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Аллахым жаннаттан жай берсин жана бейиштен орун алсын.
+2
№ 1002, 18-24-Февраль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан