21-февралда Орусия президенти Владимир Путин Орусия Донецк жана Луганск “элдик республикаларын” тааный турганын жарыялады. 24-февралда таңга жуук Орусия армиясы Донбасска бастырып кирди. Орусия бийлиги муну “атайын аскердик операция” деп жарыялап, эл аралык коомчулукту “согуш” деп атабоого чакырды. Владимир Путин Донбасска аскердик күчтөрдүн киришине Орусия көз карандысыз деп тааныган “Донецк элдик республикасынын” жана “Луганск элдик республикасынын” жетекчилигинин аскердик жардам сурап кайрылуусу негиз болду деп билдирди. Атайын операциянын максаты – аталган аймакта жашаган элди коргоо деди Орусия лидери. Украина тарап, тагыраагы Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба “Орусия Украинага толук кандуу басып кирүүнү баштады” деп айтып чыкты.
ЗЕЛЕНСКИЙ ЖАНА ӨНӨКТӨШТӨРҮ
Украина президенти Владимир Зеленский өз элине кайрылуу жасап, ызы-чууга алдырбоого жана Украинанын куралдуу күчтөрүн колдоого мүмкүн болгон аракеттин баарын көрүүгө чакырды. Ошондой эле АКШ президенти Жо Байден жана Европа союзундагы өлкөлөрдүн лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, Түркиядан жардам сураганын
жарыялады. Ал Путинге каршы коалиция түзүлүп жатканын белгилейт. "Токтоосуз санкциялар киргизилип, каржылык жана коргоо жаатында колдоо болот. Аба мейкиндигин жапкыла. Дүйнө Орусияны тынчтыкка мажбурлашы керек",- деди Украина президенти. Украинада аскердик абал жарыяланды.
ОРУСИЯНЫН 3 ШАРТЫ
Орусия-Украина кризисин жөнгө салууда президент Владимир Путин 3 шартты атады.
Биринчиси – Севастополь жана Крымда жашаган элдин эркин таануу керек. Ал жердеги чечимдер парламентте, референдумда кабыл алынган. Эч ким жарандарды мылтык кезеп шайлоого айдап барган эмес.
Экинчиси – Украина НАТОго кабыл алынбашы керек. Анткени бул бизге коркунуч жаратат.
Үчүнчүсү – Донбасс көйгөйүн тынчтык жолу менен жана Минск келишимдерине таянып чечүү керек. Бүгүнкү Украинаны согушка даярдык көрүүдөн баш тарттыруу.
Айта кетсек, НАТОго Украинаны кошуу маселеси 2021-жылы көтөрүлгөн. Буга кескин каршы чыкан Орусия Украина чек арасына 100 миңдей аскерин алпарып жайгаштырган. АКШ жана Батыш өлкөлөрү Орусияны "чабуул жасоого даярданып жатат" деп айыптап келген.
БАТЫШ ЛИДЕРЛЕРИ ЭМНЕ ДЕШҮҮДӨ?
АКШ президенти Жо Байден: “Чоң жетиликтеги өлкөлөрдүн лидерлери менен жолугушам. АКШ өз союздаштары жана өнөктөштөрү менен Орусияга катаал санкцияларды киргизет”.
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон: “Мындан аркы кадамдарды талкуулоо үчүн президент Зеленский менен сүйлөштүм. Президент Путин кандуу жолду тандап алды, Улуу Британия жана биздин союздаштар чечкиндүү жооп кайтарат”.
Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен: “Украинадагы аскердик операциясы үчүн Орусия жоопкерчиликке тартылат”.
ТИМ: УКРАИНАДАГЫ КЫРГЫЗДАР ЭТИЯТ БОЛУШУ КЕРЕК
Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги 24-февралда Украинада жашаган Кыргыз жарандарын этият болууга, өлкөдөн чыкпай турууга чакырган билдирүү жасады. "Элчилик Украинанын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары менен такай бай ланышта болуп жатат. Тийиштүү түшүндүрмөлөр берилди. Дипломатиялык өкүлчүлүк штаттык режимде иштеп жатат",- деп айтылат маалыматта.
КЫРГЫЗСТАНГА КАНДАЙ ТААСИРИ ТИЕТ?
Парламент депутаты, Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрагасы Медер Алиев 24-февралда парламентте билдирүү жасап Орусия-Украина кризисинде Кыргызстан кандай позицияны карманышы керектигин билдирди.
– Бүгүнкү күндө түшүнгөн адамга дүйнө оор акыбалда турат. Үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кетүү коркунучу болуп көрбөгөндөй күч алууда. Мындан 50-60 жыл мурун Кубада Кариб кризисинде СССР менен АКШнын кармашы болгон. Азыркы учурда дагы дал ошондой жагдай кайталанып жаткандай. Мындай жагдайда биздин мамлекет биринчи кезекте өзүнүн улуттук кызыкчылыгын, дүйнөлүк ченемдик актылар, дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылган принциптерди эске алуу менен өзүнүн күнүмдүк жай баракат турмушун уланта бериши керек,- деди Алиев.
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул Орусия-Украина кризисинин таасири мигранттарга тие турганын белгилейт:
– Согуштук абал, албетте, согушкан тараптардын экономикасына терс таасирин берет. Бирок, дүйнө саясатында, эл аралык мамилелерде кансыз согуш, экономикалык, маалыматтык согуш болуп эле келе жатат. Орусия-Украина кризиси сөзсүз түрдө КМШ өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга да таасири тиери анык. Орусияны айрым өлкөлөр агрессор катары карап жатышат. Батыш санкцияларды киргизип, Орусия экономикасын алсыздандырууга өттү. Аны Кыргызстан да, Орусиядагы биздин мигранттар да сезет. Тагыраагы, Орусия алсыраса биз дагы кыйналабыз. Бул жагдайда Кыргызстандын позициясы нейтралдуу болушу керек. Орток пикирди карманганыбыз жакшы.
24-ФЕВРАЛГА КАРАТА НЕГИЗГИ МААЛЫМАТТАР
Лунара Бекиева