Бишкектин вице-мэри Азат Узаков коррупциялык иштерге шектелип кармалып, 2 айга камакка алынды.
Билим берүү министрлиги: Окуучулардын тамактануусуна бөлүнчү каражатты көбөйтүү пландалууда.
Жалал-Абадда ПЦР-анализдин жыйынтыгын жасалмалап жүргөн лаборатория аныкталганы маалымдалды.
Кыргызстан минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБден башка өлкөлөргө экспорттоого тыюу салды.
Көк-Арт ашуусунда өткөн жумада кар көчкү басып калган жарандар табыла элек.
Бишкектин мэри: “Окуучуларга жол кирени арзандатуу сунушун Бишкек шаардык кеңешине 1-2 айда киргизебиз”.
Той-аштардагы ысырапкорчулукту жоюуга багытталган мыйзам долбоору боюнча 28-февралда парламенттик угуу өтөрү маалымдалды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-февралда иш сапары менен Нур-Султан шаарына кетти.
Белгилүү журналист Абдывахаб Мониев каза болду.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев отставкага кетти.
Депутат Нуржигит Кадырбеков жаз айларында Кыргызстанда бак отургузуу ишин активдүү жүргүзүүнү сунуштады.
Министрлер кабинети: Пандемияга байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал режими күчүндө.
2021-жылы 577 этникалык кыргыз “кайрылман” статусун алган.
Парламенттеги “Ишеним”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ынтымак” фракциялары акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин көрсөттү.
2021-жылы өлкөдө 10151 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганы маалымдалды.
Кыргыздын Германиядагы элчиси болуп дайындалган Өмүрбек Текебаевди тарапташтары, депутаттар жана коомчулук аталган өлкөгө салтанаттуу түрдө узатышты.
Мугалимдерди мазактагандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору сунушталды.
Бишкекте ишкерди "Ош базардагы" ордуңду бер" деп коркутуп, сабоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 21-февралда УКМК тарабынан кармалды.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.