КЫРГЫЗСТАН ОҢ РУЛДУУ УНААЛАРГА ЭШИК АЧАБЫ?

Кыргыз өлкөсү Япониядан чыгарылган автоунааларга кайрадан эшик ачышы мүмкүн. 2015-жылы киргизилген чектөөнү алып салууну Жогорку Кеңештин депутаты демилгелеп чыкты. Демилге талаш пикир жаратууда.

БУТАГА АЙЛАНГАН ОҢ РУЛ...

Оң рулдуу автоунаалар Кыргыз жеринде 15 жылдан бери талаштуу маселе. Адегенде андай унааларды киргизүүгө жана каттоого 2010-жылдан тарта тыюу салууну көздөгөн мыйзам 2007-жылы кабыл алынып, бирок өлкөдөгү нааразылыктардан улам ал кездеги президент Курманбек Бакиев 2010-жылга жетпей мыйзамды жокко чыгарган. Ал кезде өлкөдө андай унаалардын саны 10 миңдин тегерегинде гана болчу. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына таянсак, учурда алардын саны 200 миңден ашат. 2015-жылы оң рулдууларды киргизүүгө кайрадан тыюу салынып, мыйзам 4-июнда күчүнө кирген. Чектөөгө 3 күн калганда өлкөдө 800дөн ашык автоунаа шашылыш тартипте каттоого алынганы белгилүү. Оң рулдуу унаалар боюнча талаш муну менен эле бүтпөйт. 2016-жылы андай унааларды такси катары колдонууга тыюу салган мыйзам кабыл алынып, бирок элдин катуу каршылыгынан улам мыйзамды күчүнө киргизүү мөөнөтү улам артка жылдырылып келе жатат. Бул чектөөлөрдүн баарында “оң рулдуу унаалар коопсуздук талаптарына жооп бербейт”, “Кыргызстандын жолдоруна ылайыктуу эмес” деген жооп башкы аргумент катары айтылып келет.

ЯПОНИЯ УНААЛАРЫН 1 ШАРТ МЕНЕН КИРГИЗҮҮ СУНУШТАЛУУДА...

Жакында оң рулдуу унааларды алып кирүүгө уруксат берүүчү мыйзамдын долбоору даярдалып, 15-февралда коомдук талкууга илинди. Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев. Депутат Японияда чыгарылган автоунаалардын сапатына басым жасоодо.

– Өлкөгө мурда алынып келинген жана учурда пайдаланылып жаткан, рулу оң тарабында жайгашкан автоунаалардын көпчүлүгү мыкты техникалык мүнөздөмөгө ээ. Анткени алар негизинен сапат жана ыңгайлуулукту биринчи орунга койгон Япониядан келет. Биздин ички рынокко башка өлкөлөрдөн ташылып келип жаткан сол рулдуу автоунааларга караганда алар чыгарылган жылы жана башка техникалык көрсөткүчтөрү боюнча бир кыйла жакшы, пайдалуу абалда турушат,- деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.

Депутат Маматалиев өлкөгө оң рулдуу унаалар киргизилип баштаса жарандардын автопаркы жаңыланат, элге техникалык жактан сапаттуу унаа алууга шарт түзүлөт, экологияны булгоо азаят, бюджетке каражат түшөт деп жатат. Коомдук талкуудан кийин парламентте каралып, добушка коюлат. Мыйзам кабыл алынып калса оң рулдуу унаалар өлкөгө бир шарт менен киргизилип баштайт. Андай унаалар милдеттүү түрдө озуп өтүү камерасы (монитор) менен жабдылууга тийиш.

Буга чейин депутат Чолпон Султанбекова дагы оң рулдуу унааларды алып кирүүгө уруксат берүү керектигин айтып чыккан эле. Ал жол кырсыктарынын көбөйүшү унаалардын рулунун кайсы тарапта жайгашканынан эмес, айдоочудан көз каранды экенин билдирген. Тагыраагы, Султанбекова күнөөнү айдоочудан жана айдоочулук күбөлүк берген органдан издөө керек деген пикирде. Айтымында, өлкөдө автокырсыктардын 60 пайызы айдоочунун жол эрежесин билбегенинен келип чыгууда.

КОЛ ТОПТОП БАШТАШТЫ

21-февралда Бишкекте өлкөгө унаалардын сөз болуп жаткан түрүн киргизүү аракетин колдогон 200дөй жаран топтолуп, демилгени сүрөп кол топтоого киришти. Жарандык активист, блогер Эртай Искаков чектөө киргизилген 2015-жылдан бери Кыргызстанда жол кырсыктары азайганы байкалган жок дейт. Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы келтирип жаткан аргументтерге макул эмес. Буга ал автоунааларды эмес, айдоочулук күбөлүктөр сатылып келген системди, жол эрежесин билбей туруп рулга отурган айдоочуларды күнөөлөдү.

МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ КАРШЫ

15-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз жерине оң рулдуу унааларды киргизүүгө кескин түрдө каршы экенин билдирди. "Эгер уруксат берсек, Орусия менен Казакстандагы эски унаалардын баары бизге толуп калат",- деди Жапаров. Министрлер кабинети кыймылдаткычынын кубаттуулугу чоң унааларга салык салуу механизми кириши мүмкүн экенин эскертип өттү. ИИМдин алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы да оң рулдуу унааларды киргизүүгө уруксат берилбеши керек деген позицияда. "Оң рулдуу унаалар көп учурда жол кырсыктарына себепчи болууда" деп жатат мекеме. Азырынча оң рулдуу унааларга байланышкан талашта бийлик бутактарында орток пикир жок. Депутаттардын сунушу колдоо табабы, жокпу мыйзам долбоору парламентте карала баштаганда билинет. Коомчулуктун пикири дагы эки ача: колдогондор жана каршылар.

УНАА АРЗАНДАЙБЫ?

Оң рулдуу унааларды киргизүүгө уруксат берилсе Кыргызстандын рыногунда автоунаанын баасы арзандайбы? Эксперттер баа арзандашы кыйын, арзандаса да кескин түрдө болбойт деген пикирди айтышууда. Экономист Расул Түлеев мындай дейт:

– Бул жерде кеп автоунаанын оң же сол рулдуусунда эмес. Негизги маселе ЕАЭБдин эрежелеринде жана бажы саясатында болуп жатат. Андай унааларга уруксат берилген күндө да бүгүн "растаможка" кымбат. Ошондуктан машинанын баасы кескин түрдө арзандайт деп айтуу кыйын. Суроо-талапка караганда сунуш көбүрөөк болгондуктан баа бир аз төмөндөйт. Бажы саясаты өзгөрүлбөсө көп деле айырмасы жок. Бирок Япониянын автоунаалары сапаты жана баасы боюнча жакшыраак. Коопсуздук деп каршы чыгып жаткан ИИМдин позициясы да түшүнүктүү. Оң рулдуу унаалар чындыгында кооптуу, анткени биздеги жол жүрүү эрежелерибизге ыңгайлуу эмес. Бирок кесипкөй айдоочуга унаанын рулу кайсы тарапта экени маанилүү деле эмес. Демек, бул ИИМдин айдоочуларга айдоочулук күбөлүктөрдү кантип берип жатканынан да көз каранды маселе.

Япониядан чыгарылган унааларды киргизүү – элге көбүрөөк мүмкүнчүлүк бермек. Анткени аталган өлкөнүн унаалары жаңыраак жана сапаты жакшыраак. Азыркы учурда Кыргызстанды бүт эски унаалар каптап кетти. Орусиядан ташылып жаткан унаалардын көбүнүн кузову чирик болуп жатат, бул дагы кооптуу. Анын үстүнө биздин жарандар толтура акчасын ошол эски унааларды оңдогонго коротуп жатканы да чындык.

САЯСАТЧЫЛАР ЭМНЕ ДЕШКЕН?

“Кеп автоунаанын оң же сол рулдуусунда эмес, айдоочуларда. Биз баш болуп жарандар айдоочулук күбөлүктү сатып алышууда. Автомектептерде жарандардын фамилиялары гана окуп жатат, өздөрү башка жакта эле жүрүшөт. Ушуну токтотмоюнча баш аламандык улана берет, кырсыктар азайбайт”.

Алтынбек Сулайманов, 2016-жыл

“Убагында оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизип туура эмес кылганбыз. Бул маселеде элди күнөөлөгөнгө болбойт. Эми элге баарын ачык айтып, туура түшүндүрүү зарыл. Ошондо эл дагы андай унаалардан кутулууга аракет кылат”.

Асылбек Жээнбеков, 2016-жыл

"Кыргызстан бир стандарт менен жашаганга үйрөнүшү керек. Качанга чейин баш аламандык боло берет? Адам өмүрү баарынан кымбат, жол кырсыктарына оң рулдуу унаалар көп кабылууда. Мамлекет тартипти бекем кармоосу менен гана күчтүү".

Исмаил Исаков, 2014-жыл

СТАТИСТИКА (2021-ЖЫЛ)

Кыргызстанда катталган жалпы автоунаалардын саны –
1 миллион 078 миң 237 даана

Сол рулдуу унаалар – 889 миң 470

Оң рулдуу унаалар – 188 миң 640

2005-жылга чейин чыгарылгандар – 934 миң 649

2005-2010-жылдары чыгарылгандар – 101 миң 200

2010-2015-жылдары чыгарылгандар – 35 миң 037

2015-2020-жылдары чыгарылгандар – 7 миң 351

Автандил Добулбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1003, 25-февраль-3-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан