АКСЫ ОКУЯСЫНА 20 ЖЫЛ: МЕЗГИЛДИН ТАРАЗАСЫ БАА БЕРЕТ

17-март – эркиндик, адилеттүү бийлик жана Кыргыз жеринин бүтүндүгү үчүн түп көтөрүлгөн Аксы элинин баатырдыгы тарыхка жазылган күн. Элдин азаттыгы, намысы, каалоосу менен эсептешпей, өз билемдикке таянган Кыргыз бийлигин эл өзү ордуна коюп коё аларын көрсөткөн өлкөдөгү алгачкы ири саясий жана тарыхый окуя – Аксы окуясы. Эгемендүү Кыргызстанда орун алган революциялардын учкуну адегенде Аксыда 2002-жылы тутанган деп тарыхчылар, саясат таануучулар, саясий-коомдук ишмерлер, мезгил таразасы баа берүүдө. 20 жыл өттү, бийликтин аткан огунан каза тапкан аксылык азаматтардын үмүт-тилеги орундалдыбы? Бул суроо ар бир бийликтин тушунда ачык бойдон калып келүүдө.

Садыр Жапаров: “АКСЫЛЫКТАР ЖАЛТАНБАЙ, ТЕКЕБЕР БИЙЛИККЕ КАРШЫ ЧЫГЫШКАН”

17-мартта президент Садыр Жапаров Аксы окуясынын 20 жылдыгына карата кайрылуу жасады. Өлкө жетекчиси да бул тарыхый окуя коомдук аң-сезимдин багытын башка нукка бурганын белгилеп өттү.

– Кыргыз мамлекетинин эгемен мезгилдеги тарыхында орчундуу орунду ээлеген, коомдук аң-сезимдин багытын белгилүү нукка бурган окуялардын бири – 2002-жылдагы Аксы окуясы. Аксы районунун тургундары эл байлыгын талоонго алууга, өлкөнүн улуттук байлыгын сатууга макул болбогон азаматтарды кысымга алган текебер бийликке жалтанбастан каршы чыгышкан. Авторитардык жана коррупцияга чырмалган режимге каршы чечкиндүүлүк, каармандык менен күрөшкөн. Келечекке кайдыгер карабаган аксылыктар өз кызыкчылыгынан эл кызыкчылыгын жогору коюшкан. Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү үчүн, элдин эркиндиги үчүн өз жандарын аябаган аксылыктардын эрдигине таазим кылам!

“МЕКЕНЧИЛМИН ДЕСЕҢ, АКСЫ ОКУЯСЫН БИЛИП, АЙТА ЖҮР”

Кыргыздын Малайзиядагы элчиси, экс-депутат, Аксы окуясынын негизги каарманы Азимбек Бекназаров элге, анын ичинде жаштарга кайрылды, кыскартып беребиз:

– Үзөңгү-Кууш, Сары-Жаз, Какшаал, Хан-Теңиринин айрым тилкелери Кытайга, Каркыранын, Көк-Сайдын, Маймактын айрым тилкелери, Токмоктун тушундагы айланма жолдун 800 метри Казакстанга берилип жатканда Жогорку Кеңештин жоон топ депутаттары, анын ичинде Аксынын депутаты Азимбек Бекназаров буга каршы чыккан. Импичменттен корккон “чыккынчы” Акаевдин командасы Аксынын депутатын 2002-жылдын 2-январында камакка алат. Аксылыктар бийликке “депутатыбызды үй камагына чыгарып бергиле” деп кайрылып, Акаевдин бийлиги уккусу келген эмес.

Тескерисинче, аксылыктар күч органдары тарабынан мыйзамсыз кармалды, сабалды, шылдыңдалды, кемсинтилди. Бирок кыйналса да, кордолуп ыйласа да сынбады, сатылбады… Акырында жөө райондун борборуна тынчтык митингге бараткан эл Боспиектин тушунда ээн жерде мөндүрдөй жааган окко кабылды.

Аксылыктар бийлик менен бөтөнчө күрөшөт, бирок бийлик үчүн эмес, мекен, намыс, адилеттүүлүк үчүн күрөшөт. 20 жыл мурда шейит болгон азаматтар Кыргыз жеринин бүтүндүгү үчүн Чолпонбайдай эле курман болушкан.

Чыныгы мекенчилмин десең, ошол Кыргыз жери үчүн күрөшкө чыгып, саясий күрөштүн жаңы үлгүсүн, туу чокусун көрсөтүшүп, тарыхты өзгөрткөн аксылыктарды, Аксы окуясынын таржымалын билип, кийинки муун үчүн айта жүр!

Бишкекте өлкө жетекчилиги 7-Апрель жана Аксы окуяларынын баатырларына арналып тургузулган монументке гүлчамбар коюшту. Аксынын Боспиек айылындагы “Шейит мазарда” да эскерүү иш-чарасы өттү.

Өлкөдө 17-март Аксы окуясын эскерүү күнү катары белгиленет.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1006, 17-24-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан