ЭКИ ЖҮРӨК, БИР СҮЙҮҮ

(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)

(Башталышы өткөн сандарыбызда)

БОЙГО БҮТҮҮДӨН САКТАНУУ
Кычкыл эритмелер.
А) Бор кислотасынын эритмеси. Бир литр жылуу сууга 1 чай кашык бор кислотасы кошулуп даярдалат.
Б) Салицил кислотасынын эритмеси. 1 литр жылуу сууга 1 чай кашык салицил кислотасы кошулат.
В) Калий перманганатынын (“марганцовка”) эритмеси. 1 литр жылуу сууга 1 кичине чымчым калий перманганаты салынат.
Г) Грамицидин эритмеси. 1 литр сууга 1 грамм грамицидин салынат.
Жыныс кыны төшөк оюнунан кийин 10-15 мүнөт өтпөй жуулушу керек. Бул үчүн атайын чыгарылган Эсмарх кружкасы (дарыканаларда сатылат) колдонулат. Жогоруда аталган эритмелердин бирин Эсмарх кружкасына куюп, анан жууй берсе болот. Суу жыныс кынынын ичиндеги эркектин бел суусун агызып чыгат.
Бирок бул ыкманы дайыма эле колдоно берүүгө болбойт. Анткени аялдын жыныс кынындагы пайдалуу бактериялар жоголуп кетиши мүмкүн. Алар жоголуп кетсе, жыныс кынынын ичинде зыяндуу микробдор көбөйүп, сезгенүү жаралат. Анан дагы жогоруда айтылган эритмелерди берилген өлчөмдөн ашык колдонууга болбойт.

IV. ЛИМОНДУ КОЛДОНУУ
Лимон маңызынын эркектин урук клеткаларын шалга учуратуучу жана эритип жок кылып жиберүүчү касиети бар.
Андыктан сактанууда лимон да колдонулат. Ал үчүн бир лимонду кайнаган ысык сууга чайкап туруп, курч бычак менен жука, тегерек кылып кесүү керек. Кесилген лимондун данеги алынат. Жыныстык катнаш болордон 15-20 мүнөт мурун лимондун кесиги жыныс кынына терең салынып коюлат. Бул үчүн аял чалкасынан жатып же чокчоюп отуруп алып киргизсе болот. Төшөк катнашы бүткөндөн соң унутуп калбай лимондун кесигин алып салуу кажет. Анткени ал жыныс кынында көпкө жүрүп калса, сезгентип жиберет.

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Almaz.
2013-09-19 20:13:37
ушундай нерселерди биздин секелектерибиз жакшылап билип алса жакшы болмок
0
№ 423, 10-16-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан