Эрлан Андашев, ырчы: “ЫРЧЫЛЫКТАН АКЧА ТАБАЙЫН ДЕБЕЙМ. БУЛ ЖАН ДҮЙНӨМДҮН КААЛООСУ”

Бул ырчы мырза кичинесинен музыкалык мектепте билим алды. Кийин кафелерде ырдап, чоң сахнага аттанып, эл аралык сынактарга катышты. Бир нече жолу ырчылыкты жыйыштырууга белсенди. Бирок өнөр жолу кайра эле өзүнө тартып ала берди. 9 жылдан бери АКШда эмгектенип, ошол эле маалда кыргыз элине хит ырларды тартуулап келе жаткан мыкты аткаруучу, обончу Эрлан Андашевдин чыгармачылык жолу тууралуу кеп кылабыз.

“МЕНИ МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕП КУРЧУТТУ”

– Үйүбүз айылдан алыс сайда жайгашкандыктан, кичинекей кезде ойногонго балдар жок болчу. Бизден бир чакырымдай алыс жерде Аскар деген чабан жашачу. Ага барып атын сурап минчүмүн. Ат минген аябай жакчу. Эки жакка бастырып кыңылдап ырдаар элем. Ата-энемдин айтымында, кичинекей кезимден эле ырдаганды жакшы көрчү экенмин. Өткөндө архивден бир видео көрүп калдым. Кичинекей кезимде бир тойдо Борончу байке “Ямаха” ойноп, мен ырдаптырмын.

Жөн эле туруп алып ырдабай, аябай бийлептирмин. Ата-энем “муну музыкалык мектепке бериш керек окшойт” деп кеңешип, мени Мукаш Абраев атындагы музыкалык мектепке алып барышкан. Ибрагим Жунусовдун “Эламан” деген ырын ырдап сынактан өткөм. Ошентип музыкалык жатак мектепте окуп калдым. Башында кетем деп ыйлап ата-энемди ээрчип жүрдүм. Бирок көнүп кеттим. 2-классты бүткөндөн кийин аппендицит болуп, операция болдум да, ата-энемдин жанында айылда окуп калдым. Бул учурда мектептеги музыкалык ийримдерге, сынактарга катышып, ырдап, оюнчук пианино сатып алып ойноп жүрсөм, үйдөгүлөр мени кайра музыкалык мектепке алып келишти. 11-классты ошол жактан бүтүрдүм. Негизги багытым музыкалык аспаптарда ойноо болгондуктан, иш-чараларда ырдай берчү эмесмин. Жогорку класстарда бир концертте ырдасам агай-эжелер угуп “ой, Эрлан, сен жакшы ырдайт турбайсыңбы” деп таң калышкан. Мени Мукаш Абраев атындагы музыкалык мектеп курчутту.

“МЕН ДЭЭРЛИК КАБАКТА ИШТЕДИМ”

– 11-класс кезде бир күнү мектепте мени телефонго чакырып калды. Барсам, Марат деген дос балам экен. “Эрлан, тезинен Жалга келип, менин ордума ырдап турчу” деди. Барып кафенин администраторуна биринчи ырды ырдап баштаганда эле “болду, бул бала калсын” деди. Ошентип ошол кафеде 3 айдай ырдадым. Күнүнө башка ырларды кошуп отуруп, 60-70тей ыр жаттадым. Түнгө чейин иштеп мектепке барбай, сабактарым начарлап кеткенде кафеден кеттим. Мектепти бүткөндөн кийин Калый Молдобасанов атындагы Консерваторияга тапшырдым, музыкалык эле билимим болуп калбасын деп Курулуш, транспорт жана архитектура университетинин экономика факультетине дагы тапшырып алгам. Ал жакка 10 күн бардым. Жогорку математика деген сабактын эсептери музыкалык мектепти бүтүп барган мага өтө кыйын болду. Окуй аларыма көзүм жеткен жок, ошону менен таштап салдым. Мектепти бүткөндөн тартып эле кайрадан кафелерде ырдап баштадым. “Ала-Тоо” аянтында “Акак” деген кафеде көп убакыт иштедим. Бизди “Акактын жылдыздары” деп коюшчу. Жаштыктын сонун күндөрү ошол жакта өттү. Кийин “Байсуу” кафесине чакырып, 2 жылдай ал жакта ырдап жүрдүм. Мен дээрлик кабакта эле иштедим да. Америкага келгенде деле 3 жылдай музыкант болуп кафеде иштедим.

“САГЫНДЫРБА” ЫРЫ ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ”

– Кафеде иштеп жүргөндө Нурслан Сыдыгалиев деген байке келип “Эрлан, мен КТРКда иштейм, сага сунушум бар, ушинтип кафеде ырдай бербей, чоң сахнага чык, бир ыр жаздыр, угуп көрөлү” деди. Мага сунуш жакты, келишим түзүп экөөбүз иштешип калдык, ал менин продюсерим болуп калды. Алгач мен пианиного отуруп алып обон чыгардым. Анан ыр жазып жүргөн дос балама сөзүн жаздырдым. Акчам жете турган студияга барып аранжировкасын жасаттым. “Туулган күн” деген ырым даяр болду. Нурслан байкеге алып барсам дароо клип тартыш керек деп, клип тарттырдык. Өтө олуттуу деле караган эмесмин да. Азыр ырды угуп келатып эле өчүрөм (күлүп). Кийин ал сыяктуу бир топ ырларды жаздырдым. Ырчылык жол деле оңой эмес экен, каражат керек. Клип тарттырам деп эптеп акча чогултуп сатып алган телефонумду саткам. Нурслан байке менен иштешип жүргөндө “Чыгыш базары”, “Урал-Моңо”, “Жаңы толкун” эл аралык сынактарына катыштым. Келишимибиз бүттү, анан тапкан акчамды эле ырчылыкка жумшай бермек белем, сахнада ырдабай эле коёюнчу деп кайрадан кабакта ырдоого өттүм.

Бир күнү мени радиого эфирге чакырып калышты. Ошол жактан Айбек Акматов деген кийинки продюсерим менен тааныштым. Ал кафеде ырдап жатканымды угуп “сен ырчы болушуң керек, жардам берем” деди. Ал мага Жаңылай Кекеева деген кыздын ыр дептерин берди, мага аябай жагымдуу болду. Кафеде дептерди карап отуруп “кой, ыраазычылык катары бир ырын ырдап чыгайын” деп, “Сүйүп калдым, кантейин?” деген ырды обонго сала баштадым. Байкасам, кайырмасы жок, анан темасын кайталап ырдап кайырма кылып койдум. Ырга аранжировка жаздырып жатсам Султан Садыралиев келип калды. Угуп “бул ырың хит экен” деп чыгып кетти. Ырды радио албай койгондо барып “мен тоодон келип ырдап жатсам бир жөн, ушунча жыл билим алсам ырымды койбойм дегениңер кандай?” дедим. Ошентип ыр радиодон кете баштады. Телефондорго Мирбек Атабековдун ыры деп тарап кетти. Эл менин ырым экенин акырындык менен билди. Анын артынан “Кайгырба”, “Жалгыздык” деген ырлар жазылды. “Сагындырбаны” көптөн бери пландап жүргөм. Ошол ыр көп нерсени чечип кетти. Элге кеңири тарады. Америкадагы жердештер дагы “Сагындырбаны” көп угушчу экен. 2012-жылы мекендештер чакырып, Америкага келдим, эки жакты көрдүм, мага жакты. Кыргызстанга барып үй-бүлөмдү алып, кайра келдим. Бул жакка келгенибизге быйыл 9 жыл болду. Жолдо трак айдап жүрүп обондор чыгып жатат го деп калышат. Түпкүрүңдө болбосо эмне кылсаң дагы чыкпайт да.

“ШАШПАЙ ЭЛЕ КЫРГЫЗСТАНГА БАРГАНДА ЫРДАЙМ ДЕП ЖҮРГӨМ”

– Ырчылыкты таштап, мындай эле жумушта иштеп оокат кылам дегем. Бирок өнөр коё бербейт экен. Бир нерсени көрсөм эле обон менен сүрөттөп баштайм. Мындайча айтканда, жашоону обон менен сүрөттөө мага жеңил. Ошентип жүрүп улам обондор чыга берди, диктофонго жаздырып коюп жаттым. Кийин шашпай эле Кыргызстанга барганда ырдайм деп жүргөм. Кудайдын буйругу экен, бир жолу Эрмек Нурбаев менен Мирбек Атабековго жолугуп калдым. Алар “азыр Ютуб, Инстаграм деген заман болуп калды. Кыргызстанга барууну күтпөй эле, бул жактан ырдай берсең болот” деп калышты. Курал Чокоев дагы жакшы кеңешин берди. Ырларымды угуп көрүп “бул ырларды чыгарбай кантип сактап жүрөсүң?” дешти. Эрмек “Автокараокеге тартайын” деди, мейли деп тартылдым. Андан улам мени Инстаграмдан издеп “ырларды күтөбүз, чыгармачылыкты улант” деп жазгандар көп болду. Ошолор түрткү болуп 2018-жылдын аягында “Таарынба” деген ыр жаздырдым, аны улай Ирина Шотт экөөбүздүн “Жаным, жаным” аттуу дуэтибиз жакшы чыкты. Андан кийин чыккан ырлар дагы элге жугумдуу болду. Чыккан ырдын көрүүсү миллиондон ашса кийинки ырды чыгарам дегем. Ошентип, ырларды бат-баттан чыгарганга аракет кылып жатам. Элге тартуулана элек 50гө жакын ырым бар. Кудайга шүгүр, чыгармачылык эргүүгө баймын. Кээде “кой, көп болуп кетти” деп өзүмдүң тыйып жатам. Даяр ыр көп болсо кайсынысын чыгарарыңды билбей калат экенсиң. Ырчыларга дагы обондорду берип калам.

“СЫЙЛЫК АЛА КАЛАЙЫН ДЕП ДЕЛЕ ОЙЛОНБОЙМ”

– Эч убакта өзүмдү атактуумун, жылдызмын деген жокмун. Азыр деле жөнөкөй эле жумушта иштеп жүрөм. Ырчылыктан акча табайын деле дебейм. Бул нерсе эң биринчиден жан дүйнөмдүн каалоосу. “Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белгисин берип жиберишиптир, ага ыраазы болдум, негизи күткөн деле эмесмин. Өзүм сыйлык ала калайын деп деле ойлонбойм. Андан эч нерсе деле өзгөрбөйт да. Мага көптөн бери эле “концертиңди өткөрөлү” деп уюштуруучулар чалып жүрүшөт. Бул жылы “Кремлди алып коёлу, келип кетиңиз” дегендер да болду. Мен концертти шашпай эле берем деп келе жатам. Буюрса, быйыл күзүндө Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Москвада концерт берейин деп жатам.

Алмагүл Ишенбаева, мугалими: “КАЙДА БОЛБОСУН МЕНИН ОКУУЧУМ ДЕП МАКТАНЫП ЖҮРӨМ”

– Мукаш Абраев атындагы жатак мектепке балдар кичинесинен келгендиктен өз балдарыбыздай эле болуп калат. Эрлан менен чогуу окууга 60 бала келген, улам кетип отуруп 22 окуучу бүттү. Көбү чет өлкөдө, ар кайсы жакта музыкант болуп эмгектенип жатышат. Эрлан арык, кичирээк бала эле. Таланттуу болчу, сабактарын дагы жакшы окучу, тартиптүү, мугалимдердин сүйүктүү окуучусу болчу. Эрлан баян бөлүмүн бүтүргөндүктөн, көбүнчө инструменттерди ойноо менен алек болуп калды. Жогорку класстарында мектептеги иш-чараларда ырдай баштады. Үнү ошондо эле жакшы болчу, азыр ого бетер калыптанып калды. Келинчеги Перизат жакшы комузчу, экөө мектепте жакын мамиледе жүрүшчү. Баш кошуп бактылуу жашап жатышканына сүйүнүп калам. Азыр той-топурбу, кинолордун саундтрегиби, кайда болбосун Эрландын ырлары чыгып жатпайбы, уккан сайын жанымда отургандарга “менин балам болчу, 1-класстан менин колумда тарбияланды. Өзү обон жазып, обончу боло баштады” деп мактанып, сыймыктанып бүтпөйм.

Эрлан мамлекеттик сынак күнү ооруп калып, сынакка келе албай калган. Баарыбыз чырылдап эле жакшы окуганын айтсак, комиссия түшүнүү менен кабыл алып, башка күнү келип Эрландан сынак алганы эсимде.

Айбек Акматов, продюсери: “МУНУҢДАН ЭЧ НЕРСЕ ЧЫКПАЙТ ДЕГЕНДЕР БОЛГОН”

– Мурун эле Эрландын талантын, аткаруучулук чеберчилигин баалачумун. Чет элдик же кыргыздын ыры болобу, кооздоп мыкты ырдай алчу. Ал учурда анын обон чыгарарын билчү эмесмин. Биз таанышканда ал продюсери менен иштешпей калган экен. Экөөбүздүн алгачкы долбоорубуз – Coca-Cola`нын Кыргызстандагы жарнамаларынын ырларын Эрлан ырдады. Ошондо тапкан акчабызга “Сүйүп калдым, кантейин?” деген ырын жаздырдык. Ошону менен иштешип кеттик. Ал кезде мен деле 20-21 жашта эле болчумун. “Мунуңдан эч нерсе чыкпайт” дегендер көп болгон. Азыр Эрландын аты чыгып, ырлары угулуп жатканын менин жеңишим деп билем. Ошол кезде бизге ишенбегендерге Эрлан ким экенин эмгеги менен далилдеп койду. Үйлөнгөндөн кийин ал Америкага кетти, кызматташуубуз токтоду. Бирок ортодогу байланышыбыз таптакыр үзүлүп калган жок. Мен 6 жылдан бери Түркиядамын. Азыр анын чыгармачылыгына тиешем жок болсо дагы дайыма карап, ойлорумду айтып турам. Кыргызстанга барганда тойлордон, караокелерден Эрландын ырларын угуп аябай кубанам. АКШда мигрант болуп жүргөнүнө карабай чыгармачылыгын мыкты деңгээлде алып баратат. Анын обондорунан ар ким өзүнүн жан дүйнөсүнүн бир бөлүгүн табат. Анын мыкты аткаруучу экенин көпчүлүк байкай бербейт, бирде мукактанып, бирде фольклордук үнгө салып ырды угуучуга жеткире алат.

Азамат Термечиков, досу: “ЭРЛАН ЖҮРӨККӨ ЖЕТКИРЕ ЫРДАЙТ”

– Эрлан экөөбүз 1995-жылдан бери доспуз. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык жатак мектепте чогуу окуп, бир бөлмөдө жашачубуз. Эрлан баян, аккордеон, мен үйлөмө аспаптар жагында окучумун. Чогуу фортепианодон сабак алчубуз. Өтө аракетчил, көздөгөнүнө жетүүгө аракет кылат. Ич-күйдүлүк кылбайт. Мисалы, мектепте бирөө сынакка даярданып жатса ага жардамдашчу. Таланттуу бала, үнү, ритми жакшы. Музыкалык жөндөм мунун дээринде бар. Сольфеджио деген сабактан жат жазуу жазчубуз. Мугалим бир чыгарманы пианинодо ойнойт, биз нота дептерге скрипкалык ачкычын жазып, тоналдуулугун аныктап түшүрчүбүз. Бул оңой эмес, бирок Эрлан биринчилерден болуп жазып бүтүп чыгып кетчү. Жакшы окучу, бир нече сынактардын лауреаты болгон.

Экөөбүз кийин кафелерде да чогуу ырдап калдык. Ар тараптуу ырларды ырдачу, репертуарында ар кандай жанрдагы, орусча, кыргызча, англисче ырлар бар болчу. Эрлан бир ырдап барып кеткен ресторандын жетекчилиги аны кайра сөзсүз чакырчу.

Америкадан түпкүрдөгү таланты ачылып, жылдызы ичинен жанды деп ойлойм. Мурун унаада чет элдик ырларды көп уксам, азыр Эрландын ырларын күндө угам. Музыкада жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетиш керек деген нерсе бар. Эрлан ырды жүрөккө жеткире ырдай алат. Кээ бирөө үстүртөн эле ырдап коёт, Эрлан жүрөгү менен берилип ырдайт. Ошон үчүн эл жакшы угуп жатат. Анын досу эле эмес, күйөрманы дагымын.

Омар, ырчы: “АДАМДЫ ТАРТЫП ТУРГАН ЖӨНӨКӨЙЛҮК САПАТЫ БАР”

– Бизди продюсерибиз Нурслан Сыдыгалиев тааныштырган. Эрлан анын экинчи ырчы баласы болуп келген. Билишимче, экөө жердеш болуш керек эле. Экөөбүз тең кафеде ырдап жүргөн балдарданбыз. Эрлан менен мамилебиз жакшы, жаштыктын жакшы күндөрүн өткөрдүк. Айрымдар Эрланды той ырларын жакшы жазат, ошол форматтагы ырчы деп ойлошот. Аларга “Эрлан фирмач ырчы, чыныгы талант. Консерваторияда окуган, музыкалык жогорку билими бар, жакшы пианист” деп айтып калам. Анын адамды тартып турган жөнөкөйлүк сапаты бар, өтө адамгерчиликтүү жигит.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1006, 17-24-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан