Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «МЕН КЫЗЫМДЫН ТАЛАНТЫНА ИШЕНЕМ»

Бул жолу Нооруз майрамы күнү Айчүрөк Иманалиева жана сахнага кадам таштап жаткан анын кызы Аэлита башкы бетти кооздошту. Экөөнүн ортосундагы эне-кыз мамилеси, үйдөгү атмосфера, чыгармачылыктагы ийгиликтер тууралуу кеп кылдык.

– Саламатсыздар, Айчүрөк эже жана Аэлита? Экөөңүздөр бирге биринчи жолу интервью берип жатсаңыздар керек?..

Айчүрөк Иманалиева: – Саламатсыңарбы? Ооба, экөөбүз чогуу биринчи жолу интервью берип жатабыз.

– Анда кызыңызды сиздин көзүңүз менен таанысак?

Айчүрөк Иманалиева: – Аэлита 16 жашта, 12-январда туулган күнүмдө өзүмө белек кылып төрөп алгам (күлүп). Пётр Шубин атындагы музыкалык окуу жайында фортепиано классында окуп бүттү. Борбор шаарыбыздын №6 мектебинде 10-классты быйыл бүтүп жатат. Таланттуу, ар тараптуу кыз. Эки мектепти тең алып кетүү оор болду, Аэлита мага өзү деле кошулат болуш керек, аябай чарчап калчу. Эртең менен кетип, кечке чейин мектепте. Ойноп, башка балдардай каалаган жагына барган жок. Кээде боорум ооруп кетчү. 5-классында кызым “чарчадым” деп аябай ыйлады. “Кызым, жолдун ортосуна келдиң. Кайра кайтып кетпей аягына чейин жетсең, кийин мага рахмат айтасың” дедим. Өзү да мени тартып өжөр кыз болгондуктан, чымырканып эки мектебин тең жакшы алып кетти. Кыз кишинин билимдүү болгону жакшы эмеспи, мындан ары да жакшы билим алышына жардам беребиз.

– Аэлита, ырчы болууну өзүң каалайсыңбы?

Аэлита: – Саламатсыз, ооба, ырчы болууну каалайм. Балким, мен төрөлгөндөн эле ырчы болууга даярданып төрөлгөнмүнбү же кийин акылыма келдиби, билбейм. Бирок өзүмдү элестете алгандан бери менин ордум сахнада экенин сезем. Апам менен жүрүп кичинемден сахнанын жашоосун көрүп чоңойдум. Бул нерсе мага аябай жагат, башка кесипте өзүмдү элестете албайм.

Айчүрөк Иманалиева: – Өзүм кичине кезимден баштап чыгармачылык жолго түштүм, өзүмдүн киндигимди өзүм кесип, ушуга чейин жеткен ийгиликтериме өз эмгегим, маңдай терим менен жеттим. Ушул тараптан алып караганда, кызыма бир аз жеңил болот деп ойлойм. Анткени кызыма өзүм продюсерлик кылам, жол көрсөтөм. “Тоок сойсо да касапчы сойсун” дешет го, анын сыңарындай кызым алгач музыкалык билим алсын дедим, талантын таптап, билимин берип эл алдына чыгарып жатам. Аэлита экөөбүздүн максатыбыз – Кыргызстан менен эле чектелбей, чет өлкөдөгү сынактарга катышуу. Кыргыз элинин желегин эми кызым желбиретет деп тилек кылып жатам. Кызым чыкканда мен эле эмес, эл дагы сүйүнүп жатат.

– Адатта атактуулар “мен артист болдум, бул түйшүктүү жол, кызым, мындан башка жол танда” дешет эмеспи. Сизде андай ой болгон жокпу?

Айчүрөк Иманалиева: – Жок, менде андай болгон жок. Анткени мен кызымдын өжөрлүгүнө, талантына, бул жолду татыктуу басып өтөрүнө ишенем.

– Аэлита, сен кимге окшошсуң?

Аэлита: – Мен атама да, апама да окшошмун, апамдын өжөрлүгүн, анан бир ишти аягына чыкмайынча тыным албаган сапатын алган окшойм. Экөөбүздүн сүйлөө манерабызды да окшоштурушат. Атама болсо жумшактыгым окшош болуш керек. Кичинемде атама окшошмун деп ойлочумун, “Аэлита апасынын жаш кезине аябай окшош” деп көп айтышат. Ошол үчүн экөөнө тең окшошмун деп ойлойм.

– Вокалдан кимден сабак алдың?

Аэлита: – Апамдан.

– Айчүрөк эже, уулдарыңызды да ырчы кылам деп аракет кылдыңызбы? Улуу балаңыз Арген кичинесинде ырдап жүрчү эле?

Айчүрөк Иманалиева: – Улуу баламдын абсолюттук слуху бар. Мисалы, студияда бир ырды даярдыксыз ырдап туруп чыгып кетет. Арген кийин ырдаганды таштап койду, негизи баланы деле зордоп ырдата албайсың. Кийинки уулум Арлен мамлекеттик кызматта иштеп жүрөт. Эне балдары кандай кесипти тандаса да бактылуу болушун каалайт экен.

– Аэлита кичинесинде кандай эле?

Айчүрөк Иманалиева: – Аябай тыкылдаган тың кыз болчу, азыр бир аз токтолуп калды. Китеп көп окуйт, жаш кыздардай болуп интернет дүйнөсүнө кызыкпайт. Социалдык тармактарда деле көп отура бербейт. Психологияга кызыгып жүрөт, иши кылып мен кызым менен сыймыктанам.

– Аэлита, сен апаң тууралуу айтып берчи, үйдө кандай апа?

Аэлита: – Апам үйдө жумшак, мээримдүү апа. “Муну жасап койбойсуңбу?” дегендей бийик тон менен эч качан бирөөбүзгө да сүйлөп көргөн эмес. Ошол үчүн биз эркин чоңойдук. Ырчы болгону менен, апам үйдө көбүрөөк болуп бизге көңүл бурду. Бир жакка барыш керек болсо өзү менен кошо бизди кичине кезибизде ала кетчү, такыр жалгыз таштачу эмес. Дайыма сонун тамак жасап, бизди күтүп алат. Апамдын баарына жетишкен мүнөзүнө суктанып, бир чети таң калып кетем. Аял ырчылык карьерасын жасап, балдарын жакшы тарбиялап, күйөөсүнө да көңүл буруп үлгүрүшү өтө чоң эмгек деп ойлойм. Азыр сахнага чыгып, өзүм да ырчы болуу өтө чоң эмгекти талап кыларын билип калдым, үй, балдар, тиричилик да ошончо күчтү алат. Апам мен үчүн супер аял.

– Кайсы тамакты апаң аябай даамдуу жасайт?

Аэлита: – Бардык тамактарды жакшы жасайт, бирок голубцы жасаганы аябай жагат.

Айчүрөк Иманалиева: – Күйөөм, балдарым үйгө аябай шашып турушат. Ошо тамакты жакшы жасаганымдан окшойт (күлүп). Аял киши үйдө ыңгайлуулук жаратып турушу керек деп ойлойм. Аябай чарчайм, бирок балдарым үчүн кылыш керек да.

– Үйдө чыр-чатактар кантип чечилет?

Аэлита: – Көп учурда уруш-талаш деле болбойт. Болуп калса апам ошол учурда эч кимди жактабай нейтралдык зонада турат. Баарыбыз тынч алып отуруп калгандан кийин акырын айтып абалды өзгөрткөнгө аракет кылат. Маселени эмоциясыз, чыр-чатаксыз чечкенге аракет кылат. Ата-энем да аябай жумшак адамдар.

– Аэлита, эрке кызсыңбы?

Аэлита: – Ооба, эрке элемин (күлүп).

Айчүрөк Иманалиева: – Үйдө жалгыз кыз болгон үчүн атасы экөөбүз тең көзүн карайбыз. Бирок чектен чыгып “тиги жакка барам, бул жакка барам, мага кымбат кийим керек” дебейт. Акча кантип табыларын билет. Жылдыз белгиси текечер болгондуктан көп учурда үйдө болгонду жакшы көрөт, сыртка деле көп чыкпайт. Моюнума алам, улуу баламды бир аз чалчактатып эрке чоңойтуп койдум, бирок Арлен менен Аэлита барды бардай, жокту жоктой эле кабыл алып чоңоюшту.

– Байкелериң менен мамилеңер кандай, Аэлита?

Аэлита: – Байкелерим мени коргоп, жумшак мамиле кылышат. Бизде эркиндик көбүрөөк. Байкелерим мага дос, сырдаш да боло алышат. Бул улуу, мен кичүү дегендей деле чек жок.

– Маегиңиздерге рахмат, кызыңызга ийгилик, сизге ден соолук каалайбыз.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1007, 25-31-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан