Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “АТАМ ТУТКУНДА КАЛГАНДА КУДАЙГА ЖАЛЫНГАМ”

Маңдайымда сүйлөө манерасы сыпайы, жумшак мүнөз адам отурду. Каарманым – Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев. Ал балалыгы тууралуу “чиновниктин баласы болсом да чиновниктин балдарындай эрке-талтаң өскөн жокмун, окуу контрагымды өзүм төлөп, поп-корн саткан күндөрүм да болгон” дейт.

– Саламатсызбы, Марлен мырза? Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында депутат, 7-чакырылышта өз партияңыз менен фракция лидери катары келдиңиз, парламентте кандай мыйзамдарды сунуштап, кандай элге керектүү маселелерди көтөрүп жатасыз?

– Саламатчылык. 6-чакырылышта аз гана иштесем да 17 мыйзам жазып сунуштоого жетиштим. Ал эми 7-чакырылышта чоң фракцияны жетелеп, парламентке келдик. Ачыгын айтыш керек, 7-чакырылышта жаштар келди, муун алмашты, жаңы болгондуктан азыр баарыбыз ынтымакта, биригип иштей албай жатабыз. Бирок убакыттын өтүшү менен ынтымакта, биргелешип иштешип калабыз деген ойдомун. Мен кандай мыйзам сунуштабайын аягына чыгарганга аракет кылам. Мүнөзүм ошондой. 6-чакырылышта туристтик департамент ачууну сунуштагам, андай бөлүм азыр иштеп жатат. Мамлекеттик ипотека берүүдө ислам принциптеринин негизинде каржылоо болсун деген сунушум да жактырылып, ал да ишке ашканы турат. Педофилдерге карата жаза мөөнөтү бизде 15 жыл экен, биз андайлар 25 жылга чейин соттолсун деген мыйзам даярдап жатабыз. Анын ичинде кылмышкер абактан чыгарына 5 жыл калганда химиялык же хирургиялык жол менен бычуу сыяктуу чаралар болсун деген да сунуштар бар. Бул демилгебиз азыр талкууда.

– Саясатка аралашканга чейин Марлен Маматалиев ким эле?

– Мен чынында котормочу болом дечүмүн. Кыргыз-түрк лицейинде, андан соң Кыргыз-Америка окуу жайында билим алып англис тилин тереңден өздөштүрүп жүрдүм. Бирок атам “мен Политехти бүттүм, сен деле ушул жактан окуп мамлекеттик кызматта иштеп өзүңдү сынап көрбөйсүңбү” деди. Кичинемден ата-энемдин айтканын эки кылбаган бала элем. Макул болдум, Политехке тапшырып, окуп калдым. Бирок абдан кыйналдым, анткени гуманитардык багытта окуп эле физика, математиканы окуп калсаң башка ааламдан келгендей болот экенсиң. Бирок окуума жетишип, 3-курстан жакшы окуп тайпанын старостасы болдум. Окуумду бүтүп, 10 жылдай мамлекеттик кызматтарда иштедим. Социалдык фонддо жөнөкөй адистен баштап бөлүм башчысына чейинки кызматтарды аркаладым. 6 жылдай бизнесте жүрдүм, курулуш тармагында бизнесим бар эле. “Азия Моллду”, “ЦУМду”, “Фрунзе” гипермаркеттерин курууга катышканбыз.

– Ата-энеңиз да мамлекеттик кызматтагы адамдар экенин билебиз...

– Апам кыргыз тили жана адабиятынан мугалим. Атам Абдырахман Маматалиев көп жыл мамлекеттик кызматтарда иштеди. Азыр экөө тең пенсияда. Мен атамдын жолун улап саясатка келдим десем болот. Атам кезинде вице-премьер, 5-чакырылыштын депутаты болгон. Баткен окуясынын катышуучусу. 1999-2000-жылдары атам Баткен районунун акими болуп турган. Ошондо кошуна өлкөдөн согушчандар бастырып кирип келгенде Бишкектен келген делегация менен Зардалыга барып туткунга түшүп калган. Жанында турган жоокерлерди аттырбай, согушчандарга “буларды коё бергиле, мени алып калгыла” деп өзү туткунда калып жоокерлердин өмүрүн сактап калган. Мен ал учурда Бишкекте студент элем. Атамдын туткунга түшүп калганын угуп Баткенге учуп барып, ошондо биринчи жолу мечитке кирип, Кудайга жалынып, намазга жыгылгам. Сүйлөшүүлөр жолу менен атам 10 күндөн кийин туткундан бошотулган.

– Балалыгыңызда ата-энесинин айтканын айткандай аткарган бала белеңиз же тентекпи?

– Атам иш сапарлары менен аймактарга көп чыгар эле, мен көбүнчө Бишкекте калчумун. Атам тарбияга катуу. Биз 3 эркек 1 кыз болгондуктан эркектерди өз алдынча эмгек кылып акча табууга эрте үйрөттү. Чиновниктин балдарындай болуп чет өлкөдө эс алып же достордон айырмаланып мода кууп кийинген жокпуз. Жөнөкөй айлыкка жашаган үй-бүлө элек. Атам мамлекеттин бир тыйын акчасын жебей таза иштеди, мен муну сыймыктануу менен айта алам. Болбосо саясатта чукулап отуруп бир нерсеңди табышмак да. Бизди эмгекке бышсын, акча тапканга үйрөнсүн дегенби, “окууга контрагыңарды өзүңөр төлөгүлө” дечү. Мен 10-11-класстан иштеп баштагам, компьютердик клубда иштедим, ал жакта иштеп жүргөндө бирөө Америкадан алдырып келген аппарат менен поп-корн жасап сатчу, ал аппаратты ижарага алып Бишкекте автовокзалдан орун алып койдургам. Бир темир уста таап “ушундай аппарат жасай аласыңбы?” десем, “ооба” деди, дароо 2-3тү жасатып, шаарда 2-3 жерге койдуруп поп-корн сата баштадым. Сатуучулар келбей калганда өзүм чыгып сатчумун. Кийинчерээк Өзбекстандан жашылча-жемиштерди, Орусиядан дары-дармектерди ташып “Ош базарында” сатып калдым. Эмгекке эрте үйрөнгөнүм мага келечекте чоң турмуштук тажрыйба болду. Ушинтип бизнес кылып жүрүп алгачкы Жигули маркасындагы унаамды алгам.

– Атаңыздын тарбиялоо ыкмасын балдарыңызга колдоносузбу?

– Менин 4 кыз, 1 уулум бар. Кыздар назик жан болгондуктан кыздарыма жумшак атамын. Бирок акча тапканды үйрөнө бергиле дейм. 8-класста, 6-класста окуган кыздарым өз колу менен мончок, шуруларды жасап Инстаграмдан сатып калышат. Жайкы каникулда иштешет. Жеке менчик эмес, жөнөкөй мектептерде, маршруттук такси менен эле барып келип окушат. Балдарыма “жашоонун реалдуулугун билгиле, анан жөнөкөй жүргөнгө көнгүлө” деп көп айтам.

– Балдарыңыздын апасы – жубайыңыз менен кантип таанышып калганыңыз кызык...

– Жубайым менен студент кезде таанышканбыз. Мен Политехникалык институтта, ал Улуттук университетте окучу. Университеттер аралык сулуулар сынагы болуп, жубайым ал сынакта 3-орунду алган. Ошондон кийин таанышып 5 жылдай сүйлөшүп жүрүп мен окууну бүткөндө баш коштук. Мен студент кезде компьютердик клубдарда иштеп жүргөндө түнү болсо түнү, күндүзү болсо күндүзү тамак жасап көтөрүп келчү. Өзү лагманды жакшы жасайт. Мага лагман ташып жүрүп сүйдүрүп алган, “Эркектин жүрөгүнө жол ашказан аркылуу барат” дегенге мыкты мисал боло алам (күлүп).

– Көптөр саясатты кир, интригага толо дешет, андан көңүл калган учурлар болгонбу?

– Ооба, саясаттын кир жагын, болгондо да ичинен көрдүм. Өзүм спортто жүргөндө бир сүйлөп, убадага так адамдар менен иштешип көнүп калган экенмин. Саясаттагы анча-мынча сатып кетмей, артыңдан бычак урмай сыяктуу оюндарга алгач иренжип жүрдүм. Кийинчерээк өздөрүнө жараша мамиле кылууну үйрөндүм. Азыр оңою менен алданбайм, тескерисинче, мени алдайм дегендерди алдап коём. Себеби Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Акылбек Жапаров, Феликс Кулов сыяктуу чоң саясатчылар менен иштештим. Аларды да көбү сатып кетишти, алдап кетишти, баарын өз көзүм менен көргөм да. Андыктан мени алдайм деп келген адамдын максатын алдын ала эле билип коём, ал жагынан тажрыйбам жетиштүү.

– Эмне жөнүндө кыялданасыз?

– Өлкөбүздө 3 жолу революция болду, баары менин көз алдымда өттү. 2010-жылы Апрель окуясы болгондо Акылбек Жапаровдун командасында иштейт элем. Аны менен Таласка чогуу барып элдин каарын, милиция кызматкерлери формаларын чечип элге аралашып кеткенин өз көзүм менен көргөм. Ошондо “кой, саясаттан кетип эле калайын, бизнес эле жакшы экен, тынч” деген ойлор болду. Бирок ичимдеги кыялдар коё берген жок. Өлкөмө пайда келтирсем, элиме керектүү иш жасасам деген тилектерди саясатта жүрүп гана ишке ашыра алам деп ойлойм. Кудайга шүгүр, эч нерседен кем эмесмин, саясаттан кетсем деле турмушум улана берет. Болбосо канча ресурс, каражат кетирип бир чоң партияны парламентке алып келдик. Ал каражаттын баарын өзүмө коротуп жөн отура берсем болот эле да. Бирок анте алган жокмун, өз тажрыйбамды колдонуп мамлекетке жардам бергим келди.

– Маегиңизге чоң рахмат, кыялдарыңыз орундалсын!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1007, 25-31-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан