Косметикалык каражаттардын арасынан коллагендүү кремдер модада. Анын натыйжасы кандай? Бул жөн гана пайда табууну көздөгөн өндүрүүчүлөрдүн маркетингдик амалы эмеспи? Булар тууралуу косметолог Алина Шерматова маалымат берди.
КОЛЛАГЕН ДЕГЕН ЭМНЕ?
Коллаген – бул белок. Ал фибробласт деп аталган клеткалардан синтезделип чыгат да, жайгашкан жерин чымыр, жылмакай, серпилгич кармайт. Адамдын организминдеги бардык белоктун үчтөн бир бөлүгүн коллаген белогу түзөт. Аны желатинге салыштырууга болот. 25 жаштан баштап коллагендин иштелип чыгуусу жылына жарым пайыздан азайып баштап, 45 жашта 35 пайызга азаят. Бул биологиялык процесс.
КОЛЛАГЕН КАЯКТА БОЛОТ?
Көпчүлүк пайызы тери, ичеги, андан сырткары сөөк, муундарда, тырмак, кан тамырдын капталдарында, көздүн тунук челинде, чачта болот.
КОЛЛАГЕН ЖЕТИШСИЗ БОЛСО
Бырыштар түшүп, тери шалбырап баштайт. Коллагендин жетишсиздиги териде эле байкалбайт. Муундардын кырсылдашы, оорушу, чачтын түшүшү, жүрөк-кан тамыр, көз ооруларынын пайда болушу менен жетишсиздигин билдирет.ЖЕТИШТҮҮ ИШТЕЛИП ЧЫГЫШЫ ҮЧҮН
Коллаген синтезделип чыгышы үчүн С, А, D, Е витаминдери жана белок, цинк, жез, темир микроэлементтери керек. Булар организмде жетишсиз болсо коллагендин иштелип чыгуусу азаят. Бул учурда коллаген ичүүнүн пайдасы да болбойт. Ошондуктан рационго витамин жана микроэлементтерге бай азыктарды баланстап кошуп туруу зарыл. Мөмө-жемиштен алынган желатиндерде, килкилдекте табигый коллаген бар.
ИЧҮҮЧҮ КОЛЛАГЕНДИН НАТЫЙЖАСЫ
Ашказандагы кычкылдуулук аз болгондо витамин, микроэлементтер организмге жакшы сиңбейт. Дерматолог, косметолог ушул учурда жана бет теринин абалын, көйгөйлөрүн тактагандан кийин кошумча коллаген ичүүнү сунушташы мүмкүн.
Коллагендин курамы сөөк, жумуртка жана башка табигый белоктуу азыктардан турушу зарыл. Ага кошуп С витаминин ичүү сунушталат. Бул учурда фаст-фуд, таттуулардан, газдалган суусундуктардан баш тартыңыз, болбосо натыйжа бербейт.
Көпчүлүк адамдар жаштыкты сактоодо кайдыгер мамиле жасап, көйгөй жаралганда гана ойгонуп, дерматолог, косметологго барышат. Жаш кезден эле туура тамактанып, бетке туура кам көрүүнү адат кылуу зарыл. Муну менен катар спорт менен дос болуп бүткүл организмди чымыр кармоо башкы эрежелерден.ЖАШ КУРАКТАН СЫРТКАРЫ...
Жаш курактан сырткары төмөнкүлөр коллагендин иштелип чыгышын жайлатат:
• Ашказан кычкылынын төмөн болушу. Бул учурда микроэлементтер, витаминдер жакшы сиңбейт да, коллаген синтезделип чыкпай калат.
• Стресс гормону болгон кортизолдун көп бөлүнүп чыгышы
• Туура эмес тамактануу
• Тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү
• Эс алуунун, уйкунун нормадан аздыгы
• Күндүн зыяндуу нурларыКОЛЛАГЕНДИ БЕТКЕ КУЮШАБЫ?
Мезотерапияда гиалурон кычкылы менен С витамини биргеликте териге куюлат. Бул коллагендин иштелип чыгуусун шарттайт. Коллагендин өзү бетке куюлбайт.КОСМЕТИКАЛЫК КАРАЖАТТАРДАГЫ КОЛЛАГЕНДИН НАТЫЙЖАСЫ
Коллаген организмде иштелип чыгуучу зат, ал теридеги тыгыз жайгашкан клеткалардан организмге крем аркылуу кире албайт. Бетке кам көрүүчү косметикалык каражаттардагы коллаген же гиалурон кычкылы жашартат, терең нымдаштырат дегенге ишенбеш керек. Бирок бул андай каражаттарды колдонбош керек дегендик эмес. Анткени булар сырткы катмар эпидермисти коргойт, нымдаштырат, жумшартат. Эпидермисти сактоо үчүн бетке кам көрүүчү мындай крем, сывороткаларды колдонууну уланта бериш керек.
Негизи косметикалык каражаттарды алууда анын курамына маани бербей эле ала беришет. Нымдаштыруучу, азыктандыруучу же жашартуучу дегенге маани беришет. Бирок профессионалдык косметикалык каражаттарда ретинол, пептид, С витамини, альфа-липо кычкылы (АЛК), жез трипептиди сымал заттар болот. Булар коллагенди бөлүп чыгаруучу фибробласттардын иштешине таасирин тийгизе алат.
Эпидермис – терини коргоочу, нымдуулукту сактоочу сырткы катмар.
Дермисте чач фолликулдары, капиллярлар бар. Ушул жерде фибробласт клеткалары коллагенди чыгарып, алар спираль сымал булачаларды түзөт.
Асел Ишенбай кызы