БИР БҮРКҮМ. АШУУЛАР УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ...

  • ӨКМ: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
  • Дастан Бекешев, депутат: “Кыргызстандыктар Орусия бийлигин сындоодон алыс болгону туура”.
  • Бишкекте таксисттин автоунаасын айдай качкан 19 жаштагы кыз кармалды.
  • Кыргызстанда лифт өндүрүүчү биринчи ишкана ачылганы кабарланды.
  • Жогорку Сот парламент депутаттыгына талапкер Абдурахман Муртазалиевди жарыштан четтеткен БШКнын чечимин күчүндө калтырды.
  • Асел Чынбаева Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалды.
  • “Аэрофлот” авиакомпаниясы Москва-Бишкек аба каттамын жандандырды.
  • 21-мартта Жалал-Абад облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
  • Өзгөн районундагы көмүр шахтада 3 Кытай жараны каза болду, аларды көмүр аралаш таш басып калган.
  • УКМК: Баңгизаттарды сатуу менен алектенгендерди үстүнөн коргоп жүргөн деп мурдагы милиция кызматкери кармалды.
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги: Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны азаюуда.
  • Ысык-Көл облусунда калың жааган кардан улам ашуулар убактылуу жабылды.
  • Башкы прокурор: "Мамлекеттик органдардын ишкерлерге кысым көрсөтүүсү жоюла элек".
  • Кыргыз жеринде кумшекердин 2 айга жетерлик запасы бар экени маалымдалды.
  • Кыргызстан эң бактылуу өлкөлөрдүн рейтингинде 64-орунга жайгашты.
  • Балыкчы–Кочкор–Кара-Кече темир жолун куруу башталды. Бул жолду Жалал-Абадга чейин жеткирүү пландалып жатканы айтылды.
  • 23-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту пара талап кылууга шектелген жарандык активист Мелис Аспековду
    7 жылга эркинен ажыратты.
  • Баткенде аскер кызматкери Тажикстандын чек арачылары тарабынан сабалганы расмий маалымдалды.
  • Дүйнөдө коронавирустун "Дельтакрон" деген жаңы штаммы пайда болгону кабарланды.
  • Бишкектин мурдагы мэри Эрмек Нургазиев алдамчылыкка шектелип кармалды.
  • Баткенде бир жылдан бери мал уурулук менен алектенип жүргөн топ кармалганы жарыяланды.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1007, 25-31-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан