Акылбек Жапаров: «БИЗ КРИЗИСТИН ЭҢ ЖАМАН СЦЕНАРИЙИНЕ ДА ДАЯРБЫЗ»

Кыргызстанда зарыл азык-түлүктөрдү сатып алууга 8 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу 24-мартта Министрлер кабинетинин антикризистик планы талкууланган жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Бул акчага ӨКМ азык-түлүк сатып алып, кампада кармап турат.

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча көйгөй жаралса, 3 министр керт башы менен жооп берет. Бул тууралуу аталган жыйында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Ал министрлер: экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, каржы министри Алмаз Бакетаев жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев.

– Сиздер жоопкерчиликти аласыздар. Бизде кампада канча ун, кумшекер бар экенин, аны кайдан сатып алууга болорун, божомолдорду, келишимдерди так билишиңиздер керек. Алдын ала иштегиле. Эгерде өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу боюнча суроолор жаралса, анда бул үч министр керт башы менен жооп берет. Бүгүнкү күндө негизги тапшырмалардын бири – элди азык-түлүк менен камсыздоо. Бул жерде Бажы кызматынан адамдар барбы? Бажы кызматы, Ички иштер министрлиги, УКМК жана Салык кызматы чогуу Баткен облусундагы чек арадан бир килограмм кумшекер, ун, өсүмдүк майы өтүп кетпеши үчүн тирүү калкан болуп турушу керек. Бул негизги тапшырма. Аларда ундун, кумшекердин баасы бизден бир жарым эсе кымбат. Өсүмдүк майы такыр эле жок. Ошондуктан алар Кыргызстандан алып кетүүгө камынып жатышат. Өзүңөрдүн кызматкерлериңерге катуу тапшырма бергиле, бир килограмм да кумшекер өтпөсүн,- деди Ташиев.

Кыргызстанда антикризистик планды ишке ашырууга 126 миллиард сом каралууда. Бул акча кандай иштерге жумшалат? Экономика жана коммерция министри каражат кайсы багытка жумшаларын айтты. Резервдерди түзүүгө 2,2 миллиард сом, маяна жана жөлөк пулдарды көтөрүүгө 32,9 миллиард сом, үрөн жана жер семирткич сатып алууга 2,5 миллиард сом, фермерлерге 6 пайыздык кредиттерди берүүгө жана үстөк пайыздарды субсидиялоого 26 миллиард сом бөлүү пландалууда. Мындан тышкары орто жана чакан бизнести колдоого 10 пайыздык үстөгү менен кредит берүү пландалууда. Буга 7,2 миллиард сом каралып жатат.

– Өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу антикризистик план каржылык ресурстар менен колдоого алынууда жана декларативдүү мүнөздө эмес. Биз дүйнөдөгү кырдаалды өзгөртө албайбыз, бирок өлкөнү кризистен алып чыгуу үчүн реалдуу чараларды көрүүгө күчүбүз жетет. Биз эң жаман сценарийге да даярбыз,- деди Акылбек Жапаров.

Жакында Министрлер кабинети Кыргызстан импорттоочу товарларды кошумча нарк салыгынан убактылуу бошоткон чечим кабыл алды. Ал товарларга ун, май, кумшекер жана башкалар кирет. Расмий маалыматка таянсак, учурда өлкөдө кумшекердин июнь айына жетерлик кору бар.

Күйүүчү май ташыган 2 компанияга бюджеттен кыска мөөнөттүү кредиттер берилери айтылды. Алар “Партнёр нефть” жана “Ред петролеум” фирмалары.

– Антикризистик планды талкуулоо учурунда мунай ташуучулар айлантууда акчанын жоктугунан күйүүчү майдын запасы чектелип жатканын айтышты. Ушул себептүү аларды колдоону чечтик, 41 күндүк запас болушу керек,- деди министр Амангелдиев.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1007, 25-31-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан