Она любила розы,
Но розы на морозе не прижились.
Душа её летела,
К нему она хотела, а он не смог простить.
Ой, ой, ой, сердце думай головой ой, ой,
Так красива и умна эта девочка, да эта девочка
Больше не твоя...
Бул ырды маршруттук таксилерден, караоке, той-кечелерден, чакан отуруштардан сөзсүз уккансыз. Шансон жанрын сүйүүчүлөрдү ырлары менен арбаган кара көз, кара чач, кара сакал ырчы мырзанын аты Ислам Итляшев. Кавказга сүйүүсүн, айымдарга сый-урматын, бир туугандын баалуулугун, достукту ырларында даңазалаган Исламдын күйөрмандары күн санап өсүүдө.
Аты-жөнү: Хаджиислам Владимирович Итляшев
Туулган жери: Карачаево-Черкесия, Черкесск
Туулган жылы: 1991-жыл, 5-октябрь
Бою: 180 сантиметр
Жылдыз белгиси: тараза
Кесиби: ырчы
Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 2 уулдун атасы
Белгилүү ырлары: «Мирный красивый край», «Она любила розы», «Запомню навсегда твои глаза», «Звездочка», «Хулиган», «Улетаю», «На нервах», “Сердце, не ревнуй” жана башка.АКШга КЕТМЕК...
Толук аты-жөнү Хаджиислам Итляшев, чыгармачылыкка аралашканы ысымын кыскартып Ислам Итляшев аталып калды. Ырчылыкты кесип катары ойлончу эмес, агасына окшоп спортчу болом дейт эле. Андыктан эркин күрөш, бокс, сууда сүзүү, фитнес менен машыкчу. А ырдаганды хобби катары көрүп, бош убактысында же көңүл ачып жатканда обон созуп койчу. Мектепти бүткөндөн кийин АКШга кеткенге аракет кылып көрдү, ал жактан спорт жаатында ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору болчу. Бирок виза берилбей, жигит Түндүк-Кавказ академиясынын туризм факультетине тапшырганга аргасыз болгон.
АТАСЫ ЫРЧЫ, АПАСЫ БИЙЧИ
Исламдын чыгармачылыкка келип калганына эч ким деле таң калбайт. “Алма сабагынан алыс түшпөйт” деген кеп бар эмеспи, каарманыбыз да бул кептен алыстаган жок. Жаш кезинде атасы музыкалык топтун солисти, апасы бийчи эле. Алардын жалпы Орусия жана башка өлкөлөргө таанымал болобуз деген кыялын балдары орундатып отурат. Үй-бүлөнүн улуу баласы Хасан Итляшев ММА мушкери, кол күрөш жана самбо боюнча спорт чебери. Ислам болсо Орусия эле эмес, КМШ өлкөлөрүнө белгилүү ырчы болду. Эки белгилүү уулдун жана татынакай кыздын ата-энеси бактылуу жашап келишет.ЭМНЕГЕ КӨЗ АЙНЕК ТАГЫНАТ?
Чыгармачылыкка жаңы баш бакканда Итляшев көпчүлүк сыяктуу эле поп жанрында ырдап баштаган. Бирок акыркы убакта анын шансонго ооп бара жатканын ырларынан байкасак болот. Анын дагы бир өзгөчөлүгү – сахнага кара көз айнек менен чыгат. Көз айнекти атайын стиль катары деле тандаган эмес, бир көзүнө темир кирип кеткен. Жаракатка кабылган көзүн жашыруу максатында көз айнек тагынууга аргасыз.4 БАЛАНЫН АТАСЫ
“Чыгармачылыктан башка эч нерсе колумдан келбейт” деп отургандардан эмесмин. Чоң аталарыбыздан калган жерлер бар. Эркек болгондон кийин айыл чарба жумуштарын да сапаттуу, жемиштүү жасаганды билиш керек. Убагы келгенде жер иштетем, бошогондо музыка менен алектенем”,- дейт жигиттин гүлү. А биз өз кезегибизде бул эмгекчил жана таланттуу адамга ийгилик гана каалайбыз. Ислам Итляшев жөнүндө баянымды ыр менен баштап, аягында кайрадан кыңылдап ырдап бүтүргүм келди.
Ночь – не играй, не играй, не играй
не играй, не играй на моих нервах
Прочь, от меня холодная – печаль стерва...
Асыл Орозбекова