Бул жигит мектеп окуучусу болуп турганда эле “Тамашоудо” ойноп элге таанылган. Кийин ыр жазып ырдап чыкты, сериал тартты, сценарий жазды, стендапер катары таанылды, айтор, көп кырдуу талант, эмгекчил Азимхан Рахатов маек төрүбүздө. Өзүнүн чыгармачылык жолу менен катар максаттарын берилип алып айтып берди каарманым.
– Азимхан, салам. Учурда эмнелер менен алексиз?
– Саламатсыздарбы? Учурда “Азия Микс” командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров менен иштешип жатам. Көптөгөн эл аралык долбоорлорду жазып жатабыз. Таксисттер жөнүндө сериал тарттык. Буюрса, апрелдин ортосунда чыгып калат. Татарстандан кино тартууга буюртма түшкөн, ошону даярдап жатабыз. Казакстан менен биргеликте кино тартканы турабыз. Бул тасмалардын сценаристи, режиссёру бизбиз. Мындан тышкары 7 жылдан бери хобби катары стендаптарга чыгып жүрөм. Учурда кыргызча стендапка чыккан мен элемин.
– Стендапка кантип келип калдыңыз эле?
– Биз мектепте окуп жүргөндө “Тамашоудо” ойнодук. Мектепти бүткөндө ар ким өз жолу менен кетип, командабыз тарап кетти. Ошондон кийин 2 жыл өзүмдү таппай жүрдүм, эмне кыларымды билген жокмун. Анан КВНде ойноп жүргөн байкелер барларда стендапка чыгып калышты. Аларга кошулуп чыгып, стендап меники экенин түшүндүм. Орус тилиндеги стендап бизде 7 жылдан бери бар. Кыргыз тилинде жакында эле баштадык. Кыргызча кайф экен, көбүрөөк таанылат экенсиң.
– Стендап менен чет жактарга да барып келдиңиз...
– Ооба, Украинага “Комикти күлдүр” деген берүүгө “Азия Микстин” резиденти, “Камеди баттлга” катышкан стендапер Аким Карасаевдин жардамы менен катышып калдым. Калыстар тобунда Владимир Зеленский да отурган. 3-мүнөткө келгенде утулуп калгам. Аларда юмор орустардыкынан айырмаланат экен. Орусияда өткөн тамашаларым ал жакта өткөн жок. Санкт-Петербург шаарына барып келгем. 3 мүнөттүк стендап үчүн аябай чоң гонорар төлөп беришкен. Бардык чыгымды өздөрү көтөргөн. Бул комиктерди байкаш үчүн уюштурулган кече болчу, эч жерде көрсөтүлгөн эмес. Орусияга көп жолу бардым. Алдыда дагы көп барам, буюрса. Пландар көп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Чоң сахналарда, чоң телеканалдардын экранынан чыгып калам, буюрса.
– Канчалык бийик “учкуңуз” келет?
– Ушул суроону эч ким берген эмес, жооп бергим келет да. Мен Юрий Дудга маек берип жатканымды элестетип, жоопторумду даярдай берем. Стендап боюнча КМШны багындырууну, дүйнө жүзүнө таанылууну каалайм. Бул мүмкүн экенине Питерге барганда ишендим. Ошол жактан Павел Воля сыяктуу мыкты комиктерди көрдүм, сүйлөштүм, алар менин тамашаларымды жактырды. Андыктан ийгиликке жетүүнүн бир эле жолу бар экен – эмгектене бериш керек экен. “Камеди клабдын” чоң сахнасына чыгып жүргөн Иван Половинкин менен достошуп жүрөм, Питерден таанышканбыз. Ал мага кеңештерин берип турат. Азыркы чоң кыялым – Орусияны багындыруу. Буюрса, аз эле калды. Кыргызстанды башка жагынан тааныткым келет, интеллектуалдык деңгээлибиз күчтүү экенин көрсөткүм келет. Америкага, Европага, Орусияга концерт койсом дейм. Бул биринчи максатым. Экинчи максатым – англис тилин үйрөнүп, чоң концерттеримди “Нетфликске” сатсам, чоң публикага чыксам дейм. Бул компания бир стендап концертти 50 миллион долларга чейин сатып алат. Бери дегенде 16 миллион долларга сатып алат. – Максаттарыңызга жетиңиз! Кино темасына кайтсак, “Азим триллион” деген сериал тарттыңыз. Эл кандай кабыл алды?
– Көрүү 100 миңге жеткен жок. Анын себеби – мында сүйүү жок. Кыргыздар миграция, ажырашуу, сүйүү темаларын жакшы көрөт. Сериалда бул темалар камтылган эмес. Азыр көп кинолор келин темасынын алкагында тартылып жатат, элге да жагат. Өзүм деле ушул темада 2 кино тартканы жатам.
Бирок Инстаграмдан жеке кат аркылуу күнүнө 1-2 адам “Азим триллион” качан чыгат?” деп жазышат. Демек, күткөндөр да бар. Мындан тышкары “Таң алдында” сериалынын сценарийин мен жазгам. Юмордон сырткары олуттуу долбоорум ушул болду. Ата-энем мени жалжактай берет деп ойлочу экен. Сериалды көргөндө “ушундай нерселерди жаза аласыңбы?” дешти.
– Ырчылыгыңыз тууралуу да сүйлөшөлү. “Келин келгенский”, “Жылгыла” ырлары жакшы тарады...
– Тамашалуу ырларга идеяларым көп. Ошонун бирин ишке ашырып “Келин келгенский” ырын чыгаргам. Бул ыр мени 2 жыл бакты, эч жакта иштебей калгам. “Жылгыла” да, “Келин келгенский” да социалдык ыр. Социалдык теманы эл жакшы кабыл алат. Көптөр “ушул стиль жарашат экен, ырдабайсыңбы” деп калышат. Ырдагым келет, бирок ага көп убакыт керек. Жеңил ыр деп сындай беришет го. Бирок жеңил ыр чыгарып хайп жаратыш өтө оор. Анын рецептин билгенде мен илгери эле миллионер болуп кетмекмин. Дагы бир “Келин келгенскийдей” хит чыгарууну каалаган жок дейсизби? Кааладым, аракет кылдым. Бирок болгон жок. Жакында келинчегиме арнап “Каттама” деген ыр чыгардым. Келинчегим каттама менен дымдаманы аябай даамдуу жасайт. Көп ырчылар “сатпайсыңбы” деп сурап жатышат. Саткым келген жок.
– Ушундай таланттуу, максаттары бийик бала кайда төрөлүп өскөн?
– 1994-жылы 23-июнда Бишкекте төрөлгөм, ушул шаарда өстүм. Түбүм Кочкордон болот. Көпчүлүк мени митис деп ойлой беришет, бирок мен таза кыргызмын, атам да, апам да Нарындан. Бир туугандардын улуусумун, 1 иним, 1 карындашым бар. Өзүмдүн да үй-бүлөм, жубайым, 2 кызым бар.
– Сонун! Мектепте кандай окудуңуз?
– Мектепте жыргатып окуган эмесмин. Мени окуткан эжелерге рахмат айтам, сүйрөп баа коюп берип жатып бүтүрүштү. Мендей бала мектепти бүтпөй калмак (күлүп).
– Тентек белеңиз?
– Тентек эмес болчумун. Уруш, рэкет деген темадан алыс болчумун. Тил уккан, ишенчээк, коркогураак бала болчумун. Азыр деле ушундаймын, сөз эркиндиги болуп эле тамашалап калбасам.
– С тамгасын айта албаганыңыз тууралуу тамашалар капа кылбайбы?
– Капа болбойм. Мындан да катуу тамашалар бар да. Капа болбош керек. Тескерисинче, Кудайга шүгүр дейм. Бул болбогондо, балким, башка жагынан алып коймок. Минтип сүйлөбөгөндө, балким, эл мени тааныбай калмак. Кемчилик издей берсек таба беребиз. Андан көрө ар бир нерсенин жакшы жагын көрүшүбүз керек.
– Азаматсыз! Маегиңизге рахмат.
Перизат Музуратбекова