АЛГАН ЭЭСИ ЖАРАШСА, БАРГАН НААМГА БАК КОНОТ

“Ушу Толик деген сынчынын сүрөтүн эле берип койгулачы, аябай көргүм келип жатат, эч элестете албайм” деп окурман кыздардын бири жазып жибериптир. Кат жазган карындашым, тилекке каршы, жүзүмдү көрсөтө албайм. Калемиме эле ашык болгон селкилер сүрөтүмдү көрүшсө жаман кемпиримден жулуп кетип ыйлатабы дейм да. Тамаша, бул жолку кептин төркүнү мен эмес, наамдар тууралуу болсун дедик.

ЭМГЕГИНЕ ДА БИР КАРАП КОЁЛУ, ЭЭ...

– Адегенде эле Асема карындашымдан баштайын дедим. Эми-и, так ушул жылы президенттин Ардак грамотасы менен сыйланды. Жакында бир интервьюсуна көзүм түшүп калды. “Сыйлыгыма үй-бүлөмдөн башка эч ким кубанган жок” дейт го кыз, чиркин! Карындашым, мен да ошо сенин сыйлыгыңа кубанбагандардын катарындамын, кечирип койчу. Эмнеге дейсиңерби, азыр айтам. Тээ-ээ, мен кырчын курак жаш кезде Эрнест Абдыжапаров “Боз салкын” деген тасма тартканы бар. Тасманын башкы ролунан Асема деген карындашымды тааныганбыз. Андан бери эчен жыл өттү. Башкалар көрсө көргөндүр, мен андан кийин “жарк” эткен ролун эч эле көрө албадым. Катар-катар роль жаратып, сахнадан түшпөй жатса “ушуну сонун кылды” деп эле сүйүнүп калмакмын. Карындашым маекте “мен президенттин Ардак грамотасын эмес, Кыргыз Республикасынын Эл артисттигин сатып алгандай сездим” деп салды. Сөздөн кеттиби, ойдон кеттиби, же мен калпыс түшүнүп калдымбы деп эле калып калдым. Негизи Асема жагат мага, комиссиянын курамы деле мендей эле адамдар да, аларга деле жагат болуш керек. Бирок көзү жаккан, сөзү жаккан кыз-келиндерге эле наам бере бербей, роль-солдоруна, эмгегине деле көз жүгүртүп коюш керек го негизи. Калыстык деген жакшы да...

ТАТТЫБҮБҮ АЛБАГАН ДАҢК МЕДАЛЫ...

– Асемадан улам эле өткөн жылдар эске түшөт десеңер, кыргызда Курманжан датка деген тасма тартылды. Бакыйган кыргыздын сыймыктуу уулу Садык Шер-Нияз тартты болгондо да. Башкы ролго Элина Абай кызы тартылды. Фильмге сөз жок, чет өлкөнү калтырбай кыдырганын кыдырып, сыдырганын сыдырып, атак-даңк, наам, сыйлык, деле баарын алды. Анан кийинки жылы килейген Даңк медалын Элина Абай кызы алды. Элестеткиле, 30-40 жылын театр менен киного арнап, арзыбаган маяна менен жашап келе жаткан актёр, актрисалар эми-и, эптеп эмгегин сиңирип жатышканда... Бул жагы кандай болуп калды деп башымды кашыйм десеңер. Шайыр Касымалиева деген карындашым бар, ден соолугун, жаштыгын, өнөрүн театр менен киного арнап келе жатат. Эмгеги эми араң сиңди, "если честно"...

Кыргыз киносунун жылдызы Таттыбүбү Турсунбаева деген актрисабыз жашап өткөн. Эми анын “Уркуясы”, “Ак мөөрү”, “Кызыл алмасы” эмне деген шедевр, ыя? Театрда Таттыбүбү Турсунбаева роль аткарат дегенде билеттер жок калган убактар болгон. Дажечи ээ, ошол Даңк медалын алган эмес, анан театрдын босогосун аттап көрбөгөн актрисабызга мындай наамдын берилиши... Пай-пай-пай, элестетип алып чекемден тер чыгып кетти. Мейличи, буюрган алат да-а деп коём. Бирок шайтандай болуп “Элина азыр кайда?” деген суроо келет десең. Эми жаш да, үмүт үзбөй турайын, балким, чыныгы медалга татый турган ролу чыгып калар...

ГҮЛЖИГИТ ҮКӨМ, "ЕВРАЗИЯ ЖЫЛДЫЗЫ", ТИЯК-БИЯК...

– Гүлжигит Калыков деген үкөм бар, өзү келишимдүү, келбеттүү, үнү да мыкты. 2012-жылы "Евразия жылдызы" эл аралык сынагында Түгөлбай Казаковдун “Жамгыр төктүсүн” сыздатып баш байгени алып келген. Кыйынды кыйын деш керек, азамат. Териме батпай сүйүнүп ошондо “алга, кыргыз” деп мына мен баштап сүрөп отургам. Анан эле Гүлжигит Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти деген бакыйган наам алып калды. Андан да кызыгы, кимдер менен катарлаш дебейсизби? Майрамбек Осмонов, Жамиля Муратова деген дөө-шаалар менен чогуу...

Ээ, айланайын, комиссия мүчөлөрү, Майрамбек мырзанын обондору эбак эле элге сиңип, жайылып, “бүгүн мен сени эстедим, сени эстедим, кезиксек айтып берем себептерин” деп сыздап калбадык беле. Майрамбек иним Гүлжигит үкөм менен чогуу алып калганы кызык болду. Гүкө инимдин өзүнүн автордук ыры эмес, Түкөмдүн “Жамгырын төктүрүп” келгени үчүн сыйланып калганын эске алганда... Ары жагына башым жетпеди. Акылымда бул жагы эч эле “бовой” калды. Гүлжигит иним, сен окуп калсаң терикпе, сынды да көтөрө билиш керек, эч эле ачууң келип токтоно албай баратсаң мени изде, тап. Экөөбүз бир отуруп кофе ичип сырдашалы, бирок сенин “счётуңдан” иним...

САМАРА КААЛАСА ЖЕТЕКЧИ, КААЛАСА ТӨКМӨ...

– Кыргызда “казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” дейт. Самара азыр эмне кылса өзү билет. Кааласа музыкалык окуу жайды жетектейт, кааласа төкмө акын боло калат, кааласа Эмгек сиңирген артист деген наамды алып коёт жана башка. Кана, ким эмне дей алат? Бирок деген нерсе бар, замандаш, жашоонун акыйкаты бар. Кадимки сиз, биз билген Каныкей Эралиева бар го, азыркы жаштар патыратып эле ошол кишинин ырын үнү жетсе да, жетпесе да ырдап калышты. Мына ошол киши Эл артистин 20 жыл күтүп алган. Эми ал кишинин канча обону, канча хит ырлары бар экенин өзүңөр жакшы билесиңер. Кадимки ырдын пири Рыспай акебиз бар эмеспи, ошол киши Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын көп жыл өткөндө алып, көзү өтүп кеткенден кийин Эл артисти наамын алган. Бүт өмүрү ыр деп өткөн, элдин жүрөгүндө кайрыктары менен калган, кыргыздын музыкасын жаңы бир тепкичке көтөргөн киши...

Ал эми биздин Самаш аз убакыттын ичинде “эмгегин сиңирип” деле салат. Мен Самаранын фанатымын, бирок адилеттик үчүн айтып коюш керек, эмдиги жылы Эл артистин алып калса, өзүмдү ширеңке чагып туруп Ак үйдүн алдында өрттөп жиберем. Кыргыз эли Толик сынчысыз калбасын десеңер “берегите меня”!

Азил-чыны аралаш,

Чымчылап койдум, замандаш.

Чындыктын даамы ачуу дейт,

Чычалаба, сапарлаш.

Мына, мен деле төгүп ийдим ай, төкмөлүк кыргыздын канында бар деген чын. Аманчылыкта көрүшөлү, чау!

Толик сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1007, 25-31-март, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан