– ККМ колдонууга милдеттүү тараптарды жергиликтүү салык органына кайрылууга чакырабыз. Учурда ККМдин 2 түрү колдонулуп жатат – аппараттык жана программалык. Аппараттык ККМ – фискалдык эс-тутуму, маалыматтарды онлайн-жөнөтүү модулу бар кадимки кассалык аппарат. Программалык ККМ тиркемесинин 2 түрү бар, алар смартфон, планшет же компьютерге акысыз орнотулат жана аппараттык ККМ аппаратынын жеткиликтүүрөөк альтернативасы. Ишкерлерге кардарлар үчүн чек берүүгө чек чыгаруучу принтер алуу жетиштүү,- деп билдирет Салык кызматы.
Программалык ККМди уюлдук телефонго акысыз орнотуп алууга мүмкүн. Ал эми аппараттык ККМди ККМдерди тейлөө борборлору аркылуу алууга мүмкүн.
Лунара Бекиева