Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КЫЗ СЕБИ МЕНЕН КӨРКТҮҮ

№423 10-16-декабрь, 2010-жыл.


Айымдарга кеңеш

Байыртан ата-бабаларыбыз кыздын себин даярдоого олуттуу көңүл бөлүшкөн. Ошол кызга сеп берүү салты бүгүнкү күнгө чейин өнүгүп, өз күчүн жоготпой келет. Албетте, ар ким алына жараша калың берип, сеп даярдайт. Бүгүн биз базарларды, дүкөндөрдү аралап, орточо септи даярдоо капчыкты канчага жукартарын билүүгө аракет кылдык.

КЫЗДЫН СЕБИНЕ КОШУЛЧУ БУЮМДАРДЫН БОЛЖОЛДУУ БААСЫ:
Көшөгө – 2500-5500 сомго чейин
Сандык – 900-10 000 сом
Шырдак – 6000-20 000 сом
Жууркан – 1300-2900 сом
Жер төшөк – 1300-2700 сомго чейин
Жаздык – 250-600 сом
Жөлөнмө жаздык – 300-700 сом

АКЧАҢ БОЛСО, БАЗАРДА БААРЫ БАР
Алгач «Ош базарын», анан «Мадина», «Дордой» базарларын кыдырып, сырты темир менен капталган эң арзан сандыктын баасы 1000 сом болсо, карагай, жаңгак жыгачынан кооздолуп жасалган сандыктар 5000 сомго чейин турарын билдик.
Кыргыздын оймо-чиймеси түшүрүлгөн жерге салынуучу төшөктү сапатына жараша 800-2000 сомго чейин сатып алууга болот экен. Ал эми жуурканды акыркы убакта атайын сепке ылайыктап, кездеменин кымбатына, кебезинин сортуна жараша жасатканга өтүшүптүр. Булардын орточо баасы 1500 сомдон 3000 сомго чейин жетет.
Түркүн түстөгү чүпүрөктөн куралган, сайма сайылган жөлөнмө жаздыктарды 250-950 сомго алууга болот.
Ал эми көшөгө же терезе парда алууну каалагандар кооздугуна жараша 1 метрин 200 сомдон жогору сатып ала алышат.
Акыркы убакта "жууркан-төшөк, сандык сатылат" деген жазуулар илинген чакан дүкөндөр көбөйүп баратат. Алардын бирине баш багып, ал жакта жууркан-төшөккө болгон баа базарда жайылып тургандарга салыштырмалуу жогору экенин байкадык.

«КЫЗГА СЕП КАМДОО – АР БИР АТА-ЭНЕНИН МИЛДЕТИ»
Сапарыбызды улай сепке бере турган буюмдардын дээрлик баары камтылган "Кызга сеп" дүкөнүнө кайрылдык. Аталган дүкөндүн ээси Гүлбара эже бизди жылуу тосуп алып, кыздын себи жана төшөк жасоонун жер-жерлердеги өзгөчөлүктөрү тууралуу кызыктуу маек куруп берди.
– Гүлбара эже, кандайча бул ишти өздөштүрүп калдыңыз эле?
– Өзүмдүн кесибим – экономист. Узчулукту кичине кезимден бери келе жаткан хоббим десем да болот. Бул өнөр апамдан өтсө керек. Анткени апам өмүр бою узчулук менен алектенип келди. Быйыл 86 жашта, төшөк жасабай калганына эки жыл болду. Кичинекейимде сайма сайып же бир нерсе тигип отурганда анын сыртка чыгып кетишин аңдып эле турчумун. Ал сыртка чыгары менен саймасын кармай калып жүрүп, үйрөнүп кеттим. Негизи, бала чагымда модельер болсом деп кыялданчумун. Ал кыялым орундалып, 4 жылдан бери кыздарга сеп даярдап келем. Сеп даярдап гана тим болбостон, кайсы аймакта кандай сеп берилерин, жууркан-төшөктөр кандай ыкмада жасаларынан бери изилдеп келем.
Кандай айырмачылыктарды байка­дыңыз?
– Мисалы, түштүктө кыргыз жууркандарын өтө чоң кылып, тукабадан тигишет. Анан да төшөктүн кыюусун ичине чүпүрөк салып, кыйгачынан бурап тигишет. Көбүнчө куракка басым жасашып, оюулар түшүрүлгөн төшөктөргө анча көп маани беришпейт экен. Ал эми таластыктардын көпчүлүгү оюу төшөктөргө басым жасашат. Ал эми көлдүктөр жууркандын эки четине жээк салып, кыюусунун ичине кебез салып, түз кылып тигишет.
Сеп берүү жагынан да ар кандай өзгөчөлүктөрдү байкоого болот. Мисалы, түштүк тарапта төшөктү жуп-жубу менен беришет. Экини, төрттү, алтыны, айтор, жубу жок берилбейт. Жерге салганда дагы жуптап салышат. Ал эми түндүк тарапта үчтөн, так санда беришет. Себеби жерге «П» түрүндө салынат да, бул «ар дайым ушул адамдын жолу ачык, шыдыр болсун» деген тилекти билдирет.
Ал эми кытайлык кыргыздар сепке саймаланган 40 жууркан-төшөк беришет экен. Сайманы кыздар өздөрү эс тарткандан баштап сайышат. Мындан сырткары сөзсүз түрдө сандык, 2-3 туш кийиз, шырдак, ала кийиз берилет. Жууркан-төшөктүн көп берилишинин себебин келген конокторго септин ичинен буюм берүү салты менен түшүндүрүүгө болот. Бизде деле бул салт сакталып келет. Мисалы, Таласта кайнене-кайнатасына, өкүл ата-өкүл энесине арналып атайын жууркан жасалат.
Кыргыздар көшөгө берүүдө ар кандай ырымдарды колдонуп келишкен. Азыр кызга «парда кылып тагып аласың» деп экиге бөлүнгөн көшөгө берип жатышпайбы. Илгерки көшөгөлөр андай эмес, бир тартылчу. Анткени «эки жаш эки жакка бөлүнбөсүн» деп ырымдашчу. Анан да «ушул көшөгөдөн агарып-көгөрөлү» деп уулу үйлөнгөнчө сактап, жаңы келинге тартышчу экен.
Учурда эки тарап сүйлөшүп алышып калың берип, сеп алышып жатышат. Ар ким чөнтөгүнө жараша, заманга ылайык, шырдактын ордуна килем, сандыктын ордуна эмерек, үй-тиричилик буюмдары сыяктууларды беришүүдө. Негизи, кызга сеп камдоо – ар бир ата-эненин милдети. Бекеринен элибизде «кыз себи менен көрктүү», «септи 6 жашынан камдасаң, ашырасың, 7 жашынан камдасаң, жеткиресиң» деген кептер айтылбаса керек.
– Дүкөндөгү бардык төшөк-жууркан­дарды өзүңүз жасайсызбы?
– Турган буюмдардын дээрлик баары өз колумдан жаралган. Ар бир буюмду өз кызыма жасагандай эле жасайм. Төшөктөрдү сапаттуу, кымбат кездемелерден тигип, ичине жалаң жаңы, таза кебездерди салам. Кээ бирөөлөр эски кебездерди кайра тыттырып салып коюшат экен. Негизи, кыздын себине берилүүчү төшөктөрдүн ичине жаңы кебез салыш керек. Анткени жаңы турмуш башталып жаткан соң баары жаңы, таза болууга тийиш. Бул жерде жууркан-төшөктөн тышкары кыргыз көйнөк, чапан, көшөгө, сандык, бешик жана башка буюмдар бар. Орто эсеп менен 30-35 миңге сеп даярдап кетсе болот. Бирок бизде андайлар сейрек кездешет. Бирөөсү көңүлүнө жаккан буюмду алса, кээ бирөө даяр болуп калган себин бирин-серин жетишпеген буюмдар менен толуктап алып кетишет. Жаш-жаш кыздар келип, айлык алган сайын өздөрүнүн себине аз-аздан буюм алып топтогону мени кубандырат. Башка кыздарга да ушуну сунуш кылар элем.

БАШКА ЭЛДЕРДЕ СЕП БЕРИЛЕБИ?
Бул суроого жооп алуу максатында ар улуттун өкүлдөрүнө кайрылып, төмөнкүдөй маалыматтарды алдык.
Түрктөрдө төшөктөрүнө кебез салуу уят деп эсептелет. Сөзсүз жүн салынышы керек. Ошондой төшөк, жууркандардан он чакты берилет. Аларда кыз менен жигитке кийит кийгизмей да бар. Мисалы, кыздын ата-энеси күйөө баласына саатынан баштап эки сыйра жука, калың байпакка чейин бериши шарт.
Корейлерде келинге калың төлөө деген маселе жок. Ал эми эки жашка туугандары колунан келишинче, мүмкүнчүлүгүнө жараша белек беришет да, белектин баары эки жашта калат.
Дунгандарда кызга сеп жакшы берилгени менен, калың өтө чоң эмес. Калың берилет, бирок бул символикалуу түрдө гана деп эсептелет. Себет жана кийит деген баш оорутмайлар дунгандарда жок. Кыздын ата-энеси канча бир тууганы болсо, ошолорго бирден чоң белек, мисалы, эмерек алып бересиң деп тапшырып, бөлүштүрүп коюшат. Сепке шыпыргыдан тартып бардыгын кошушат.

ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР

  • Шырдак, ала кийиз, килем, туш кийизди ар дайым кургак кармап, күбүп, мезгил-мезгили менен күнгө жайып туруу керек. Буларга күбө өч болгондуктан, жыйылып турганда нафталин сээп же арасына эрмен, шыбак, жаңгактын жалбырагын салып койгон оң.
  • Жер төшөктүн узундугуна жараша кебез салынат. Мисалы, 3 метрлик жер төшөккө 3-3,5 килограмм кебез салса болот. Ал эми чоң жууркандарга 4-5 килограммга чейин кебез салынат.
  • Кебезди салганда кебез кездемеден 2-3 сантиметр ашыкча салынышы керек. Антпесе оодарганда төшөктүн четтери бош болуп, кыюусу жакшы көтөрүлбөй калат.
  • Жууркан-төшөктү күн жылуу мезгилде көктөп алган туура. Анткени күн салкындаганда кебез ным тартып, темене жакшы өтпөй калат.
  • Төшөктөрдү да мезгил-мезгили менен күнгө жайса, барпайып турат.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(9)
11.12.2010. 16:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
30-04-2010
Соӊку аракети:
03-09-2015 17:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Сеп беруу ар бир ата-эненин милдети болуш керек. Акчан болсо баары даяр! Калынга берген акча кайра эле эки эселеп чыгып кетет. Байкуш ата-энелер эле кыйналышат. Бирок, балдары учун эч нерсени аябайт, ата-энелерибиз.
12.12.2010. 11:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
154
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
19-09-2018 13:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Кызынды бак, чонойт анан куйоого бергенде да калындан эки эселеп коп сеп бер. Эх, салтыбыз. Менимче кызга сеп берууго ата-эне милдеттуу эмес.
12.12.2010. 18:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
13-11-2010
Соӊку аракети:
12-12-2010 19:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzdyn saltary uwundai turbaiby. Aila jok
13.12.2010. 15:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
15-12-2007
Соӊку аракети:
07-11-2013 11:37
Жынысы:
Белгисиз
0
beker ele jatat jiyilip,koldonboysun dele.ashikcha ele chigasha.
13.12.2010. 18:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
462
Катталган:
25-03-2007
Соӊку аракети:
06-09-2017 17:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
bishkek
0
Bizdiki ashykcha. Koop ele ugabys kalyng berip koiyup anan kyzdy kordogon ata-enen septi normalduu bergen jok dep. Biri birine atandashyp ele juurushot,kyz mene balaga kerektuu belekter berilsin boldu,bashka ashykcha shaan-shokot keregi jok dep esepteim...
13.12.2010. 18:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
04-11-2010
Соӊку аракети:
17-08-2011 13:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Upsalla, Sweden
0
Чындыгында азыркы учурда коп нерсеге озгоруу кирип бара жатат, менимче бул - жакшы, деп ойлоймун, цивилизация карап озгорушу керек баардык нерсе! А бирок мынандай салтыбыз ошол бойдон калганы бир чети кубандырат, а экинчи чети, шартка оор келет, себеби, жашоо баарында бирдей эмес, бул капалантат! Андан коро калынга, сепке кеткен акчаны эки жашка берип койсо, бир керээгине жумшайт, жогоруда туура айткан, жыйылып турат, деп! Азыркы учурда бир жерде тургандын кереги жок, ал нерсе осуп турушу керек!
14.12.2010. 11:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
21-04-2010
Соӊку аракети:
20-12-2013 23:16
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге бул деген илгертеден калган салт деп койот туура эле сеп бериш керек ар ким оз акыбалына жараша берет да.бут баары бирдей эмес туура
14.12.2010. 12:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
21-04-2010
Соӊку аракети:
20-12-2013 23:16
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге бул деген илгертеден калган салт деп койот туура эле сеп бериш керек
17.12.2010. 15:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
17-12-2010
Соӊку аракети:
14-01-2011 13:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы чоркок энелер айтат экен,бармак жок болсо,базар бар деп.Буга сиз кандай дейсиз?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: