Бишкекте 2021-жылы оң рулдуу унаалардын айынан 15 адам каза болгону маалымдалды.
Билим берүү жана илим министрлиги: “Эми мамлекеттик бала бакча, мектеп жана колледж жетекчилери сынак аркылуу тандалат”.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 2 кызматкери баңгизат менен кармалды.
Чүй облусунун башчысы Эркин Тентишев ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.
Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта балдарга берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулдун суммасын көбөйтүү пландалып жатканы айтылды.
Нурил Алымбаев Чүй облусунун башчысы болуп дайындалды.
Башкы прокуратура: Баткен мэриясы 5 гектардан ашык жер тилкесин жеке тараптарга мыйзамсыз берип жибергени аныкталды.
Мыйзамдын талаптарын бузганы үчүн 4 акча алмаштыруучу жайга Улуттук банк 55 миң сомдон айып салды.
Лейлектин Чурбек айылында 225 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп курулуп пайдаланууга берилди.
ИИМ: Каржы пирамидасы адамдарды алдоо аркылуу өнүгүүдө.
7-Апрель окуясына быйыл 12 жыл болду, президент Садыр Жапаров "Ата бейитке" барып маркумдарды эскерди.
Бишкектин четиндеги Биримдик-Кут конушунун тургуну 2 жашар небересин автоунаасы менен сүзүп кетип, бала ооруканада каза болду.
Кыргызстанда 4, 5, 6, 7-апрель күндөрү коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок.
Март айында Орусиядан Кыргызстанга 15 адамдын сөөгү жеткирилгени маалымдалды.
“Алдамчылык” беренеси боюнча “Ихсан” кооперативине кылмыш иши ачылганы белгилүү болду.
Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, ишке киришти.
Жогорку Кеңеш башкы прокурордун 2021-жылга карата отчётун канааттандырарлык деп тапты.
Бишкек шаарынын 2022-жылга бюджети 15 миллиард 22 миллион 500 миң сом болуп бекитилди.
Евросоюз Кыргызстандын билим берүү системин колдоого 32 миллион евро суммасында грант берет.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.