Садыр Жапаров: “КУМТӨР” ТОЛУГУ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНГА ӨТТҮ”

"Кумтөр" алтын кени толугу менен Кыргызстанга өттү. 4-апрелде президент Садыр Жапаров түз эфирде кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, өлкөдө тарыхый бурулуш жасалганын жарыялады.

– "Кумтөр" кени мындан ары толук түрдө Кыргызстанга таандык, компания 100 пайыз республиканыкы. Муну кыргыз элине жана жалпы дүйнө коомчулугуна жарыялайм. "Центерра" менен талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу боюнча келишимге жаңы эле кол коюлду. Бүгүнкү күндү өлкөбүздүн тарыхындагы чыныгы бурулуш учур десе болот. Анткени элибиз бүгүн өз тагдырына болгон жоопкерчиликти өз колуна алды. Улуттук кызыкчылыкты коргоо деген ушундай болушу керек,- деди президент.

Кыргыз бийлиги менен “Центерра” буларды макулдашты:

- "Кумтөр" компаниясынын 100 пайыз акциясына Кыргызстан ээлик кылат.

- "Центерра" "Кыргыз алтын" ишканасы 2021-жылы албаган дивиденддин таза суммасына барабар акчаны (11 миллион доллар) жана башка финансылык компенсацияларды Кыргыз өлкөсүнө төлөйт.

- 2021-жылдын май айында кенге тышкы башкаруу киргизилген. 2021-жылдын 15-майынан берки бардык пайда Кыргызстанга таандык – бул 323 миллион доллардан ашык.

- "Центерра" Кыргыз тарапка бир жолку төлөнүүчү 50 миллион доллар төлөмдү төлөйт.

- "Кумтөр" кенин рекультивациялоо фондуна 53 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат Кыргыз Республикасына кайтарылып берилет.

- "Центерра" 2021-жылдын май айында алып кете албай калган алтындын партиясы үчүн 29 миллион долларды төлөп берүү боюнча койгон талабынан баш тартты.

- Компания коюлган бардык талаптарды алып, АКШда, Швецияда, Канадада Кыргызстанга каршы соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды толук жана биротоло токтотот.

- "Кыргыз алтын" ишканасы "Центеррага" 26 пайыз үлүшүн өткөрөт.

- Кыргызстан дагы канадалык компанияга каршы дооматтарды токтотот.

БУУ Кыргыз бийлиги менен "Центерранын" ортосундагы талаш тынчтык келишим менен чечилгенин кубаттады.

Айрымдар Кыргызстандын “Кумтөр” боюнча экологиялык жана башка доолордон баш тартканын сындап жатышат. Кенде рекультивация иштерин жасоого миллиарддаган сумма жумшалат дешет алар. Көп жылдан берки талаш чечилип, “Кумтөрдүн” биротоло мамлекеттин колуна өтүшүнүн өзү жеңиш дегендер дагы көп.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1009, 8-14-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан