– Аткезчилер өзбек чек арачыларынын токтотуу талабына баш ийишкен эмес. Аларды кармоо учурунда чыр чыккан. Өзбек чек арачылары өздөрүн коргоо үчүн курал колдонушуп, 2 жаран алган жаракатынан улам каза болду. Калгандары Кыргызстандын аймагына качып өтүүгө үлгүрүшкөн,- дешти мекемеден.
Белгилүү болгондой, каза болгондор Өзбекстанда туулуп өсүшүп, 2012-жылы Кыргыз жарандыгын алышкан. Дейрес айылынын 1984-жылы жана 1991-жылы туулган тургундары. Маркумдардын сөөгү 5-апрель күнү түн жарымда Кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. Учурда аткезчилик жүктү ташууга катыштыгы бар делип качып кеткен жарандарды издөө иштери жүрүп жатканы айтылды.
Кыргыз-Өзбек чек арасындагы кырдаалды 6-апрелде Чек ара кызматы “салыштырмалуу туруктуу” деп атады. Дейрес айылы Аксы районунун Өзбекстан менен чектешкен айылдарынын бири. Аталган айылда буга чейин да чек ара жаңжалдары болуп келген. 2020-жылы айыл тургундары Дейреске караштуу жер тилкелери коңшу өлкөгө өтүп жатат деп бийликке ачык кайрылуу жолдошкон. Мындай кайрылуулар кийин да болуп келген.
Лунара Бекиева