Шоумен Манас Алыкулов жакында Германияга барып, Мерген Турган, Нурмат Садыров менен концерт коюп келди. Ушул окуя, чыгармачылыгы, үй-бүлөсү, Германияда жашап жаткан Мерген Турган тууралуу айтып берди.
– Манас, салам. Европага барып келдиңиз, ошол тууралуу айтып берсеңиз.
– Салам. Мен Орусияда Нурлан Насиптин концерти менен гастролдоп жүргөндө Сыймык Бейшекеев телефон чалып, “Европага барасыңбы? Ноорузга карата концерт коюп кеткиле деп кыргыз мекендештер чакырып жатышат” деп калды. “Барам” десем, “келгенде визага тапшыр анда” деп Кызыл-Аскерге барып келесиңби дегендей эле айтты (күлүп). Ошентип барып калдык. Ал жактагы мекендештер мага, Нурмат Садыровго чакыруу жөнөтүштү. Барып концерт коюп келдик. Европага баруу кыялым болчу. Ал жакта кыргыздар көп экен. IT тармагында иштегендер, программисттер, илимдүү-билимдүү кыргыздар көп экен. Биз Гамбург, Франкфурт-на-Майне, Мюнхен, Берлинде концерт койдук. Гамбургга барсак эле Мерген Турган байкебиз келип калды, биздин келгенибизди угуп келиптир. Өзү Германияда жашап жатыптыр. Ал жакка биротоло кеткен экен. Анан Мерген байкени кошуп алып, үчөөбүз 12 күн чогуу жүрдүк. Франкфурттагы концертке Чехия, Португалия, Испания, Италия, Польшадан кыргыздар келишти. Концерттен сырткары Францияга барып кыдырдык. Ал жакта элчи болуп жүргөн Садык Шер-Нияз менен жолугуп сүйлөшүп отуруп чай ичтик. Австриянын Моцарт төрөлгөн, шедеврлери жаралган Зальцбург шаарына, Моцарттын музейине бардык.
– Мерген Турган байке кандай жүрүптүр?
– Жакшы. “Эмнеге кетип калдыңыз?” десем, “Кыргызстанда бааланбай калдым, жумуш деле жок, эч жакка чакырылбай калдым” деди. Капа болгондой сезилди. Ал жактан өзүн жакшы сезип, дем-күч алып калыптыр. Сахнаны, кыргыз элин сагыныптыр, ачылып-төгүлүп ырдап берип жатты. Чыныгы талант ал киши.
– Талантыңыздар менен европалыктарды таң калтырган экенсиздер, ушул тууралуу пост окуп калдым эле...
– Францияга барганда Садык Шер-Нияз менен жолуктук дебедимби. Ошондо ресторанга кечки тамактанууга барганбыз. Андай ресторанды мен кинодон эле көрчүмүн, сонун экен. Бир маалда Садык байке “ырдаса болобу?” деп сурап калды. Алар “болот” дешти. Мен испан тилинде, орусча ырдадым. Ал орустардын рестораны болчу. Ырдасам эле ошол жакта отургандар кол чаап, биз дароо сыйлуу конокко айландык. Ресторандын ээси келип, “таланттуу экенсиңер, ресторанды шаңга бөлөдүңөр. Ошон үчүн силерге баары бекер болсун” деди. Бирок эсепти сурадык, биздин акча менен 60 миң сом болуптур. Садык Шер-Нияз “мен силерди коноктоп жатам, жарымын төлөйүн” деп төлөдү.
– Жакшы. Өзүңүз айткандай, ырчылык өнөрүңүз да бар. Өркүндөтөйүн дейсизби же ырчы болгон жакпайбы?
– Ырчылык жагат. Тойго мени “бул бала алпаруучу дагы, ырдайт дагы” деп чакырышат. Ошого жараша мен дагы ырларды жаздырам, ырдайм. Жакында Алтынай Нарбаева, Гүлнур Сатылганова менен дуэт жаздырдым. Курал Чокоев экөөбүз орозого карата “Жарамазан” деген ыр жаздырдык. Жаңылыгым бар, ушул жылы, буюрса, жеке концертимди берейин деп жатам.
– Азыр таланттуу болгону үчүн атагы чыгып жаткан ырчылар көппү же хайп менен таанылгандарбы?
– Ар кандай. Мисалы, мен Нурлан Насип менен 1 ай гастролго чыгып келдим. Ал чыныгы талант экен. Поездде баратып эле бир обон жаратып койду. Ал обон, буюрса, хит болот. Нурмат Садыров менен гастролдо жүрдүм. Ал да талант экен. Сөзмөр, куудулдук өнөрү да бар. Кээ бирлер бар, ырдай албайт деле, бирок ырдап чыгышат. Анан карасаң, Youtube'да аябай көп көрүлөт. Элдин табити ар кандай экен. Ар кимдин өз күйөрманы бар экен. "Бул мындай ырдайт экен же ырдай албайт" деп жаман көрүнгүм келбейт. Бирок ырдай албай туруп жылдыз болуп кеткендерге таң калам.
– Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз, балдарыңызга кандай ата болуп жатасыз?
– 2 балам бар. Балдарым аябай ширин. Мен баласаак, жоопкерчиликтүү атамын.
– Кандай жолдошсуз?
– Романтикмин. Келинчегиме гүл берип турам. Парижден “Диордун” атырын алып келип бердим. Кээде тамак жасап үйдүн ичинен жолугушууга чакырам. Экөөбүз тең жаратылыштын коюнунда эс алганды жакшы көрөбүз, бала-чака менен сейилдеп турабыз. Мамилебиз жакшы, ал мени туура түшүнөт.
– Кызганабы?
– Кызганбайт деле, анткени семизмин да. Семиздерди көп кызгана беришпейт экен. Мени аялымдан башка ким карайт? Урматтуу аялзат, күйөөңөр семиз болсо сүйүнгүлө, аларды эч ким карабайт (күлүп).
– Иниңиз Гүлжигит мыкты футболчу болду. Сыймыктанасызбы?
– Кантип сыймыктанбайсың? Мурда МАИ кызматкерлери “Жаныбек Алыкуловдун баласысың да” деп коё бришсе, азыр “Гүлжигит Алыкуловдун байкесисиң да” деп коё беришет. Жаныбек Алыкуловдун баласы, Гүлжигит Алыкуловдун байкеси болгон сонун, мындан өткөн бакыт жок.
– Мыйзам бузсаңыз деле коё беришеби?
– Өтө катуу мыйзам бузсам айып пул төлөйм, протокол жазышат. Коопсуздук курун тагынбай калган сыяктуу жеңил эле эреже бузуу болсо, анда сыйлап коё бериши мүмкүн. Менде “баланчанын баласымын, мени сыйлашсын” деген нерсе жок. Кээ бир МАИ кызматкерлери “сизди тааныйм, таланттуусуз, эл кызматында жүрөсүз, келиңиз эми, мыйзам баарыбызга бирдей” деп туруп айып кагазын жазып беришет. Аны туура кабыл алам. Ар бирибиз мыйзам алдында бирдейбиз.
– Токтотуп алып "күлдүрчү" дегендер болобу?
– “Ырдап берчи” дешет. Антсе ойлонбой туруп дароо ырдап баштайм. “Анекдот айтып берчи” десе да дароо айтып баштайм.
– Айтып бериңизчи анда.
– Бир мугалим эже окуучулардан үй тапшырмасын сурап жатат дейт:
– Корошов, окуп келдиңби?
– Эже, кечээ үйдө жарык өчүп калды.
– Үйүңөрдө жарык өчө берет дайыма, отур, “2”. Карачов, окуп келдиңби?
– Жок, эже, кечээ үйгө коноктор келип калды.
– Үйүңөрдөн конок үзүлбөйт, отур, “2”. Алтынбеков окуп келдиңби?
– Жок, эже. Кечээ таякем түрмөдөн чыгып келип, ошону коноктоп калдык.
– Таякең түрмөгө эмне болуп отурду эле?
– Убагында мугалим эжени өлтүрүп коюп отурган.
– Сен мени антип таякең менен коркутпа, отур, “4”,- дейт экен.
– Сизге эркин микрофон...
– 2005-жылдан бери “Супер-Инфонун” эң чоң фанатымын. Экинчи ирет башкы бетке чыгып жатканыма өзүмө ишенбей, өзүм менен сыймыктанып жатам. Эмгекти баалап, сыйлап жатканыңар үчүн сиздерге ыраазычылык айтам. Кыргызстан жакын арада өнүгүп-өсүп, эң сонун өлкөлөрдүн катарын толуктайт деп ишенем.
Перизат Музуратбекова