Азамат Жаманкулов – жаш, харизмалуу, өз ишин мыкты билген министр. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин жетектөөгө эки жолу дайындалганы да ушундан улам болсо керек. “Негизги максатым – элдин руханий көрөңгөсүн толтуруу” дейт министр. Калганын маектен окуй аласыз.
– Саламатсызбы, Азамат мырза? Эл арасында маданият тармагына спорттун кошулушуна каршылар бар. Спорт – көйгөйү аз эмес чоң тармак, сиздин жумушта маданиятка басым жасалып, спортко тиешелүү маселелер көңүл сыртында калып калбайбы?
– Саламатчылык. Өзүңүздөр билгендей, өлкөдө реформалар жүрүп, бир канча тармактар бириктирилди. Спорт маданият тармагына кошулган. Мындай башкаруу моделдери негизи тажрыйбада бар. Мисалы, Казакстанда, Азербайжанда кездешет. Ошондуктан мен муну такыр эле башка, алыстан келген тармак катары көргөн жокмун. Менимче, азыр тармактардын кошулуудагы эффектиси мурдагыга караганда жакшыраак. Албетте, ар бир тармактын өзүнүн көйгөйлөрү бар, бирок спорт тармагы көңүл сыртында калган жок. Спортто негизги көйгөй инфраструктурага байланыштуу. Заманбап арена, залдарыбыз жокко эсе. Буюрса, быйыл Бишкектеги Түштүк магистралдын өйдө жагына 20 миң көрүүчү батчу футболдук стадион куруу пландалууда. Балбан кыздарыбыз Токиодон ийгиликтүү кайтышкандан кийин кыздардын машыгуу залын куруу долбоорлорун даярдап жатабыз. Хоккей боюнча Дүйнөлүк чемпиондук өткөрдүк, эл арасында хоккейге кызыгуу ойгонду. Айыл жерлеринде футбол, волейбол, күрөш боюнча залдар жакшы деңгээлге жетип калды. Биздин максат – айылда, шаарда бардык спорт түрүнөн балдарга машыгууга шарт түзүп берүү. Биз буга акырындан бара жатабыз.
– Саламаттыкты сактоо министри академиктер менен тирешип, кескин өзгөрүүлөрдү жасап жатат. Билим берүү жана илим министри да реформаларга киришти, сиз кандай иштерди жасоого жетиштиңиз?
– Маданият тармагында 20 жылдап бир имаратты басып жаткан эч ким жок. Биздеги негизги көйгөй – маданий жайларды оңдоо, ал жакта иштегендерге шарт түзүп берүү. Маданият кызматкерлеринин да айлыгы 100 пайызга көтөрүлдү. Улуттук филармония, Опера-балет, Кыргыз драма театрларын оңдоп бүттүк. Орус драма театры оңдолууда. 30 жылдан бери бир да театр кура элек экенбиз, Бишкекке 2 театр куруу пландалууда. Манасчыларга, дастанчыларга жана төкмөлөргө “Манас” театрын ачып бердик. Жакында, буюрса, бир айдын ичинде 30-35 адамдан турган куудулдар театрын ачалы деп жатабыз. Бул боюнча сунушубуз башка министрликтерге макулдашууга кетти. Контент маселеси да бар, кандай спектаклдер элди тартат, канчалык элдин аң-сезимин ойготуп руханий көрөңгөсүн толтурууда, аны да карайбыз. Ар бир опера, балет, спектаклге акча бөлүнүп баштайт, буюрса.
– Азыркы кызматыңызга экинчи жолу дайындалдыңыз, отставкага эмне себептен кеттиңиз эле?
– 2020-жылы Октябрь айындагы саясий окуяларга байланыштуу кеткем. Эмнеге кеткенимдин себебин айтышкан жок. Ал убакта министрлердин баары отставкага кетишкен негизи. Бул мамлекеттик кызмат, “кетесиңби, кетпейсиңби?” деп сенден эч ким сурабайт. Мени кетирип, бир күндө эле башка министрди дайындап коюшту. Аткаруучу кызматта болгондон кийин чечимге баш иесиң да. Бирок бир жылдан кийин кайра чакырышты, "талапкерлигиңди карап жатабыз" дешти, бүтүндөй системди алдыга жылдырууга, өзгөртүү киргизүүгө, реформалык кадамдарды жасоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүп беришти.
– Нуржигит Кадырбеков министр кезинде концерттердин афишаларына “Жандуу үн” же “Фонограмма менен” деп жазылышы керек деген буйрук чыгарды эле, ал буйрук азыр иштеп жатабы?
– Ооба, министрдин ушундай буйругу чыккан, бирок мыйзам катары кабыл алынган эмес. Фонограмма боюнча ага чейин деле ошондой нормалар бар болчу. Биз мамлекеттик деңгээлдеги бардык маданий иш-чараларды фонограммасыз өткөрүү буйругун чыгарганбыз. Бул буйрук аткарылып келе жатат. Бүтүндөй фонограммага тыюу салуу бир аз кыйыныраак, анткени ырчыларга жандуу үн менен ырдоого толук шарт жок. Дүйнө жүзүндө фонограмма колдонулат, мисалы, чоң стадиондордо ырдап жатканда үндү көпчүлүккө жеткирүү абдан оор. Биз акырындан элди көндүрө баштасак, эл өзү эле фонограмма менен же фонограммасыз концерт деп ылгап барып калат.
– Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, жаш жетекчи бала кезинде эмне жөнүндө кыялданчу?
– Учурда 34 жаштамын. Балалыгым Талас облусунун Бакай-Ата районунда өттү. 7-класстан баштап Талас районундагы “Манас” жатак лицейинде окудум. Балалыгымдын көбү интернатта өтүп, менин атам да, энем да мугалимдер болушту. Апам кичинемде каза болуп калган, атам учурда фермерлик менен алектенип, үй-бүлөсү менен Сокулук районунда турат. Эки бир тууганбыз, агам Москва шаарында эмгектенет. Кайсы жоокер генерал болууну кыялданбайт? Мен кичинемде министр болом дебесем да, мамлекеттик кызматта иштегенди самачумун. Кийин жогорку окуу жайды бүткөндө бизнес иштери менен чет өлкөлөрдө көп жүрдүм. Башка мамлекетте иштеп калуу мүмкүнчүлүгү менде көп болду. Бирок мени дайыма коомдук, мамлекеттик кызматтар кызыктырчу. Өзүм да кеч үйлөндүм. Учурда жубайым экөөбүз 1,5 жаштагы кызыбызды тарбиялап жатабыз.
– Кичинесинде абдан шок балдардан кийин таланттуу спортчу чыгат дешет, сиз бала кезде кандай элеңиз?
– Ашынган тентектигим эсимде жок. Коомдук иштерге активдүү катышып, балдарды экскурсияларга алып барып, бир нерсе уюштура калганга шыктуу элем. 9-классымда лицейдин спикери, андан кийин президенти болгом. Сабактардан жакшы деле окучу эмесмин. Бирок информатиканы жакшы көрчүмүн. Ал сабактан райондук, облустук, республикалык олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды алгам.
– Өзүңүздү чыныгы таластык мырза сезесизби? Гүлчөтайды тамшана жеп, анча-мынча мактанып коймой адат барбы сизде?
– Чынын айтсам, Таласка барганымда мага көптөр “таластыктарга окшош эмессиң” деп айтышат. Ооба, гүлчөтайды жакшы көрөм. Үйдө эки күндүн биринде гүлчөтай жасалат. Ал эми мактанган жагынан “точно” таластык эмесмин. Коомчулукта активдүү болгонум менен, таластыктар чогулуп отуруп калганда эң жөнөкөйү мен болуп калам. Менден кыйындар көп (күлүп).
– Кызыктуу маегиңиз үчүн рахмат!
Лунара Бекиева