2017-жылы 7-октябрда ошол кездеги экс-вице-премьер-министр Темир Жумакадыров Талас облусуна президенттик шайлоо иштерине даярдыктарды текшерүү үчүн баратып жол кырсыгынан каза болгон. Вице-премьердин жубайы Нора Суюналиева өмүрлүк түгөйү тууралуу “мага, кыздарыбызга чыныгы эркектин үлгүсүн көрсөтүп кетти. Кайталангыс адам эле” деп эскерди. Анда атактуулардын сүйүү баянын макаладан окуңуз.
ТЕМИР ЖУМАКАДЫРОВСУЗ 5 ЖЫЛ
– Жолдошум Темирдин көз жумганына 5 жыл болду. Убакыттын тездигин кара, кудум кечээ эле тирүү жүргөндөй көз алдыма тартылат. Ансыз 5 жыл кантип өткөнүн айтайынбы? Кайгынын бардык этабын басып өттүк. Алгач анын жок экенин кабыл ала алган жокмун. “Кантип? Ушунчалык батпы? Өтө жаш эле го” дедим. Ишенген жокмун. Экинчи этапта аң-сезимимде түшүнүүгө аракет кылып баштадым. Бирок бул абдан оор. Бул абалды жакынын жоготкон адам гана түшүнөт. Темирдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган. Кээде ошол көрүстөндү айланып сейилдеп бассам жеңилдеп калар элем. Анын жанымда экенин ичимден сезчүмүн, колдоосун туяр элем. Бир жолу ошентип сейилдеп жүрүп Жоомарт Бөкөнбаевдин көрүстөнүнө көзүм түшүп калды. Ал 34 жашында каза болгон экен. Ал эми Темир 38 жашында бизди таштап кетти. 100 жыл мурун каза болгон акынды эл алиге дейре эскеришет, демек, аз өмүрүн татыктуу жашап өтүптүр дедим. Бул окуя мага Темирдин дүйнөдөн эрте кеткенин кабыл алууга жардам берди. Темир аз, бирок саз жашады. Учурда атабыздын жок экенин, анын түбөлүк сапарга кеткенин кабыл алган этаптабыз.
Кыздарым менен Темир тууралуу, анын юморлору жөнүндө күндө сүйлөшөбүз. Мына бүгүн сизге маекке келе жатып колума Темирдин саатын тагып алдым. Эртең менен издеп таппай калган элем, кыздарым таап беришти. Башында Темир менен түшкөн сүрөттөрдү, видеолорду такыр көрө алчу эмесмин. Сүрөтүн карасам тирүү көздөр мени карап жаткандай, эшиктен азыр кирип келе тургандай сезиле берчү. Темир кара кепка, кызыл футболка көп кийчү, жолдон ошондой кийинген мырза көрсөм “ошолбу, ошол эмеспи?” деп жүрөгүм шуу дей түшчү. Азыр биз кайгынын бардык этабынан өттүк, кабыл алдык, жеңдик.
“МЫКТЫ ЭРКЕКТИН ҮЛГҮСҮН КӨРСӨТҮП КЕТТИ”
– Темир стереотиптүү кыргыз жигити эмес болчу. Көп учурда биздин менталитеттин нормалары боюнча эркектер аялына болгон ашыктыкты ачык билдире алышпайт эмеспи. Мисалы, эркектер аялдарына “сени сүйөм” деп айта беришпейт. Ал эми Темир андай эмес эле, күндө “сени сүйөм” деп айтчу же Вотсаптан жазып, жүрөкчөлөрдү жиберип коёр эле. Туугандар менен жолукканда мени кучактап, “менин аялымдын курсагын тойгузуп койгула” деп табыштачу. Ошол жерден туугандардын “ой Темир аялын бузду" деген тамашалар кетер эле. Бири-бирибизге болгон сый өтө жогору болду. 13 жыл никеде жашап мени “ой, жиндисиң го” деп айтканын уккан жокмун. Өкүнгөнүм, кыздарым ошондой эркектин үлгүсүн көбүрөөк көрсө болочоктогу жолдошун табууда ошондой типтеги мырзаларга басым жасамакпы дейм. Темир каза болгондо улуу кызым 12, ортончусу 7, кичүүсү 4 жашта эле.
“БИЛИМГЕ ИНВЕСТИЦИЯ САЛУУНУ НЕГИЗГИ БААЛУУЛУК ДЕП ЭСЕПТЕЧҮБҮЗ”
– Биздин үй-бүлөнүн өз принциптери бар эле. Темир экөөбүз тең кыздарыбыздын жеке менчик мектепте окушун кааладык. Анткени билим сапаты жакшы. Ушул үчүн биз көп нерседен баш тарттык. Азыр Темир жок болсо деле мен үй-бүлөдө орноп калган принциптерди өзгөрткүм келген жок. Кыздарды жеке менчик мектепте окутам.
Негизи эле Темир материалдык баалуулуктарга басым жасабаган адам эле. 1999-жылы чыккан Мерседес үлгүсүндөгү унаа айдачу, ал унаа дагы деле бар, кээде айдап калам. Батирибиз жок, 8 жыл апамдын батиринде аны менен чогуу жашаганбыз. Болбосо ал эл аралык уюмдарда, мен да жакшы жумушта иштечүмүн. Бирок балдар торолуп, чоңойгон сайын чыгым да көбөйүп батирге каражат топтогонго жетишкен жокпуз. 2017-жылдары мамлекеттик ипотека программасы менен батир алдык. Ушунчалык кубандык. Август айында оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүп, сентябрда көчүп кирели деп жатканбыз. Үйдүн оңдоп-түзөө иштерин өз колу менен, берилүү менен жасады. Чогуу үйдү иретке келтирип, эмерек сатып алдык. “Дордойдон” килем сатып алып, конок тосуучу бөлмөгө жайып “жаным, карачы, кыялдар орундалат” деп килемде ары-бери басып жүргөнүн эч унута албайм. Ал үйгө эл конокко эмес, кайгылуу кабар айтып келишет деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Мен үйүбүздү жакшы көрөм, андагы бардык нерсе мага Темирди элестетет.
“ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗ КУРСТАШ ЭЛЕК”
– Темир менен 1996-жылы университетке тапшырганда тааныштым. Окуу жылы башталарда жаңы окууга тапшырган студенттерди парталарды жууп-тазалоого чакырышат эмеспи, ошондо Темир мени биринчи жолу көрүп жактырып калган экен. Бирок чочутуп албайын деп алгач достук сунуштады. 5-курска чейин дос, курсташ катары сүйлөшүп жүрдүк. Бир жолу апам экөөбүз Чолпон-Атада эс алып жүрсөк, биз жашаган пансионатка келип, алгачкы жолу сезимдерин билдирген. Мени Темир сылык мамилеси, лидерлик сапаттары менен багындырды. Анткени аны менен көп жыл дос болуп жүрүп тарбиясы, билими мыкты экенин билчүмүн. Мен шаарда чоңоюп өскөм, айылда 2-3 күндөн ашык жашаган эмесмин. Окууга көп көңүл буруп, кичүүсү болгондуктан үй жумуштарын көп жасатышкан эмес. Ал эми Темир чолпон-аталык, чоң үй-бүлөдө чоңойгон. Мен ошентип көп балалуу үйгө келин болуп барып калдым. Жайында үйүбүзгө эс алганы көп туугандар келишет. Суу ташыйсың, бир казан тамак жасайсың, айтор, башында аябай кыйналдым. Бирок Темир “кабатыр болбо, Нора, тез эле үйрөнүп кетесиң” деп жубатып калчу. Чын, оокат кылып кеткенди үйрөндүм. Азыр ошол күндөр жашоомдо болгонуна сыймыктанам. Темирдин ата-энеси абдан жакшы адамдар, кайгы бириктирет дешет, жолдошум каза болгондон кийин алар менен андан бетер жакын болуп калдык. Кыздарым марттагы каникулда чоң ата, чоң энесиникине барып келишти.
“ӨЛӨРҮН СЕЗГЕНДЕЙ КЫЗЫН ТАЛАСКА АЛБАЙ КЕТКЕН”
– Темир айыл жашоосун да көрүш керек деп кээде аймактарга иш сапарга чыкканда улуу кызыбыз Дарияны алып алчу. Таласка барганга чейин шайлоо иштерине даярдыкты текшерип кызыбыз менен Караколго барып келген эле. Таласка да ээрчитип барам деп жаткан. 6-октябрь Темирди чоңойтуп өстүргөн чоң атасынын каза болгон күнү болчу. Ал күнү жумуштан эрте келип, чоң атасына куран окуттук. “7-октябрда Төө-Ашууда кар жаашы мүмкүн экен, Дарияны Таласка албай эле коёюн” деп калды. Мен макул болдум. Азыр ойлосом, ошондо каза болорун сезгендей таасир калтырат. Анткени Темир эки жардамчысы менен Төө-Ашууга жетпей жол кырсыгынан каза болушту.
Лунара Бекиева