ХОЛЕСТЕРИНГЕ КАРШЫ ЭМНЕ ЖЕШ КЕРЕК?

Клетчатка. Клетчатка холестериндин ичегиде сиңишин төмөндөтөт.

Клетчатка эмнелерде бар? Сулу, кара буудай, козу карын, алма, цитрус жемиштери, буурчак, нокот, жаңгак түрлөрү, пияз, цикорий, топинамбур (таттуу картошка), зыгыр уругу, банан, малина жана карагат.

Өсүмдүк омегасы-3 май кычкылы. Аталган май кычкылы организмдеги зыяндуу холестериндин өлчөмүн төмөндөтөт.

Аларга зыгыр, чычырканак, рапс, соя майы, зыгыр уругу, грек жаңгагы кирет.

Өсүмдүк стеролдору. Бул да холестериндин ичегиде сиңишин төмөндөтөт. Аларга бардык рафинаддалбаган өсүмдүк майлары кирет. Алардан тышкары жаңгак түрлөрү, буурчак, нокот, акшактар, жашылча жана жемиштердин көп түрлөрү кирет.

Антиоксиданттар. Антиоксиданттар кан тамырлардын керегесине холестериндин жабышып калуусунун алдын алат. Бул үчүн өңү кызыл, сары, кызгылт-сары, жашыл, сыя-көк болгон жашылча, жемиш, мөмө-жемиш-
терди жеш керек.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1009, 8-14-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан