АЗЫРКЫНЫН «ЗВЕЗДАСЫ» САЯСАТЧЫЛАРБЫ?

Заман кандай кары, кандай керең,

Закымдап учкан сайын түбү терең...

Ошондой унутулган бир күндөрдө

Кыргызда Толик сынчы өткөн экен,- деп мени да заман менен кошо эстеп койсоңор сүйүнүп калам, бурадарлар. Эми-и, өзүмдү Жаныбек хандын тушунда жашап өткөн чыныгы Толубай сынчы менен салыштыргандан алысмын. Бирок мен да өз заманымдын аздыр-көптүр Толик сынчысы болуп келе жатам. Заман демекчи, азыр балээдей эле демократияда жашап жатабыз. Ким кааласа ошону кылып жатат. Эч ким менен эч кимдин иши жок, балп эттирсе да, тарс эттирсе да, карс эттирип сындырып койсо деле “аа кокуй, бул ушундай да” деп өтүп кете турган болдук. Анда эмесе, ошо балп эткендерди бир “туздайлы”.

АЙ ЛОПУХ...

Кыргыз негизи эми жыргачудай болуп калды. Эй, кыргыз 30 жыл эмес, 30 жылдын ары жагында да мындай министр көргөн эмес десем калп болбойт. Министр дегениң сыпайы болчу эле, эмоциясын эч көрсөтчү эмес, кээ бирлерин сыйлык берип жатканда эле “аа, кокуй, ушул министр тура” деп таанып калчу элек. Азыркынын “ызвездасы” министр болгон заманда жашап жатабыз. Буга мактанып коюш керек. Анткени саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “сахнага чыкканы” Анжелика тиги-бу көлөкөдө эле калды, кокуй.

Хайпы менен эң жогорку деңгээлге чыга алган кайсы министрди көрдүңөр эле? Алчы, ээ, кааласа “Ай, лопух, кайда жүрөсүң? Мен сени үч күндөн бери издеп жүрөм” деп кишини алка-жакадан алат. Кааласа элди “аконит” менен дарылап салат. Ачык айтайын, мага жагып жатат реформалары. Чын да эй, мындай кадамдарды кимдир бирөө ташташ керек болчу да, уктап эле жата берген министрлер, Алымкадыр мырзадан үлгү алгыла. Бир аз мурун бир врачты иштен кетирерде “ушул жерде таластыктар турасыңар, мен силерди эч качан колдобойм” деп балп эттирген. Бирок “собака от меня ушла” дегенди тез түшүнө калып кайра кечирим сураганы да бар. Өзүнөн кеткенди да билген билет да. Бирок бир аз ырчы-пырчы, жылт-жулт эткен блогерлерге да боору ачып “хайп тагынан” түшүп турса жакшы болмок министр. Болбосо бечаралардын оокаты өтпөй калбайбы, хвастограмды жалаң өзү ээлеп алды, атаң көрүнүкү...

КОЛУ МЕНЕН БУЛУТ ЖЫЛДЫРГАН АРСТАН АЛАЙ

Ап-бали дебей не дейсиң? Жашоону көрктөндүргөн “улуу” адамдардын бири да Арстан Алай. Мен улуу адам деп өтө олуттуу айтып жаткам, ушул жерине келгенде күлмөй жок. Анткени кыргызда Манас өткөн, Толубай сынчы, Калыгул олуя өткөн, эми өзгөчөнүн баары өз миссиясын аткарып өтүшкөн. Бирок “колу менен булут жылдыра алган” Арстан Алай азыр сиз менен биздин заманыбызда жашап жатат. Бир жылы “зима не будет” деп айтканы эсиңиздедир. Мендей ишенчээк бечаралар ага ишенип көмүр албай коюп, ошол жылы бапылдап жааган кардан көзүбүз ачылган эмес.

Элдин баары сөгүп эле жатып калышкан. Көрсөчү, аны биз түшүнбөй калыптырбыз. Көрсө, Арстан Алай жылдарды адаштырып алган тура, катыгүн айе. Ошол жылы ошентип айтса, 2022-жылы айтканы келип, кар жаабай койбодубу. Эми аян дегениң деле кээде жылдардан адаштырып түшө берет тура. “Кааласам колум менен булут жылдырып коё алам, бул мага эле келген касиет” деди жакында агабыз. Мага аябай кызык болду да, өйдө-төмөн болгон долларды бир орунда калтырганга, күн санап баасы өсүп жаткан азык-түлүктү арзандатканга, мамлекетибиздеги коррупция дегендин баарын жоюп салганга, мен-мен деген АКШ, Кытай, Орусия мамлекеттери “оо, кыргызым” деп колун бооруна алып сый көрсөтүп калганга жеткиргендей касиети бар болду бекен, ия? Эми Арстан Алай агам, кол менен булут жылдыруу бир аз баланын эле оюнчугундай болуп калды да-аа. Сиз деген чоң, масштабдуу иштерди кылышыңыз керек өзү. И-я, бир аракет кылып көрсөңүз кантет? “Просточу” ээ, кол менен булут жылдыруу азыр такыр актуалдуу маселе болбой жатпайбы, азыр азык, доллар, мамлекеттин бутуна турушу, экономика деген нерселер актуалдуу болуп жатпайбы, кашайганда. Ушуну бир ойлонуңуз, ээ, жогорку күчтөргө да суроо саласызбы, кандай кыласыз ары жагын билбейм... Буга не дедиңиз, агам? Ээ? Ошентиңизчи! Болду, 6 миллион элдин тагдыры колуңузда, если что...

“АЯЛДАР БАРАТ, БОТОМ, БАЗАРГА”

Тобо, биз да кызыкпыз, Жогорку Кеңештин жаш депутаты Айбек Осмонов “кээде базарга аялдарым барат” деп айтса бир-эки күн кыраан каткырып күлүп жатып калдык. Ой, мунун эмнеси бар, аялдар барат да базарга, анан ким бармак эле? Эки аялың болсо ээрчишип алып экөө барат, бирөө болсо жалгыз барат. Такыр аялың жок калгандан Кудай сактасын! Ошо базарга барган аялдар көбөйсүн, ой көбөйсүн дейм да, мен да сөздөн жаңылып...

Бир кишинин эки аялы эмес, жалпы аялзаты тууралуу айтып жатам, эй, эртең мени да аялдары бар экен деп кеп кылып ийбегиле. «Базарга кээде өзүм барам, кээде аялдарым барат. Аялым барат дегеним да…» деп түздөп кеткени жакшы болду депуттатын. Эми-и, иним кээде ушинтип эркектер ачык эле айтып алмай жагыбыз бар. Мен башкага эмес, келинчегиң таарынып калбады бекен деп кабатырмын да-а. Анткени аялдар дайым өзүн “мен мунун жалгыз эле аялымын” деп ойлоп алышат эмеспи. Жаңылып кеткениңди түшүнгөн жан болсо жакшы, анан чыр-пырдан азыр алыс болушубуз керек. Негизичи, абайлайлы, эркектер, балп эттирип алмай баарыбыздын табиятыбызда бар. Баарыбыз эле абайлайлы, ээ?

Мээмде балп эткен көбүңөр эле барсыңар негизи, “өх, мени Толик сынчы байкабай калды, өтүп кеттим” деп ойлобогула, мен баарыңды байкап, эсептеп чоттоп жүрөм. Жүрүм-турумуңарга карап жазып турам. Тамаша, бурадарлар, “бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы” дегендей, бура сүйлөп койдум. Жолукканга чейин, чау!

Толик сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1009, 8-14-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан