Учурда бир топ ырчылар кооператив деген балекеттин тузагына илинип калып, акчасын ала албай же үй ала албай эки ортодо калышты. Андайлардын катарында Клара Алибекова дагы бар, ал учурда батир көйгөйү менен алышып жүргөн чагы. Анда маекке кезек берели.
– Саламатсызбы, Клара? Кооперативден үй алам деп тузакка түшүпсүз, башынан айтып берсеңиз...
– Саламатчылык. Мен бул нерсеге бир эже аркылуу аралашып калдым. Ал чыгармачылыкка тиешеси жок эле адам болчу. Менин батирлеп жүргөнүмдү көрүп “жеңил жол менен үй алсаң болот” деп ээрчитип барган. Барып толук маалымат алгам. “Баштапкы суммасын төлөгөндөн кийин үй берилет, анан 10-15 жылга чейин акырындап төлөй бересиң” дешкен. Мен Жалал-Абад шаарындагы үч бөлмөлүү батиримди сатып, ошол акчамды алгачкы төлөм катары бергем.
– Жалал-Абаддагы үй өзүңүздүкү беле?
– Башында агамдыкы болчу. Мен жаңы ырдап чыгып жатканда Эмил деген агам аскер кызматынан келген. Ата-энем “кичинекей карындашың ырдап чыгып жатат, сен ушуга көз бол” деп агама тапшырышкан. Агам чыгармачылыгымды колдогон, мени коргогон адамдардын бири болду, кийин каза болуп калды. Мен Байыш менен ажырашып, балам менен кыйналып жүргөн убакта агам мага ошол үйдү белек кылган. Ал кезде мен Жалал-Абадда жашачу элем, кийин баламдын мектепке бара турган убагы келип калганда Бишкекке келиш керек болуп калды. Ошондо ал үйдү сатып, Бишкектен кичине болсо да үй алайын деген оюм ишке ашпай калды, анткени үйлөрдүн баасы көтөрүлүп кеткен. Үч бөлмөлүү үйүмдүн акчасынын 50 пайызы батирлеп жүргөндө короду. Ал эми калганын кооперативге бердим.
– Андан кийин окуя кандай болду?
– Акчаны төккөнүмө 3 жыл болду, 5 миң доллар бергем. “Бир жарым жыл болгондо кезегиң келет” дешкен. Менин алдымда тургандар үй алды. Эки жылдан кийин пандемия болуп кетти. Кезегим келди деп барсам “пандемиянын айынан компания банкрот болду, эч кимге үй алып бере албай жатабыз. Күтсөңөр күткүлө, күтпөйм десеңер акчаңарды алып кеткиле, бирок төккөн акчанын канча бир пайызын кармап калабыз” дешти. Үч жыл күттүргөнү аз келгенсип пайызын кармап калабыз дешкенине ачуум келди. Макул болгон жокмун.
– “Үй алып бербесек, салган акчаңардын пайызын кармап калабыз” деген пункт келишимде бар беле?
– “Ушундай келишимде бар болчу. Силер таанышып туруп кол койгонсуңар” деп алар айтып жатышат, бирок мындай нерсе кол койгон документте жок болчу, алар да эскертишкен эмес. Мен эле эмес, акчасын берген көп адамдар айтып жатышат, эч кимисине андай нерсе айтылган эмес.
– Бир интервьюңузда “акчамды алдым” дегендей кылдыңыз эле...
– Мага “акчаңды толук беребиз, бүгүн-эртең колуңа тиет, сен алдым деп интервью бере бер” дешкенинен прессага “акчамды толук алганы жатам” деп интервью бергем. Колума ала электе эле ишенип алыптырмын. Азыркыга чейин ала элекмин, айлам кеткенде “пайызын кармап кала бергиле, акчамды бергиле” деп арыз жазгам. Үч айда жыйынтык болот дешкен, эки ай өттү. Ал компания азыр деле иштеп жатат, эмнеге төлөп бербей жатышат, билбейм. Менден башкалар деле акчасын алыша элек.
– Эмнеге сотко кайрылбай жатасыңар?
– Анткени “бизде баары мыйзамдуу түрдө, өзүңөр кол койгонсуңар, соттон жеңе албайсыңар” деп жатышат.
– Клара, батир ызы-чуусуна улай Байыш Момуновдун аялы интервью берди. Бул тууралуу эмне дей аласыз?
– Бул жерде мындай болду, батир тууралуу телеканалдардын бирине интервью берип жатканымда журналист “Байыш Момунов экөөңөрдүн үйүңөр бар эмес беле, ал эмне болду?” деген суроо берди. Апам дагы интервьюга барган, бул суроого ал жооп берди. “Байыш ал үйдү сатып, өзүнүн үлүшүн алып, жарымын Кларага берген. Байыш баласына үйдү таштаган эмес” деди. Чычалай турган эч нерсе жок, болгону болгондой айтылды. Интервью чыккандан кийин Байыш мага телефон чалып, “эмнеге өткөн ишти козгойсуңар, мени элге жок жерден жаманатты кылып жатасың” деп кыйкырды. “Суроо берилди, биз жооп бердик” деп айттым. Негизи ал тууралуу мен буга чейин жаман сөз айтып көргөн эмесмин. Чындык ушу, биринчиден, ал баласына үйдү калтырган эмес, ушул убакка чейин батирлеп жашап жүрөбүз, экинчиден, алимент төлөгөн эмес, ушул убакка чейин уулумду жалгыз багып чоңойттум. Ага да карабай “кандай болсо да атасы, катташа берсин” деп уулумду атасы менен катташтырып жүрдүм. Мени коркутуп, “шашпа, мен дагы анда сени элге жаман көрсөтөм” деди. Кийин аялын интервью бергенге жөнөтүптүр.
Эркек башы менен ушундай ишти кылганы туура эмес. Ортодо бала турат, Байэл чоңоюп калды. Ага аябай кыйын болду, азыркыга чейин депрессияда жүрөт. Баласы менен катташып жаткандан кийин анын энесин жамандатыштын кереги жок болчу.
– Андан бери сүйлөшө элексиңерби?
– Мен сүйлөшө элекмин, балама да “катташпай эле койчу” деп айттым. Бир жолу үйүнө жиберсем, аялы отургузуп алып мен тууралуу өйдө-төмөн сөздөрдү айтыптыр. Балага “жакшы жашап жатканыбызда апаң турмушубузду бузган” дептир. Чындыгында, ким кимдин турмушун бузду? Байыш менин башымды айлантып кеткен керек болсо... Мейли, ал убакыт өттү, бирок бул балага айтылчу сөз эмес да. Уулумдун психикасы бузулбасын деп катташпай эле кой дедим. Сүйлөшүп турушат, бирок мурункудай эмес.
– Байэл өзү эмне дейт?
– “Ата, апамды силер эмнеге каралайсыңар?” деп жаман абалда калды. Азыр студент, атасы контрагын төлөйм деп айткан, аны деле толук төлөй элек. Интервьюларда Байыш өзү да, аялы да “жардам берип жатабыз” дей беришет. Жардам берип жатса 100 пайыздын 20 пайызын бергендир. Ошону чоң сөз кылыштын эмне кереги бар? Биз ажырашып кеткенибизге канча жыл болду, анан аялы чыгып алып, ушунча элдин алдында болбогон нерселерди болду деп “үй-бүлөбүздү бузуп тийип алган” деп жаман көрсөттү. Укугумду тебелегенге кандай акысы бар? Менин бир туугандарым, апам "бул нерсеге көңүл бурба, айткан айта берсин" дешти. Уулум бар, ошого шүгүр кылам. Уулум экөөбүздүн келечегибиз алдыда.
– Күчтүү болуңуз, кайгырбаңыз, баары ордуна келет. Батир маселеси жакшы жагына чечилет деп ишенебиз.
Нуржамал Жийдебаева