Ырчы болуп эл алдына чыккан соң ал ырчы тырмагынан тартып чачына чейин элдин сынында болот эмеспи. Ошондуктан, ырчылар диета кармайбы же ар кандай көнүгүүлөрдү жасоо жолу мененби, айтор, фигурасын сактоо үчүн аракет кылып келишет. Биздин ырчы айымдардын параметри 90-60-90 бекен, сурап билгенге аракет кылалы. Ар бир адамды Кудай ар кандай кылып жаратат. Ошондон улам биз бирөөнүн келбетине тийишкенден алыспыз. Бирок, тамаша иретинде ырчы айымдарыбыздын анча-мынча жерин чымчып койсок чычалашпастыр...
Айчүрөк Иманалиева
Кыргыздын чолпон жылдызы аталган Айчүрөк айымдын параметри өзүнүн айтуусунда 100-75-99 экен. Ыр дегенде ичкен ашын жерге койгон Айчүрөк эжебиз 3 бала төрөгөнүнө карабай фигурасын сактаганга мүмкүн болушунча аракет кылган окшойт. Же жаш жездебиз Айчүрөк айымды жашартып жатабы?
Динара Акулова
“Бысмылда” дегенде эле эстраданын акуласы Динара эжекебизге байланышып параметрин сураганыбызда айтуудан баш тартты. Эмнеге баш тартканы түшүнүксүз, балким, “параметрим стандартка караандабайт” деп уялып айткысы келбей жаткандыр. Бирок, баары бир Динара эжебизге кооз көйнөктөр жараша берет.
Кенже Дүйшеева
“Кыз-Бурактын” башкаруучу кызы Кенже Дүйшееванын ченеми 87-66- 92 экен. Ошто тамак-аш арзан, өтүп баратсаң эле “келиң, чай ичиң” деп бекер берчүдөй болуп турат эмеспи. Ошончо тамак-аштын арасында жүрсө да, Кенже бийкечтин семирип кетпегендигинин сыры эмнеде болду экен?
Жылдыз Осмоналиева
Профессионал ырчылардын катарына кошулган Жылдыз айымдын айтуусунда, параметри 98-70-98 экен. Эгерде чындап эле ушундай болсо, анда бул – стандартка болбосо да биздин кыргыздын фигурасына ылайык келчү нерсе. Кантсе да биздин бул ырчыбыз ырдап көп сахнага чыкпаганы менен кыргызстандык ырчы Светлана Назаренконун досу эмеспи, анча-мынча фигура сактоонун элементтерин үйрөнүп алса керек да.
Алина Жетигенова
Бир кездеги “куурчак” аталган Алина эжекебизден сураганыбызда: “Параметрим канча экенин так айта албаймын. Бирок, анча-мынча ырчыларга караганда 2 эсе арыкмын”,- деп мактанды. “Менимче, кээ бир жылдыздарга салыштырганымда 93-69-93 го деп ойлоймун”,- дейт Алина апчебиз. Эгерде чындап эле фигурасынын параметри ушундай болсо, анда эртең, бүрсүгүнү кайнене болом деп турган аялзаты үчүн жакшы эле көрүнүш болсо керек.
Гүлнара Тойгонбаева
Ушул эле суроо менен ырчы Гүлнара эжекебизге кайрылганыбызда “бул менин жеке сырым” деп жооп бербей койду. Бирок, Гүлнара айым каткан бул сыры сыртынан эле көрүнүп турганын өзү ойлогон жок окшойт. Мейли эми, ар ким өз бакчасын өзү билет да кантип гүлдөтөөрүн. Анын үстүнө, эжебиздин фамилиясы да бекеринен Тойгонбаева эместир.
Асел Турдалиева
Жаны тынбаган Асел эжебиздин параметри 42-40-44 экен. Ой тобо-о, ырчынын арык экенин билчүбүз, бирок, мынчалык деп ойлогон эмеспиз. Же эмне, декан болгондон кийин ушунча арыктап кеттиби? Эй, искусство институтунун студенттери, кыргыз элине Асел Турдалиева керек. Ошондуктан, деканыңарды кичине аясаңар боло?! Балким, тыпылдаган ырчы айым шашып жатып туура эмес айтып алдыбы же тамашаладыбы, ким билет.
Нуриса Абазова
Узун бойлуу бийкечибиз Нуриса Абазованын параметри 96-75-85 экен. Ай, ай, “ишенген кожом сен болсоң, алды-алдынан тал карма” демекчи, мен ушул Нуриса кызыбыздын фигурасы менен мактанайын дедим эле да. Мейли эми, эчтеке эмес, үйүнөн Токтогулдун балы үзүлбөсө, көнгөн жаны аны көбүрөөк жеп коюп жаткан чыгаар да.
Айжамал Кабылова
Айжаркын кыз Айжамалдын фигурасынын ченеми 83-60- 91 экен. Ушул Айжамалды Гүлшайыр эжекебиз жалаң Оштун шакарабы менен бакса керек. Бирок, азаматсың, Айжамал. Гүлшайыр эжекеңдин айтканын кыла бер, арты жаман болбойт.
Назми
Балыкчынын балыктай болгон кызы Назминин параметри 89-65-92 экен. Биз “ченемиңиз канча?” деп сураганыбызда “эмненин баарын ойлоп таап аласыңар?” деп нааразы болгонун жашырган жок. Назми, ошол бирдемени ойлоп тапканыбыз үчүн журналистпиз да. Бирок, минтип капаланбай эле койсоң болот экен. Анткени, көлдө көп сүзгөндүктөнбү же диетаны катуу кармагандыктанбы, айтор, фигураң стандартка коңшу эле тура.
Анжелика
Төгөрөгү төп келишкен Анжелика кызыбыздын параметри 85-61-88 болуп чыкты. Анжеликаны крутой күйөө балабыз бага албай жатабы же башка үйбүлөгө көнө албай жатабы, айтор, Анжелика кызыбыз арыктап кеткендей. Албетте, сени да түшүнөбүз. Анткени, келин болуу да жаш кыз үчүн оңой-олтоң иш эмес.
Бактыгүл Бадыева
Азыркылардын “звездасы” аталган Бактыгүл Бадыеванын параметри 88-61-90 экен. Болгону, көкүрөгүнө 2 сантиметр жетпейт экен. Эчтеке эмес, азыр ал жактын да айласы табылат эмеспи. Бактыгүл өзү айткандай, Кудайга шүгүр эле фигурасы бар экен. Эми Бактыгүлдү эжекелерин туурап толуп кетпөөгө, анан да чыгармачылык менен көбүрөөк алектенүүгө чакырат элек. Өң-келбетиң сахнанын ажарын ачканына сөз жок. Ал эми ырдаган жагын да ушул деңгээлге жеткирсең эң сонун болоор эле.
Клара Алибекова
Созолонуп бир сөздү бир саат сүйлөгөн Клара Алибекованын параметри болжол менен 82-58-89 экен. Кларанын мобилдик телефонуна чалып алып бир параметрин сураш үчүн бир канча бирдик короттук. А-ай, Клара, минтип созолонуп отурсаң, замандан артта калып жүрбө. Сен ырдап чыкканда сахнага эрте келдиң эле, анан эрте кетип калбасаң эле болду.
Неля
Жалаң гана чыгыш музыкасына бийлей берип Нелянын параметри 80-60-88 экен. Кой, Неля, срочно бул бийиңди токтотпосоң ашыкча арыктап кетесиң. Болду, мындан артык арыктоонун кажети жок. Ушул турпатың менен деле көптөгөн күйөрман топтоо менен бирге жалабаттык жигиттин жүрөгүн багындырганга жетишпедиңби. Мындан артык сага дагы эмне керек?
Даярдаган Замира Рахманбердиева