Баян Сыдыкова, ырчы: “ТӨШҮМДҮ ЧОҢОЙТКУМ КЕЛЕТ”

“Кайнене”, “Кызыма”, “Сүйүүдө дайым жаз болсо” жана башка ырлардын аткаруучусу, таланттуу ырчы Баян Сыдыкова “Хайп-тайм” рубрикабыздын коногу. Суроолорубузга кызыктуу жоопторду алдык, окуп көрүңүз.

– Баян айым, кандайсыз? Стилиңизди бат-бат өзгөртүп турасыз. Стиль өзгөртүп атактуу болуу мүмкүн бекен?

– Жакшы, рахмат. Жок, мүмкүн эмес. 6 жылда 3-4 стиль котордум. Башында чачым узун болчу, каре кылып бир учун кызылга боёдум. Ойлонуп отуруп кийин Наргиз Закированы туурап ошондой стилде чыктым. Анын чачы жок да, мен чокума чач калтырып тегерегин кырдырып салдым, убактылуу татуировка тарттырдым. Кыргыз элине мындай өтпөйт экен.

– Бирок талкуу болду да?

– Ооба, сөз көтөрө албай кулап калган учурум да болду. Жеке кат аркылуу “шайтандын шапалагы” деп жазып жатышты. Баарын жүрөгүм менен өткөрөм да. Отуруп алып ыйлайм. Жолдошум башында жини келип жаткан. Азыр ал да, мен да сынды туура кабыл алганды акырындан үйрөнүп келатабыз. Бирок аябай жаман болом. Элдин сыны оор.

– Чачты өзгөрткөндө чын эле жашоо өзгөрөт бекен?

– Чачыма асылгандар көп, азыр деле “короздой болгон”, кайненеңден, күйөөңдөн уялбайсыңбы” деп жазышат. Чачымды азыркыдай кылып өзгөрткөндө өзүмдү жаш сезип калдым. Чачка жараша кийинүү стилимди да өзгөрттүм. Өзүмө ишенип, күчтүү болуп калдым. Өзгөрдүм десем жаңылбайм.

– Келбетиңизден эмнени өзгөрткөнсүз?

– Оозума витамин куйдургам, бирок “ботекис” жасаткан эмесмин. Кашым, кирпигим жасалган. Калганы баары табигый.

– Эмнеңизди жасаткыңыз келет?

– Айтсам уят да. Мейли эми, жаза берчи, мен деле хайп болуп коёюн. Төшүмдү чоңойткум келет, бирок жолдошум каршы. Көзүмө сурма жасаткым келет.

– Маектерде “чыгармачылыгымды кайненем каржылайт” дейсиз. Азыр өзүңүздү өзүңүз каржылап калдыңызбы?

– Каржылай элекмин. Бирөө “албетте, келини акча таап жатса жакшы көрөт да” деп жазыптыр. 6 жыл болду ырдап баштаганыма, 6 жылдан бери каржылап келе жатышат. Кайненем бардык жерден колдойт. Ыйласам кошо ыйлап, оорусам кошо ооруган кайненем бар, бактым тоодой, Кудайга шүгүр. Мактасам, кошомат кыласың дей беришет. Болгонун болгондой эле айтып жатам.

– Атыңызды таанып, бирок ырларыңызды билбегендер бар экен...

– Бар. Ыр жаздырып эле жатам. Бирок ырчыны тааныткан бир эле ыр болот экен. Ошонун үстүнөн иштеп жүрөм, Кудай буюрса, чыгып калат деген үмүттөмүн.

– Эмнеңиз менен мактана аласыз?

– Үй жумуштарына да, чыгармачылыгыма да жетишип жатам. Жөнөкөймүн, бардык адамдар менен тил табыша алам.

Өткөн жылы эч нерседен коркпой, Кудайга, кайненеме, жолдошума ишенип казак ырчысы Гүлмира Избасканова менен концерт бердим. Ошону менен мактанам.

Концерттен акча тапкан жокмун, бирок чыгымдарын жапты. Гүлмирага кайненем менен жолдошум чөнтөгүнөн акча чыгарып беришти. Билеттердин жарымы эмнегедир мага кайтып келди. Бирок зал толтура. Булар кайдан кирди деп таң калдым. Отуруп алып ыйладым, эмгекти эмнеге баалашпайт деп. Көрсө, куу болуш керек экен.

– Балалуу боло албай жүрүптүрсүздөр...

– Бир уулубуз бар, 12ге чыкты. Менин ден соолугума байланыштуу балалуу боло албай жүрөбүз. Медицинага да, кыргызчылыкка да кайрылдык. Апам (ред.: кайненеси) Бани, бул теманы жап. Кудайга шүгүр, балабыз бар. Аны эрте үйлөнтөбүз, анан анын балдарын багабыз” дейт. Ыйлап бүттүм мен. Жолдошум деле бир балабыз бар деп шүгүр кылат, мени сооротот. Ал эч нерсе дебегени менен, башкалар ар кандай сөздөрдү айтышат. Кудайдын жазганы экен. Мен деле элдей болуп 5 бала төрөгүм келет. Айла жок.

Бул тууралуу бир маегимде айткам. Көптөр ар кандай билдирүү жазышты. Бир жаш кыз “кыз төрөп берейин, бир бөлмөлүү батир алып бербейсиңби” деп жазыптыр. Ал кайдан билет кыз болот экенин? Бул шылдыңдаганыбы же кандай, түшүнгөн жокмун.

– Бала багып алуу тууралуу ой болгон эмес беле?

“Карын энеге (ред.: суррогатная мать) төрөтпөйлүбү” десем, жолдошум макул болгон жок.

– Мырзалардын кыжырыңызга тийген сапаты кайсы?

– Аялдары бар туруп тийишип, сөз айткандарды сыйлабайм.

– Күйөөңүздүн бар экенин билип туруп тийишишеби?

– Болот. Азыр мен “Баян күйөөсү жок "гулять" этип кетиптир” деген сөздөн аябай корком. Жолдошум азыр Орусияда иштеп жатат да. Антип хайп болбой эле коёюн. Жумуш боюнча жүргөнүмдү көрүп деле сөз кылгандар болушу мүмкүн да.

– Бойдок кезде бир учурда эң көп канча жигит менен сүйлөшүп көрдүңүз эле?

– Мен Ысык-Ата районунун Нурмамбет деген айылында жөнөкөй, орто жашаган үй-бүлөдө өскөм. Мени көп балдар, классташтар теңине алчу эмес. Эркек досторум бар болчу, бирок жигит күткөн эмесмин. Колуңда бар болсоң карайт, жок болсоң карабайт эмеспи. Бирок мен классташ кыздардан биринчи, 1-курста турмушка чыктым. Мени теңине албаган кыздардан биринчи, болгондо да шаардык стоматолог балага чыктым. Табалабайм, тобо дейм. Андан кийин мамилелердин өзгөргөнүн байкай берсең болот.

– Жашооңузда жасап көргөн эң чоң жиндилигиңиз?

– Тамеки чегип көргөм. “Айылдагы кыздарды шаарга жиберсең болду” деп бекер айтылбайт экен. Шаарга студент болуп келгенде эжемдердин кыздарына кошулуп үйрөнгөм. “Мен чекпей эле коёюнчу” десем, “чеге бер, кийин таштап коёсуң” дешкен. Каяктан таштайсың, үйрөнүп алгам. Кийин эптеп таштадым. Ал эле эмес, мурдумду тештирип сөйкө тактыргам. Атам аны көрүп эси ооп карап, “биротоло буканыкындай кылып мурдуңдун ортосуна сөйкө тагып ал” деп урушкан. Аны менен 5-6 ай жүрдүм. Бир күнү сөйкө алмаштырсам, бир темири чоң экен. Башымды ылдый кылып уктап калыптырмын, турсам канжалап жатам. Сөйкө жаздыкка илинип, мурдумдун эти сыртка чыгып калган экен, элестет. Врачка барып дарыланып жакшы болгом. Ошону менен тештирбей калдым.

– Турмушка чыгыш үчүн сулуу болуу жетиштүүбү?

– Жок, жан дүйнөңөр келишиши керек. Мен аябай жөнөкөй кыз болчумун. Ал кездеги сүрөтүмдү деле берем. Жолдошумдун жакшынакайын ушул жерден көргүлө. Жолдошум мүнөзүмө, жан дүйнөмө карап алган. Апасына “мен алган кызды менден өтүп сүйөсүз” дептир. Апам азыр “балам айтканын кылып берди, ыраазымын” дейт. Ушунча ыраазычылык алып жаткандан кийин мен да апамды сүйөм. Алтын эмес, бриллиант дейм.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1009, 8-14-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан