Гүлжигит Сатыбеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «КЫЗДАРЫМ ХАНЫШАЛАРЫМ, АЛАР ЫЙЛАБАШЫ КЕРЕК»

Бул ирет гезитибиздин башкы бетин ырчы Гүлжигит Сатыбеков менен ширин кызы Нурайым кооздоду. “Нурайым сүрөткө түшөм деп туфлисин аябай тандады” дейт атасы. Маекте Нурайым менен да баарылашып, ырчы мырза менен балдары, жубайы, ата-энеси, чыгармачылыгы тууралуу кеп болду.

– Гүлжигит мырза, Нурайым, куш келипсиздер. Гүлжигит мырза, балдарыңыз тууралуу сүйлөшсөк, алгач балдарыңызды тааныштырсаңыз.

– Менде 2 уул, 2 кыз бар. Кудай берди, шүгүр дейбиз. Улуу уулум Байэл 17ге чыгып калды, айылда ата-энемдин колунда. Андан кийинки кызым Элайым Бишкекте, 1-класска барды, Нурайым кызым 5 жашта, бала бакчага барат. Көкүрөк күчүгүбүз Салман 3 жашта, ал да бала бакчага барат. Бала-чака менен мамыр-жумур жашап жатабыз. Элайым ырга шыктуу, Нурайым бийлейт, Тикток тартышат.

– Сиз менен чогуу Тиктокко видео тарталы дешеби?

– Мен Тиктокко кирчү эмесмин. Акыркы күндөрү көп кире баштадым. Кызым “ата, Тикток тарталы” деп тамашалап калат. Тартабыз, себеби замандан артта калбашыбыз керек.

– Бүгүн сиз менен бирге келген Нурайым кызыңыз менен таанышалычы.

– Бул кызымдын кыялы башка балдарымдыкынан башкача, балетке барат, сүрөт тартат, өзү менен өзү. Сүрөткө түшөм деп кечээ апасы экөө бут кийим издешкен. Булар үчүн кызык да, бүгүн кечке “качан барабыз?” болуп, мына эми убакыт-сааты чыгып келип отурабыз.

– Анда Нурайым менен сүйлөшөлүчү. Нурайым, кандайсың?

– Жакшы.

– Атаңдын ырдаганын көрөсүңбү телевизордон?

– Ооба, көрөм.

– Атаң менен дүкөнгө барганда сага эмне сатып берет?

– Кукла.

– Сен айткандын баарын алып береби?

– Ооба.

Гүлжигит: Кызымдын бир суранычын орундата албай жүрөм. Кызым көптөн бери “ата, мага мышык алып бер” деп суранып жүрөт. А мышык беркилерге жакпайт. Кичине чоңойсун алып берем. Азыр бала бакчага кетип калса мышыгы жалгыз калат да. Кыздарым менин ханышаларым, булардын ар бир айтканын аткарышым керек. Ханышаларым ыйлабашы керек.

– Кантип эркелетесиз?

– Бул кызымды менин сулуу ледим деп коём. Чоң кызым томпойгон, аны томпошка дейм.

– Кандай атасыз?

– Аны жубайымдан сурачы. Өзүм камкор эле ата болсом керек деп ойлойм.

– Балдарга кандай тарбия бериш керек дейсиз?

– Гастроль, той-маараке, концерт деп мен көбүнчө талаада жүрөм да, апасы менен калышат. Бир келсем төрөлүп калган болот, бир келсем торолуп жөрмөлөп калган болушат, бир келсем сүйлөп калган болушат. Артисттин жашоосу ушундай. Карантинде үйдө балдар менен чогуу болдук, көнүшүп калыптырбыз. Азыр үйгө шашам, балдарымды сагынам.

– Жубайыңыздычы?

– Балдарымды сагындым, жеңеңерде жумушум бар дегендей да.

– Жакында гастролдоп келдиңиз, кандай өттү?

– Жакшы. Концерттер негизи эле кызыктарга бай болот, бир күн экинчи күнгө окшобойт. Ар күнкү аура ар башка. Биринчи күнү жеңил болсо, эртеси оор аура болот, кыйналасың, үчүнчү күнү дагы башкача. Сахнанын артында көп нерсе болот, аларды айткым келбейт. Артында өзүнчө чоң жашоо бар, ал жашоо алдындагыдан да кызык. Сахнада болсо кээде ырдап жатканда денем, оозум иштебей калган учурлар көп болгон. Андайда сахнанын артына барып эс алып кайра чыгам.

– Акыркы кезде мурдагыдай хит ырларды жаратпай калдыңыз, мунун себеби эмнеде?

– Билбейм, чыгармачылыкка мурдагыдай көп убакыт бөлүнбөй калды окшойт. Же коом алмашты. Азыр студияга барып ошол жерден тез эле жазып ырдап коюп жатабыз. Мурда ырлардын үстүнөн айлап, жылдап иштечүбүз. Ушундан да болушу мүмкүн.

– Жүрөккө жете турган ырларды жазасыз. Бирок оюңузду анчалык айтып бере албайсыз. Кайсы учурда ачыласыз?

– Мен негизи сүйлөшө албайм адамдар менен. Же мен талап кылган нерселерди сүйлөшпөйбүзбү. Ораторлук курска барсамбы деп да ойлоп жүрөм.

– Сиз кызыккан темалар кайсылар?

– Жаңы доор менен жаңы илимдер келип жатат, биз дагы деле эскиде жүрөбүз. Парапсихология, астрономия, физика, тибет медицинасына кызыгам. Көп жылдан бери нумерологияны казып келем, сюцайды угуп, ага кызыгып жүрөм. Айтор, өзүмдү издеп жүрөм, өзүмдү тапкым келет. Толук кандуу тапканда башкача сүйлөп берем. Өзүмө берилген суроолор көп, эмне үчүн жаралдым, миссиям эмне, ушул нерселер ойлондурат. Чыгармачылыктан дагы ушул нерселерге басым жасайм. Өзүмдү изилдегениме ылайык, менин миссиям мугалимдик экен, бирок ырларым менен дагы сабак өтө турган жолдор бар.

– Жакшы экен. Мектепти бүткөндө ырчы болгуңуз келгенин ата-энеңизге айта алган эмес экенсиз...

– Биз айылда чоңойдук. Шоктуктун айынан таяк жеп, басмырланып чоңойдук. Оюбузду ачык айта алчу эмеспиз. Тартынып, урушуп коёт деп турчубуз.

– Ошол себептүү атаңыз сизден сурабай эле спорт багытында окутуп коюптур, иниңизди да ырчы болом дегенине карабай аскер кызматкери кылыптыр. Эмнеге атаңыз балдарынын ырчы болушуна каршы болду?

– Ырчылык жакшы өнөр, ырчыларды кут адамдары деп коюшат экен, бирок “неблагодарный” кесип. Аты улук, бирок чын-чынына келгенде эч ким сыйлабайт.

– Концертиңизге ата-энеңиз келгенде сүрдөйсүзбү?

– Ата-энем, туугандарым келгенде ушунчалык сүрдөйм, концертимдин этек-башын таппай, сөзүмдү унутуп калам. Алар жокто бошой түшөм. Көп жылдан бери сахнада жүрсөм да ар бир концерттин башында чыгуу өтө оор. Чыгып эл менен саламдашкандан кийин көнүп калам.

– Концерт демекчи, жылда берген концерттериңиздин программасы бири-бирине окшош, бир аз өзгөртүш керек деп ойлобойсузбу?

– Концертке даярданбайбыз. Концерт коёлу деп пландабайбыз дагы, февраль жакындаганда эле элге отчёт бериш керек деп шашып калабыз. Даярдык кылсак рамкага түшүп калабыз, күндө ырдап репетиция кыла берип, биз үчүн кызыгы кетип калат. Жаңы, кызыктуу нерселерди ойлонушубуз керек дегениңизге кошулам.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан