Эльвира Сурабалдиева, Жогорку Кеңештин депутаты: “МАГА ЖОЛУКЧУ МЫРЗА САЯСАТТАН АЛЫС БОЛСО ЭКЕН”

Бул айымды сиз сыртынан тарсылдаган депутат катары жакшы тааныйсыз. Жан дүйнөсүн, аялдык сезимдерин, балким, билбейсиз. Кесиптештери айткандай, элдин эрке – эркек кызы. Бүгүнкү каарманым Эльвира Сурабалдиева менен саясаттын жана жеке жашоонун сүртүмдөрүн сүйлөштүк.

– Эльвира айым, саламатсызбы? Экинчи жолу Жогорку Кеңешке депутат болуп келдиңиз, алгач партиялык тизме менен, экинчисинде бир мандаттуу округдан. Сизге кайсы шайлоодо депутат болуу кыйын болду жана эмне үчүн?

– Саламатсыздарбы? Биринчи жолкусунда 2015-жылы партиялык тизмеде аялдарга бөлүнгөн квота менен келгем. Анда тажрыйба жок, саясатта жол көрсөткөн киши жок кыйын эле болгон. Эл менен жолугушууларда колдорум калчылдап, суу ичип жатсам колумдагы стаканым титиреп, сүйлөсөм үнүм кыргылданып... Айтор, бардык нерсенин башаты оор болот эмеспи. Ошондо айрымдар мага “бийликтин партиясы менен баратасың, үйдө жатып алсаң деле өтөсүң” дешкен эле. Бирок ага карабай Сокулуктун ар бир айыл өкмөтүн кыдырып эл менен жолугушуп чыктым. Ал эми 7-чакырылыштагы шайлоодо саясатта азыноолак тажрыйба бар, өкмөттө вице-премьер, парламентте 5 жыл депутат болуп иштеп такшалып калган элем. Негизи айымдарга бир мандаттуу округдан депутат болуу кыйыныраак, партиялык тизме менен келүү оңой.

– Анда эмнеге бул жолу партиялык тизме менен ат салышкан жоксуз?

– Жаштарга мүмкүнчүлүк бергим келди. Менден кыйын, менден күчтүү бирөөнүн ордун ээлеп аламбы дедим. Эгер мен партиялык тизме менен келсем көптөгөн жаш саясатчы айымдарга жолтоо болуп калмакмын. Ал эми Сокулук бир мандаттуу округунан 4 жердешим ат салышты. Бирөөсү былтыр жазында чалып “Эльвира, шайлоого барасыңбы?” деп сураганда “жок, барбайм” дегем. Ошол киши аталган округдан депутат болуп келди. Ошентип шайлоо өттү, бир мандаттуу округдан бир да аял депутат болгон жок. Мен буга абдан намыстандым, Твиттер баракчама “бир мандаттуу округдагы депутат мырзалар, жылгыла!” деп жазганымды окусаңыз керек. Эки округда шайлоо өттү деп эсептелбей калганын, кайра шайлоо болорун уктум. Биринчи Май округунан убагында атам депутат болуп шайланган. Апама барып, “атам депутат болгон округдан талапкерлигимди койгону жатам” деп кеңештим. Кеңештим дегенде, материалдык колдоону кошо кеңешесиң да. Үй-бүлөлүк бизнестин баары апамдын наамында. Ал бизнестин баарын атам экөө түптөгөн. Ал эми шайлоого көп каржы ресурсу керек, пиар кампания, үгүтчүлөргө бериш керек дегендей. Ошентип апамдын батасын, колдоосун алып шайлоого аттанып жеңип чыктым. Менин округумдан 25 эркек ат салышкан. Элдин акыйкаттыгын караңыз, добушун сатпай, мени 9 миңден ашуун адам шайлады. Алардын көбү айымдар экенине ишенем. Бул шайлоо “айымдар айымдарды колдобойт” деген стереотипти түп-тамырынан сындырды деп ойлойм.

– Көпчүлүк депутаттар парламентке бизнесин коргогону келишет дешет, сиз да бир жылдары “Кудайберген” базарынын ээси болуп тургансыз. Сизде бизнести коргоо үчүн депутат болуу максаты болгон эмеспи?

– Мен 2015-жылы саясатка аттанганда бизнес менен мамлекеттик кызыкчылыктар кагылышпаш үчүн бизнестин баарын туугандарыма өткөрүп бергем. Ооба, бизнесибиз туш тараптан таланууга алынганда Бакиевдердин тушунда коргогом. Андан кийин абал башкача болду. Мисалы, парламентте депутаттар өз бизнесинин кызыкчылыгына тиешелүү мыйзамдарды чыгарып жатышты. Мен экономикалык жана фискалдык комитетте мүчө болуп турганда айрым кесиптештерим “Эльвира, бул мыйзам сенин бизнесиңе да залакасын тийгизет” дешчү, ошондо “мен элдин кызыкчылыгын коргойм деп депутат болгом” деп жооп берчүмүн. Бирок, ачуу чындык, бийлике жакпаган орчундуу маселени көтөргөндө дароо эле туугандарымдын бизнесине асылган учурлар болду. Мисалы, мөңгүлөрдү талкалоого жол ачкан мыйзамга каршы чыкканыбыз ошол кездеги бийликке жаккан эмес. Бул жолу шайлоого аттанам десем жакындарым “кулак-мурдубуз тынч болуп калганына бир эле жыл болду, сен жөн жүрбөйсүң” деп тызылдашты.

– Аялдык бакыт деп эмнени түшүнөсүз. Сизде ал бакыт барбы?

– Ар бир айым үчүн аялдык бакыт өзүнчө мааниге ээ. Менин бакытка карата критерийлерим бир аз башкача. Мен көбүрөөк элдин татыктуу кызуу болууга, алардын түйшүгүн жеңилдетүүгө өзүмдү арнайм. Атам каза болгондо бир туугандарымды бутуна тургузам деп жүрдүм. 10 жылдай ата-энем түптөгөн базарды жетектедим. Ошентип жаштыгым кантип өткөнүн билбей калдым окшойт. Турмушка чыктым, экөөбүз келише албай ажырашып кеттик. Бирок мен Кудайдын буйругуна ишенем. Ал буйруганы бир бурулушта мени күтүп турса керек.

– Сиздин табитиңиздеги мырзалар кандай?

– Сөзү менен иши дал келген мырзаларды баалайм. Калыс, адилеттүү болсо. Бирок андай мырзалар саясатта аз. Андыктан мага жолукчу мырза саясаттан алыс эле болсо экен дейм.

– Эльвира айым секелек кезинде кандай кыз эле?

– 12 жашымда жайкы каникулда атам ижарага алган дүкөндө сатуучу болуп иштечүмүн. Ал кезде жашоо оор эле. Мен теңдүү курдаштар жайында баары Ысык-Көлдө эс алып жүрүшсө, мен иштейт элем. Атам бизди жаштайыбыздан аскердегидей катуу тартип менен тарбиялап, эмгекке бышырып үйрөттү. “Дарбазадан чыкканда бешенеңде Жыргалдын кызы деп жазылып турат, мени уят кылба” деп көп айтар эле. Бир жолу 3-курсумда туулган күнүм болуп, курбуларым мага “чоңойдуң, бир аз ич” деп ичирип коюшту. Өзүмдү чоң киши сезип алгам тим эле, үйгө мас болуп келдим. Дарбазаны атам ачты. Сүйлөгөндө оозумдан деле буркурап жатса керек, ага деле маани бербей кирип бөлмөмө жатып алдым. Түнү кусуп кыйналганымды сураба. Өмүрүңдө спирт ичимдигин татып көрбөсөң кыйналбагандачы. Эртеси турсам атам “кызым, келчи сүйлөшөлү” деп ашканага чакырды. Барсам эки чоң стакан турат, бирине толтуруп спирт ичимдигин куюп коюптур. “Кызым ушунчалык ичкиң келсе үйдөн эле куюп берейин, иччи” деп бир топко чейин насаатын айтты. Атам өзү машыктыруучу, спортчу, окуучуларын ичпе, чекпе деп үйрөтүп, өзүнүн кызынын ушундай абалын көрүп намыстанды окшойт. Атамдын сөзү мага аябай катуу тийген. Ошондо ашканада атамдан тизелеп отуруп кечирим сурагам. Ал окуядан бери 22 жыл өтүптүр, азыр арактын жытынан кускум келет. Бир жолу сиңдим МАИге түшүп атама чалып калды, атам телефондун трубкасынан МАИчиге “эреже буздубу?” десе тиги ооба деди окшойт, “анда унааны алып барып айып аянтчасына токтотуп койгула” деди. Бир аздан кийин сиңдим келди тултуңдап “мен бир аз эле ылдамдык ашырган болчумун, адилетсиздик бул” деп. Атам унчуккан жок. Ошентип сиңдим бир ай жөө жүргөн. Бирок кийин эреже бузбай турган болду. Атам бизди урушуп, кыйкырып, кол көтөрүп эмес, ушинтип эле тарбиялап койчу.

– Акыркы учурларда эмне жөнүндө көп ойлоносуз?

– 2004-жылдары өзүмө, 50 жаштагы Эльвирага кат жазган экем. Ошондо “өзүңдү 50 жашыңда кандай элестетесиң?” деген суроого мындай жооп бериптирмин: Эркиндик бульварында сейилдеп жүргөндө элдер кол кысып учурашса, эч ким “сен коррупционер депутатсың” деп бетиме түкүрбөсө... Азыр деле кыялым ошол, элимдин татыктуу кызы болсом, эл алдында жүзүм жарык болсо, менден үлгү алган муунга колдоочу тирек болсом. Атамдын арбагын сыйлап мени шайлаган колдоочуларымдын ишеничин актасам дейм.

– Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан