БАТКЕН: ТАЖИК ТАРАП КАЙРАДАН ЖАҢЖАЛ ЧЫГАРДЫ

12-апрелде Баткенде Тажикстандын чек арачылары кайрадан куралдуу жаңжал чыгарышты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Кыргыздын чек ара отряды Лейлектин Селкан тилкесинде кызмат өтөп жатканда аларды көрүп Тажик чек арачылары мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгын кесип өтүп келишкен. Кыргыз чек арачыларынын чек ара сызыгынан өтпөө талабын аткарышкан эмес. Ушундан улам атышуу келип чыкты. Алгачкы ок атышууда Тажик тараптан жарадарлар бар экени айтылган, кийин Тажикстан чек арачыларына кошумча күч тартып кайрадан атышуу болгону маалымдалды. Экинчи атышууда Кыргыз тараптан да 2 жоокер жаракат алды. Тажик тарап Баткендин Достук айылын миномёт менен аткылады.

Аткылоо учурунда Баткендин ондон ашык айылынын 644 тургуну эвакуацияланып, айрымдары эртеси, 13-апрелде үйлөрүнө кайтышты.

13-апрелде эки өлкөнүн УКМК төрагаларынын орун басарлары жолугушту. Тараптар чек ара жаңжалы учурунда чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүүнү улантууну макулдашканы кабарланды.

Президент Садыр Жапаров блогер жана журналисттерди сөз эркиндигине жамынып алып чек ара маселеси боюнча жалган, чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды таратпоого чакырды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1010, 15-21-апрель, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан