КУРСАН АСАНОВ – ЖЫЛДЫН АДАМЫ

Бейне

Эли-жерин сырткы душмандан, бөөдө кырсыктан, ич ара жаңжалдан коргоо шыбагасын Жараткан бардык эле пендесине ыйгара бербесе керек. Мындай планда алып караганда биздин каарман Курсан Асановду “Жараткан колдогон адам” деп атоого болот. Ал “Супер-Инфонун” окурмандар менен биргеликте жыйынтыктаган быйылкы жылдагы тандоосунда “Жылдын адамы” аталды.

– Курсан байке, “Жылдын адамы” аталам деп күттүңүз беле?
– Талапкер катары кошконуңарды гезиттен окугам. Жеңүүчү болом деп күтпөгөн элем, мен үчүн күтүүсүз, бирок жагымдуу жаңылык болду. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, силердин гезиттин эмгек жамаатына жана жетекчилигине ыраазычылык билдирип, ийгилик каалайм!

САТАР АКЕНИН ДАРБЫЗ БАККАН БАЛАСЫ...
Эстеп көрсөңүздөр, СССР кезиндеги көпчүлүк атактуулардын баяны “кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулуп-өскөн” деп башталчу. Курсан Асанов тууралуу сөздү да дал ушундай баштаса болот. Ал Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында 1966-жылы 31-августта төрөлгөн. “Туулган күнүң эгемендүүлүк күнүндө турбайбы” дегендерге, “жоо-ок, алгач мен төрөлгөм, анан эгемендик алганбыз” деп тамашалаганды жактырат. Сатар абанын бүлөсү кадимки катардагы бүлө болчу. Ал күндөрдү биздин каарман жылмаюу менен эскерет:
– Биз жаш кезде атам колхоздун дыйкан чарбачылыгында бригадир эле. Кийинчерээк талааны таштап, мал чарбачылыгына өтүп кетти. Ошентип, биз чоңойгуча колхоздун коюн багып, балалыгыбыз Чоң-Алайдын жайлоолорунда өткөн.
Ал кезде эркек балдар мектепти бүтүргөн соң чогуу-чаран аскерге жөнөшчү. Жүйөлүү себептер менен барбай калса да, аскерде кызмат өтөбөгөн жигиттер экинчи сорттой кабыл алынар эле. Ошентип, Курсан Асанов Чыгыш Казакстандын Зайсан шаарындагы чек ара бөлүгүнүн күжүрмөн отрядында кызмат өтөйт. Азыркыдай каалаган окуу жайына тапшыруу, массалык түрдө окуу деген нерсе кыргыздын карапайым айылдарына жат көрүнүш эмес беле. “Баары бир юрист болом” деп көшөргөн биздин каарман армиядан айылына келип, талаа иштерине чыгат.
– Борбордук окуу жайлардын биринен билим алсам деп эңсечүмүн. Бирок Москвага же Ленинградга барып, тапшыруу үчүн деле бир топ каражат керектелчү. Окуйм деп ата-энеме оордук келтиргим келбей, бир жыл талаага дарбыз эгип акча тапкам. Анан Саратов шаарына Юридикалык институтка тапшыруу үчүн жөнөдүм. Кыргызстандын тээ түпкүрүнөн барып, өтүп кетүү оңой эмес экен. Кулап калып, ошол жердеги заводго ишке кирип алдым. Ал кезде завод-фабрикалар күчүндө. Дарбыз эгип бир жыл ичинде тапкан эмгек акым 800 рубль болсо, заводдон айына 1500 рубль алып иштедим. Эсимде, алгач 540 рубль айлык алганда талып кала жаздагам.

МЕКЕНГЕ КЫЗМАТ ӨТӨӨ
Туулган жерден, ата-энеден алыс жүрүү оңой эмес болчу. Үч жылдан соң биздин каарман мекенине кайтууну чечет. Анда Ош шаарында кыргыздар менен өзбектер урушуп, коменданттык саат киргизилген заман. Аскердеги күжүрмөн даярдыктын пайдасы тийип, 25 жаштагы жигит ОМОН отрядына катардагы жоокер болуп кирип, кыска аралыкта командирликке чейин көтөрүлөт. Мына ошол отряддан тартып анын өмүрүндөгү “мекенге кызмат өтөө” тилкеси башталат. Милиция кызматында басып өткөн жолун “бүгүн катардагы жоокер, эртеси генерал” деп эки ооз сөз менен жыйынтыктай салууга мүмкүн эмес. Ал ОМОНдон Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына кылмыш иликтөөчү болуп которулат. Ошондон соң кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн, өзгөчө оор кылмыштарды иликтөө бөлүмүнүн, уюшулган кылмыш иштерине каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчылыгын, Ош облустук ИИБинде Кылмыш иликтөө бөлүм башчы­сы­нын орун басары кызматын, Өзгөн жана Кара-Суу райондук ички иштер бөлүм­дөрүнүн, Ош шаардык ИИБинин башчылыгын басып өттү. Андыктан үстүбүздөгү жылы Ош шаарында болуп өткөн кандуу окуяларда анын комендант болуп бекитилиши да бекеринен эмес эле.
– 10-июндун түнүндө Ош шаарында кагылыш башталганда мен Бишкекте болчумун. Бишкек шаарынын Свердлов РИИБине башчы болуп бекитилгениме 15 күндөй эле болгон. Оштогу тааныштар, милиция кызматкерлери тынымсыз чалып, абал абдан кооптуу экенин айтып жатышты. ИИМдин жетекчиси Болот Шер чакыртып, дагы бир нече кызматкер-жетекчилер менен шашылыш жыйын курду. Түштүктөгү жооптуу кызматкерлерден мурун карапайым калк кайсы жерде эмне иш болуп жатканын кабарлап жатышты. Түнү бою даярдык көрүп, 11-июнда таң эрте Ошко жетип, мени милиция курамына “комендант” деп тааныштырган да киши болбой эле окту, отту аралап кеттик. Мени Ош шаарынын коменданты деп дайындаган буйрук 13-июнда араң колума тийди. Милиция кызматкерлеринде бир даана да бронежилет жок болчу. Айтор, Коргоо министрлиги менен биргеликте коркунучтуу абалдан чыга алдык. Кандуу күндөрдүн күбөсү болгон соң ал окуяга баа бергеним туура эмес. Жыйынтыкты иликтөөчү органдар чыгарышы керек.
– Ал көрүнүштөр тынч уйку бербей, далай ирет түшүңүзгө кирген чыгар?
– Бир гана нерсени айта алам. Мага Жараткан, анан карапайым калктын түшүнүү менен колдоосу жардам берди. Ошол оор күндөрдөн Кыргызстандын аман-эсен чыгып кетишине күч органдарынын салымы чоң экенин унутпашыбыз керек. ИИМдин Ош облустук жана шаардык өздүк курамы жардамга келген кошумча күчтөр – Коргоо министрлиги, Өзгөчө Кырдаалдар министрлиги, финпол, Бажы кызматы, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы менен ийиндеше чогуу жүрүп иш алпарды. Алардын ар бирине ыраазычылык билдирем. Эч кимдин мындай күндөргө күбө болушун каалабайм. Эң негизгиси, түштүктө болгон окуя боюнча улуттук болобу, депутаттык болобу, кандай гана комиссия түзүлбөсүн, туура саясий баа берилип, керек болсо, 1990-жылдагы Ош окуясына да туура баа берилип, күнөөлүүлөрдү аныктап, ким болбосун мыйзам чегинде жаза берилиши керек. Эл чындыкты билиши керек да. Ошону жасай алсак, мындан кийинки кагылыштардын алдын аларбыз.

КАНДАЙ АДАМСЫЗ?
– “Акча, сулуу аял эркекти акылдан адаштырат” дейт. Каршы турууга эркиңиз жетеби?
Жетет.
– Дегеле кандай учурда өзүңүздү токтотууга эркиңиз жетпейт?
– Эмоцияга алдырып жиберген учурлар болот. Айрыкча алсыздарга кыйын болгондорду көргөндө чыдабай кетем. Күчүнө же акчасына ишенип, өзүнөн улууларга керсейген жаштарды кээде тарбиялап коюуга туура келет. Жакын адамдарым алдаганда да чыдабайм.
– Бактылуусузбу?
– Аманчылыктын өзү бакыт.
– Кечкисин машыгууда болом деп каласыз. Спорт сиз үчүн эмне?
– Спорт – негизи, ден соолук булагы. Бирок мен үчүн спорттун мааниси абдан чоң. Ушундай деңгээлге жетишиме спорттун өзгөчө орду бар. Анткени ал булчуңду эле эмес, адамды психологиялык жактан да чыңдайт. Кыйчалыш маалда туура чечим чыгарууга, тез, сапаттуу иштей билүүгө, токтоолукка үйрөтөт. Алгач каратэ-до менен машыгып баштагам, кийин кармашып күрөшүү, акыркы жылдары кикбоксинг менен машыгып жүрөм. Учурда КРнын Кикбоксинг федерациясынын вице-президентимин. Азыр форманы сактоо үчүн залга барып машыгып турам.
– Телефонуңуздун тез терүү функциясында 1-номурда ким турат?
– Уулумдун номуру.
– Көп колдонгон учкул сөзүңүз?
– Миң мертебе караңгы деп наалыгыча, бир ирет шам жагып койгон жакшы.
– Сиз тууралуу эл ичинде “улуту тажик, жок, кавказ улуттарынан” деген талаш-тартыштар көп жүрөт...
– Ошондойбу? Улуттун эч бир жаманы жок дечи, бирок менин атам да, апам да, жети атаман бери эле кыргыз. Негизи, биздин элдин бир мүнөзү бар да. Башкалар бычакка сап жигиттерин тимеле жерге-сууга тийгизбей мактап, баалап алышат. А биздин айрым "туугандар" элим деп күйгөн жигиттердин артынан далай шумдук ушактарды таратып, эптеп эле илинчек таап бутка чапканга даяр. Бул биздин кемчилигибиз.

Шаиста Шатманова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Monika
2010-12-10 22:24:48
Krasavchik go.
0
aliya-leyla
2010-12-11 10:16:37
Чыныгы кыргыз жигити экенсиз.
0
tumarchik
2010-12-11 14:21:14
Курсан ава биз сизди сыйлайбыз, сиздей азамат аваларыбыз коп болсо кыргыздын духу руху мындан да которулмок. Ар дайым ден соолугунуз чын болсун омурунуз узун болсун.
0
honey
2010-12-11 16:20:15
Кырсан байке, биз сиздей Кыргыздын уулдары менен сыймыктанабыз! Сиздей кыргыздын жигиттери коп болсун Кыргызстанда!
0
schatzi
2010-12-11 22:17:57
azamat!
0
edikad
2010-12-13 13:34:29
Курсан сени Ош эли ар дайым колдойт, сага ишенебиз, сен парламентте да озун жакшы жактарынды корсотосун деген ойдобуз... Ош жаштары сен менен...
0
antislav
2010-12-13 17:42:42
Накта КЫРГЫЗ.
0
jua
2010-12-13 19:24:30
Кайсы партияада экен толька Ата Мекен дебегиле.
0
jua
2010-12-13 19:27:43
Мактагандарына каранганда Ата Мекен окшойт.
0
kyrs
2010-12-13 22:54:08
Аванар СДПК партиясында.
0
karabaev
2010-12-14 20:45:04
начар
0
bekjangold
2010-12-17 11:16:11
Чыныгы эр журок!
0
yasemin32
2010-12-18 00:23:13
maga abdan jagat
0
Aicholpon
2010-12-19 21:34:31
Курсан Асанов биз сизди аябай жакшы коробуз.Карангы тундо чырак болдунуз бизге.Дайыма ушул боюнча сакталып калыныз!Сиз менен сыймыктанабыз!
0
Scarlet
2011-01-10 17:43:16
Курсан ага биринчиден куттуктайм! Биздин "кыргыздардын" кемчилигин туура айттыныз!сиздей кыргыздын жигиттери коп болсун!биз сиз менен сыймыктанабыз!
0
№ 423, 10-16-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан