«АЛТЫН ТОП» БАРСЕЛОНАДА КАЛАТ. ЖЕ КЫРГЫЗСТАН КИМДИ ТАНДАДЫ?

Эл аралык кабарлардан

Апта башында Парижде Дүйнөнүн жыл ичиндеги мыкты футболчусуна берилүүчү “Алтын топ” сыйлыгына башкы талапкер болгон 3 спортчунун ысымы аталды. Абройлуу байгеге испаниялык “Барселонанын” футболчуларынын бири – испаниялыктар Андрес Иньеста менен Хави жана аргентиналык Лионель Месси ээ болору белгилүү болду.
2010-жылдан баштап “France Football” басылмасынын “Алтын топ” жана ФИФАнын версиясы боюнча “Жылдын мыкты футболчусу” наамдары бир сыйлыкка бириктирилди. Аталган сыйлык ээси 2011-жылдын 11-январында Цюрихте өтүүчү салтанатта жарыяланат. Башкы талапкерлерге токтоло турган болсок, Иньеста менен Хави жайында Испаниянын курамында Дүйнө чемпиондугун жеңип алышкан. Месси болсо УЕФАнын ЧЛсынын 2009-2010-жылкы сезонунун бомбардири (8 голу менен) аталды.
Учурда жеңүүчүнү аныктоо үчүн добуш берүү кызуу жүрүп жаткан кез. Эреже боюнча, ФИФАга мүчө болгон өлкөлөрдүн башкы машыктыруучусу менен капитаны да добуш беришет. Андыктан биз улуттук курама командабыздын башкы машыктыруучусу Анарбек Ормонбеков менен капитаны Руслан Сыдыковго: “Сиздер кимге добуш бердиңиңиздер?”- деп кайрылдык. Кызыгы, экөөнүн ою бир болуп чыкты. Экөө тең учурдун №1-футболчусу деп Лионель Мессини аташты. Эми мекендештерибиздин ою калган кесиптештери менен дал келеби же жокпу, убакыт көргөзөр.


ОРУСИЯ МУНДИАЛДЫ САТЫП АЛДЫБЫ?

“ДҮЙНӨДӨ 2 ГАНА ЖАШЫРУУН УЮМ КАЛДЫ. АЛАР – ФИФА ЖАНА КГБ”
“Орусия мундиалды сатып алды!” ФИФАнын мундиалдын кезектеги кожоюнун аныктоо боюнча добуш берүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу англиялык басылмалар ушинтип жазып чыгышты. Эске салсак, 2-декабрда ФИФАнын Аткаруу комитети добуш берүүнүн негизинде 2018-жылкы жана 2022-жылкы мундиалды кабыл алуучу өлкөлөрдү аныктаган. Добуш берүүдө Орусия Англия, Испания менен Португалия жана Бельгия менен Голландиянын биргелешкен арыздарын артта калтырса, Катар Япония, Австралия, АКШ жана Кореядан көп упай топтой алган.
Англиялык басылмалар: “ФИФА акчаны тандады. Орусия менен Катар жаратылыш ресурстарына, алардын ичинде мунайга бай. Добуш берүүнүн жыйынтыгы алдын ала чечилген”,- деп жар салышты. Жадакалса Англиянын Футбол федерациясы ФИФАнын президентин отставкага кетиребиз деп чыкты. Ал эми Англиянын бир кездеги машыктыруучусу Венейблс: “Учурда дүйнөдө 2 жашыруун уюм бар. Алар – ФИФА жана КГБ. Экөө алдын ала макулдашып алышкан”,- деген оюн билдирди.
Жогорудагыны Орусиянын Футболдук союзунун мурдагы жетекчиси Вячеслав Колосковдун “Путин алдын ала ФИФАнын чиновниктери менен жолуккан” деп моюнга алганы ого бетер ырбатты. Өз кезегинде ФИФАнын өкүлдөрү Орусия менен Катарды тандоо мундиалдын географиясын кеңейтүүдөн улам келип чыккан чечим экендигин айтышууда.

МУНДИАЛЬ КЫШЫНДА ӨТҮШҮ МҮМКҮН
Добуш берүүдөн көп өтпөй “2022-жыл­­кы Дүйнө чемпиондугу жайын­да эмес, кышында өтүшү мүм­күн” деген маалымат тарады. Белгилүү болгондой, Катарда жайында абанын температурасы 40 градус ысыктан кем болбойт. Андыктан январь-февраль айларындагы 20-25 градус жылуулук мундиалга ыңгайлуу болору бышык. Эмнеси болсо да, кандай ызы-чуулар жаралса да, мундиаль биринчи жолу Чыгыш Европа менен Жакынкы Чыгышта өтөт деген чечим кабыл алынды. Ата мекендик спортчуларды кубандырганы, мундиаль аз да болсо бизге жакындады. Анткени Бишкектен Москвага чейин учак менен 4 саатта жетсе болот.


Жергиликтүү кабарлардан

ШЕРИКТЕШТИК КУБОГУНУН КУРАМЫ БИЛИНДИ
Өтүп бараткан аптада КМШга кирген өлкөлөрдүн чемпиондору ортосунда өтүүчү Шериктештик кубогунун катышуучулары толук аныкталды. Анда өлкөбүздүн намысын – улуттук чемпиондукту сенсациялуу түрдө жеңип алган кочкор-аталык “Нефтичи” коргойт. Мелдеш 2011-жылдын 14-23-январь күндөрү Санкт-Петербургда өтөт. Жакынкы күндөрү командалар чүчү кулактын негизинде тайпаларга бөлүнөт. Ал тууралуу гезитибиздин кийинки сандарынан кабардар боло аласыздар.

Жеңиш үчүн төмөнкү 16 команда ат салышат:
“Бунёдкор” (Өзбекстан)
“Экранас” (Литва)
“Искра-Сталь” (Молдавия)
“Интер” (Азербайжан)
“Шахтёр” (Украина)
“Сконто” (Латвия)
“Шахтёр” (Беларусь)
“Флора” (Эстония)
“Истиклол” (Тажикстан)
“Пюник” (Армения)
“Небитчи” (Түркмөнстан)
“Тобол” (Казакстан)
“ХИК” (Финляндия)
“Зенит” (Орусия)
Орусия жаштар курама командасы
“Нефтичи” (Кыргызстан)

КАРДАГЫ САЛГЫЛАШУУ
4-декабрда Бишкектеги КРнын ФФсынын Футболдук борборунда Эл аралык телевидение күнүнө карата ММКлар арасында мини-футбол боюнча мелдеш өттү. Аны КРнын ФФсы ЕККУ, “Билайн” компаниясы жана Тоо-металлургиялык тармактын профсоюздук комитети менен биргеликте уюштурду. Чемпиондук үчүн төмөнкү командалар күч сынашты: ФФ КРнын ФФсынын командасы, «5-канал», «Билайн», «Кыргыз улуттук радиосу», «НБТ», «Stan TV», «Sport.kg», «Форум», «АКИpress», «РТЦ», «КТРК» жана «ЭлТР». Карда өткөн былчылдашкан беттеште чемпиондукту «Sport.kg» басылмасынын журналисттери жеңип алышты. 2-орунду «АКИpress» маалымат агенттиги ээлесе, 3-орунга КТРКнын кызматкерлери илинишкен. Жеңүүчүлөргө кубок жана медалдардан тышкары демөөрчүлөрдөн баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Окурмандарыбызда «эмне үчүн аталган мелдеште «Супер-Инфонун» командасы жок?» деген суроо туулары турган кеп. Чындыгында, мелдешке «суперчилер» чакыруу алышкан. Бирок 4-5-декабрдагы концертти өткөрүүгө байланыштуу катыша алышкан жок.


Сыйлык кут болсун!

ЧЕМПИОНДОР ЖЫРГАШТЫ
8-декабрда Ак үйдө КРнын Өкмөтү “Гуанчжоу-2010го” карата уюштурган сыйлыктар акциясы өз жеңүүчүлөрүн тапты. Бул акцияда “15 миң доллар жана 1 бөлмөлүү квартирага ээ болгуң келеби? Анда чемпион бол!” деп айтылган. Азиаданын жыйынтыгында 1 гана балбаныбыз Данияр Көбөнов мунун өтөсүнө чыга алганы маалым. Бирок мелдештен кийин аткаминерлерибиз айкөлдүгүн көрсөтүп, убадаларын ашыра аткарышты. Данияр 15 миң доллар менен 1 бөлмөлүү үйдүн ордуна борбордон 3 бөлмөлүү үйдүн ачкычына ээ болду. Ал эми Азиаданын калган триумфаторлоруна 1 бөлмөлүү квартиралар берилмей болду. Акчалай сыйлыктардан спортчулардын машыктыруучулары да куру калышкан жок. Алар да спортчусу алган сыйлыктын 50 пайыздык өлчөмүндө сыйлык алышты. Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командабыздын башкы машыктыруучусу Эмил Алыкуловго да чемпиондорду даярдагандыгы үчүн 3 бөлмөлүү үй белек кылынды.
Мындан тышкары Бишкек мэриясы 5-орунду ээлеген 10 спортчуга 50 миң сомдон акчалай сыйлык ыйгарды. Шаар башчы Иса Өмүркулов белгилегендей, бул сыйлык спортчулардын келечекте чемпион болуусу үчүн аванс болду.
Сыйлык тапшыруу салтанатында Роза Отунбаева өзгөчө грек-рим күрөшүнүн өкүлдөрүнө мактоолорун аябады. Аларга ыраазычылык билдирип, алдыда дагы чоң жеңиштерди күтөрүн билдирди. Өз кезегинде спортчулардын атынан трибунага Данияр Көбөнов чыгып, колдоо жана көңүл бургандыгы үчүн өлкө жетекчилигине рахмат айтып, “дагы чоң жеңиштерге жетишебиз” деп убада берди.

КИМ ЭМНЕ СЫЙЛЫК АЛДЫ?
Данияр Көбөнов – 15 миң доллар, 3 бөлмөлүү квартира
Калыбек Жолчубеков – 10 миң доллар, 1 бөлмөлүү квартира
Евгений Ваккер – 10 миң доллар, 1 бөлмөлүү квартира
Жанарбек Кенжеев – 5 миң доллар, 1 бөлмөлүү квартира
Александр Пароль – 5 миң доллар, 1 бөлмөлүү квартира
Эмил Алыкулов – 7 миң 500 доллар, 3 бөлмөлүү квартира

Базарбек Абдураимов
фото: Султан Досалиевдики
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
pyeon hwa
2010-12-10 21:55:03
azamatsynar!!!
0
gendirector
2010-12-11 01:10:23
Силер албай эле мен алгандай болдум, АЗАМАТСЫНАР, БАР БОЛГУЛА!
0
Razor
2010-12-16 20:26:00
Жарайт! Алга Кыргызстан!
0
Titi
2010-12-17 10:38:59
Кыргызстан алга! Ушунундан жазба!
0
kuma
2010-12-29 18:16:56
alga kirgiz alga
0
kulpunai
2011-05-28 20:16:57
Калыбек молодец
0
№ 423, 10-16-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан