Аутизм спектринин бузулушу – бул адамдын коомчулукка аралашуусуна, байланышуусуна жана жүрүм-турумуна таасир этүүчү неврологиялык өсүүдөгү кемчиликтер.
Аутизм спектринин бузулушу – ар кандай нозологиялык аныктамаларды камтыган нейро өнүгүүдөгү бузулуулардын тобу – бул Аспергер синдрому, Каннер синдрому, жаш балдардын аутизми, атипикалык аутизм, балдардын дезинтегративдик оорусу, ошондой эле көптөгөн хромосомдук жана генетикалык синдромдор), социалдык өз ара аракеттенүүнүн, байланыштын, стереотиптик жүрүм-турумдун бузулушунун триадасы менен мүнөздөлөт. Айрым формаларда “спецификалык эмес маселелерди” кошот: коркунуч, уйкунун бузулушу жана тамактануудагы өзгөрүүлөр, толкундануу, кыймыл-аракеттин жайлашы, кыжырдануу жана башка жүрүм-турумдагы өзгөрүүлөр.
АСБ ЭМНЕДЕН УЛАМ ПАЙДА БОЛОТ ЖАНА КАНТИП БИЛИНЕТ?
Диагностикалык критерийлерге ылайык, аутизм спектринин бузулушу байкалган адамдарда:
– башка адамдар менен сүйлөшүү жана байланышуудагы маселелер;
– чектелген кызыкчылыктар жана стереотиптик жүрүм-турум;
– адамдын коомчулук арасында жашоосуна таасир берүүчү белгилер – мектепте, жумушта жана башка жашоо тармактарында.
Эрежеге ылайык, АСБнын белгилери өмүр бою сакталат. Убагында жана туура жардам көрсөтүлгөн учурда ал белгилер убакыт өтүп анча байкалбай калат. АСБ менен ооруган айрым адамдар өз алдынча окуп, иштей алышат жана келечегин максаттуу куруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал эми кээ бирлери дайыма камкордукка жана жардамга муктаж болушат. Бул учурда АСБдан башка да оорулар болушу ыктымал – гиперактивдүүлүк, кыжырдануу жана тынчсыздануу, аллергия, ичеги-карын оорулары, уйкунун жана тамактануунун бузулушу. АСБ менен кошо мындан дагы оор дарттар келип чыгышы мүмкүн – акыл-эстин артта калышы жана эпилепсия.
АСБнын эмне себептен пайда болушу, күчөп кетиши белгисиз, бирок болжолдуу себептер айтылып келет:
– генетикалык шыктуулук;
– төрөө учурундагы кыйынчылыктар;
– төрөткө чейинки инфекциялар;
– төрөткө чейинки жана кийинки токсиндердин таасири
ДИАГНОСТИКАЛЫК КРИТЕРИЙЛЕР
1. өз ара социалдык-эмоционалдык мамиленин жоктугу
2. башка адамдардын сезимдерине жооп жоктугу
3. сүйлөө речинде бар жөндөмдөрдү коомдук жашоодо колдонбоо, сүйлөө речинде жетишерлик ийкемдүүлүктүн жоктугу
4. ролдук жана коомдук-имитациялык оюндардагы кемчиликтер
В. Чектелген, кайталанган жана ошондой эле стереотиптүүлүгү менен мүнөздөлөт
Байкаларлык жүрүм-туруму, кызыкчылыктары жана активдүүлүгү:
1. күнүмдүк жашоонун көптөгөн аспектилеринде сиңип, биротоло белгиленип калган катуу тартипти орнотуу тенденциясы;
С. Өнүгүү аномалиялары жашоонун алгачкы 3 жылында байкалышы керек, бирок өзү
синдром бардык курактагы топтордо байкалышы мүмкүн.
D. Буга чейинки нормалдуу өнүгүүнүн жоктугу.
Е. Көп учурда аутизмге мүнөздүү эмес белгилер байкалышы ыктымал. Мисалы, коркунуч (фобиялар), тамактануу жана уйкунун бузулушу, кыжырдануу, толкундануу, агрессия, өзүнө-өзү зыян келтирүү.
ООРУЛУУНУН ПСИХИКАЛЫК АБАЛЫН ТЕКШЕРҮҮДӨ КӨҢҮЛ БУРУЛЧУ ЖАГДАЙЛАР:
• оорулуунун жүрүм-туруму;
• сүйлөө речинин өнүгүү деңгээли, анын ичинде башкалар менен маектешүү жөндөмдүүлүгү;
• чоң жана ичке моториканын өнүгүү өзгөчөлүктөрү;
• ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүнүн калыпка салынышы;
• оорулуунун курчап турган айлана-чөйрө, коомчулук жөнүндө билим деңгээли;
• мектеп курагындагы балдарда мектепте алган билимди канчалык деңгээлде өздөштүрүп жатканын баалоо;
• жеке жүрүм-турум;
• текшерүү учурунда байкалган психикалык жана психоневрологиялык белгилер.
АСБны КАЧАН АНЫКТАСА БОЛОТ?
Формалдуу түрдө АСБ диагнозун 1-1,5 жылдан кийин койсо болот. АСБны аныктоодогу кыйынчылыктар – алардын түрдүү жолдор менен пайда болушу мүмкүндүгүнөн улам келип чыгат: баланын өнүгүүсү канчалык жакшы болсо, белгилер ошончолук азыраак байкалат. Кээде диагностикасы өнүккөн өлкөлөрдө да АСБны 4-6 жашында байкашат.
ЭМНЕГЕ КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК?
– 12-14 айдан кийин атынан чакырсаңыз же кайрылсаңыз баланын жооп бербеши же начар көңүл буруусу;
– 14-15 айлыгында эч кандай жаңсоолордун жоктугу;
– 16-18 айлыгында бир да сөз айтпаса же 2 жашка чыкканда сөз айкаштарын кура албаса;
– буга чейин билген, үйрөнгөн тил, коомдук жөндөмдөрүн жоготуусу;
– көз аркылуу байланыштын начарлашы;
– оюнчуктардын же буюмдардын белгилүү орунда турушун каалап калуусу;
– жылмаюунун же эмоционалдык жооптун жоктугу.
АСБнын кеч байкалган белгилери
(2 жаштан баштап):
– дайыма кайталанган кыймылдар (кол жаңсайт, термелет);
– сөз баштоодогу жана маекти улантып кетүүдөгү кыйынчылыктар;
– коомдук оюндарга жана ой жүгүртүүнү талап кылган оюндарга катышууда келип чыккан маселелер;
– кээ бир нерселерге жана буюмдарга ашыкча көңүл буруусу (номер белгилери, ит-мышык, оюнчук машиналардын дөңгөлөктөрү);
– кээ бир тартип нормаларын же ырым-жырымдарды катуу кармануу (бала белгиленген маршрут боюнча гана жүрөт, күн тартибинде кичинекей өзгөрүү болсо да катуу тынчсызданат, жаңы жайларды жактырбайт).
Диагноз диагностикалык критерийлерде сүрөттөлгөн жүрүм-турумдун негизинде гана аныкталат. Бирок текшерүүчү башка оорулардын жоктугун аныктоо үчүн угуу же көрүүсүн текшертип келүүсүн сунуштай алат. Мисалы, балага болгон кайрылууга жооптун жоктугу аутизм сыяктуу эле угуунун начарлашында да пайда болушу мүмкүн.
ДИАГНОЗ АНЫКТАЛГАНДАН КИЙИН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
АСБ канчалык эрте аныкталса, ошончолук баланын жашоо сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк көп болот. Эрте кийлигишүү эң чоң роль ойнойт – АСБ менен ооруган балага жана анын үй-бүлөсүнө эрте колдоо, жардам көрсөтүү. Эрте кийлигишүү менен бала үй-бүлөдөн бөлүнбөй, чоңдордун билимине көп көңүл бурулуп калат.
Бишкек шаарындагы филиал:
МЗКР НГМУ №3995
Бишкек шаары, Жал-23 кичи району, 18/2 үй (Төмөнкү Жалдагы мектептин жаны)
Тел.: 0552353737 (Whatsapp), 0704353737
Инстаграм: reacentr.kg
Ош шаарындагы филиал:
“Нейролайф” медициналык борбору;
МЗКР НГМУ №2752
Ош шаары, Р.Абдыкадыров көчөсү, 752.
Тел.: 0552105151 (Whatsapp), 0777545151
Инстаграм: neirolife.osh