Сыймык Бейшекеев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АПАМА АРНАП ЫР ЧЫГАРСАМ ЧОҢ ЭНЕҢЕ АРНА ДЕДИ»

“Апам бактым, атам ырыс кешигим,

Арзып барам, самап төрүң эшигиң.

Ааламдан кең мээрими күч сезилет

Апа, сенин мени бөлөгөн бешигиң”,- деп ырчы өзү жазгандай бул жолу Сыймык мырза бизди балалыгына ээрчитти. Каарманым менен жашоодогу эң ыйык адам – эне тууралуу маек курдук. Агабыз өзүн тарбиялап чоңойткон чоң апасы жана өз апасы тууралуу айтып берди.

“ЧОҢ ЭНЕМДИН ӨЗ АТЫ ӨЧҮП, КАНЫКЕЙ АТАЛЫП КАЛЫПТЫР”

– Чоң энемдин төрөлүшү мага жомок сымал сезилчү. Чоң энемдин өзүнүн аты Батма экен, эгиздин түгөйү болгон үчүн аты ушундай коюлуптур. Чоң таятабыз кызын “кызым Каныкейдей элге кадыры сиңген адам болот” деп Каныкей деп жүрүп, туугандар, коңшулар да бул атка көнүп, азан чакырылган Батма аты унутулуп Каныкей болуп калыптыр. Айылга Каныкейдей кадыры сиңген адам эле. Мен төрөлөрдө чоң энеме аян берилиптир. “Бир сары неберем кумду чачып кулундай туйлап турган экен” деп айтып берчү. Ойгонуп кетип “неберелеримдин арасында сарысы жок эле, келинимдин боюнда бар, ошол төрөлсө дүйнөнү кумдай чачып ойногон, элге кадыры сиңген сыймыктуу жигит болот окшойт.

Атын Сыймык коёюн” деп түшүн эч кимге айтпай, ичинен ушинтип тилек кылыптыр. Бала кезимде мени Сарыстан дечү, “эмнеге антесиз?” деп таарынып калсам, “сенин өзүңдүн станың болот, элге таанымал болосуң” дечү. Мен тентек элем, чоң энем дайыма менин коргоочум болуп жүрчү. Эсимден эч кетпегени – ысык нанды каймакка аралаштырып, мыкчыма кылып берчү. Картошканы чокко бышырып берчү. Даамы азыр да таңдайымда. Биздин айылга башкарма келеби, директор келеби сөзсүз келип чоң энемден бата алып кетишчү эле. Колу уз, тилинде мөөрү бар, оозунда сөзү бар киши эле. Тон, тебетейлерди укмуш сындуу тикчү. Шырдак, ала кийиз, деле уруна турган бардык нерселерди сонун жасачу. Азыркы заманда жашаса “Каныкей” деген бренд жараткан мыкты бизнесвумен болмок болуш керек. “Орошон 30 жашымда ушу заман келгенде эмне, кылычты кырына кармачу 40 жашымда, элирип турган 50 жашымда, алым күчүм бар 60 жашымда ушу заман келгенде эмне?” деп арман кылганы бар. Анткени ошол Союз учурунда кол өнөрчүлүгү менен үч баласына үч машине алып берген кыйын байбиче эле. Ал кезде машине аз эле адамда болчу. Чоң энемдин атынан ушундай бренд ачсакпы деп изги тилек кылып жүрөм.

“КӨЧКҮГӨ КАРАБАЙ АРТКА КАЙТПАЙ КОЮПТУР”

– 2002-жылы жубайым кош бойлуу кезинде чоң энеме айттым. “Буюрса, кыздуу болом, сиздин атыңыздан Каныкей коём” десем, “УЗИден айттыбы?” деп сурады. “Жок, сиз деле билип койчу турбайсызбы, мен деле алтынчы туюмум менен кыздуу болорумду билип жатам” дедим. Ырымчыл болчу, кызым төрөлгөндө сүйүнчү угары менен айылдан Бишкекке чыгышыптыр. Жолдон көчкү түшүп жол жабылып калыптыр, чоң энем көгөрүп жол тазаланганга чейин күтүп артка кайтпай койгон экен. “Артка кайтсак жаңы төрөлгөн наристенин жолу жакшы болбой калат” деп 6 саат бою жол тазаланганга чейин күтүп, анан келишкен эле.

Чоң энем 84 жашында ооруп калды, “түшүмдө 85 жашка чыгып наристедей күнөөсүз өлөсүң деп аян болгон. Мен эмнеге бир жыл эрте ооруп калдым?” деди. “Курсактагы жашыңызды да санаса керек, эне” дедим. Ошону укканда аябай көңүлү жайдары болуп калды, 84 жашында дүйнөдөн кайтты. Мен 28 жашыма чейин эрке небереси болдум.

“БУЛ СӨЗҮМДҮ КӨПКӨ ЭСТЕП СҮЙҮНҮП ЖҮРДҮ”

– Өзүмдүн апам Панара Тиленбаева мектепте музыка мугалими болуп өмүр бою эмгектенген адам. Мендеги өнөр, талант өзүмдүн апамдан өткөн. Кайнене менен келиндин эң мыкты үлгүсү чоң энем менен апам деп ойлойм. 1999-жылы апама арнап “Энекем” деген ыр жаздым. “Апа, гастролдо жүрүп сизге ыр жазып келдим” деп ырдап бердим. Ыр апама аябай жакты, бирок “кой, балам, чоң энеме чыгардым деп айт” деди. Бул да болсо анын кайненесинен ыйбаа кылганы, сыйлаганы да. Өмүр бою экөөнүн бири-бирине сыйы өзгөчө болду. Чоң энемдерден биз бөлүнүп кеткенден кийин бир жолу апам тамак жасады. Мен “чоң энемди тамакка чакырып келе калайынбы?” дедим. Апам “өздөрү тамак жасады окшойт, балам” десе, “сиздин тамагыңыздан өтсө, менин тамагымдан чоң энемсиз өтпөйт” деп чуркап кетипмин (күлүп). Апам ушуга чейин айтат. Чоң энем да бул сөзүмдү көпкө айтып сүйүнүп жүрдү.

“МУГАЛИМДИН АЙЛЫГЫ МЕНЕН УШУНЧА БАЛАНЫ ЧОҢОЙТТУ”

– “Кайнененин камырынан” дегендей, апама чоң энемдин көп сапаттары өткөн. Колу уз, кадыр-барктуу. Мурун көпчүлүк чоң энем менен кеңешсе, азыр апам менен кеңешип калганын көрүп ыраазы болуп калам. Менин келинчегим менен апамдын мамилеси да ысык. Жашоо бумеранг да, апам кайненесине жакшы келин болгону үчүн апамдын келиндери да мыкты чыкты. Апам 11 бала төрөдү. 8 уул, 3 кыз. Апамды аябай кыйын аял деп билем, анткени ушунча баланы чоңойтуп өстүрүү баатырлык. Атам жаш кезинде эле оорукчан болуп калды, апам мунун эч бирин билдирбей оокат кылып келди. Мугалимдин айлыгы менен ушунча баланы багып чоңойтту.

Апам аябай боорукер, мээримдүү адам. Досторум “Эжей аябай сүрдүү” деп көп айтышат. Мага сын айтканда реалдуу айтат, анткени музыкалык билими бар да. Апа калыс болот экен, ар бир баласына калыс карайт. Апам борборго келе жатканда жупка жасай келет. Балдарынын бардыгына бирдей бөлөт.

“ЫРЧЫЛАР КУРСАГЫ ТОЙБОЙ ЖҮРГӨН БЕЧАРАЛАРДАЙ КӨРҮНҮПТҮР”

– Атам апамды уруп сөкмөк тургай, биздин көзүбүзчө катуу айтчу эмес. Ушундай сый мамиле кылышчу бири-бирине. Бала туулган үйүндөгү ата-эненин моделин өз үй-бүлөсүндө алып келет деген чын экен, бизде дагы уруш болбойт. Атам мени бизнесмен болууга шыктандырды. “Сенин колуңдан келет, минтип көрчү” деп акча таап берчү, бизнес баштаса деп ойлоду окшойт.

Көп ырчынын ичинен ырдаганы аябай купулуна толуп, атам өмүрүндө бир гана ырчыга, Медер Кадыршаевге гүл берген экен. Анан чыгып автобус күтүп турса, жанагы сахнадан көргөн ырчылар деле троллейбус күтүп аялдамада турган экен. Ичинен бирөө “курсагым аябай ачты, силердикичи?” деп сураптыр. Башкаларынын да курсагы ачкан окшойт го (күлүп). Атама ырчылар курсагы тойбой жүрө бере турган бир бечаралардай көрүнгөн окшойт. Мени бизнесмен кылгысы келгени ошондон.

Ата, апа, баланын эки канаты болот экен. Мен ушу эки канатым менен бийик учтум. Баскан-турган сайын атам менен апамдын ден соолуктарынын бекем болушун тилеп жүрөм. Ата, апа, мен сиздердин уулуңуздар болгонум үчүн сыймыктанам!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1012, 29-апрель-5-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан