Парламенттин Жанар Акаев, Нурлан Шакиев баштаган 6 депутаты талаштуу мыйзам долбоорун сунуштады. Алар "Жогорку Кеңешке депутат болуу үчүн жогорку билим тууралуу дипломдун кереги жок" деген норманы киргизгени жатышат. Айрымдар бул норма ансыз да "деңгээли түшүп бүттү" деп сындалып жүргөн парламентти биротоло талкалайт деп жатышат. Диплом шылтоосу менен зээндүү адамдар депутат болуп шайлана албай жатканын айткандар да бар. Ушул жаатта пикир сурап белгилүү адамдарга кайрылдык.
“АДАМДЫН БИЛИМ ДЕҢГЭЭЛИ ДИПЛОМ МЕНЕН ӨЛЧӨНБӨЙТ”
Жанар Акаев, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири:
– Бул сунушка каршы чыккандар – мыйзамдын маңызын жакшы түшүнбөгөндөр жана Конституцияны жакшы окубагандар. Кыргызстан эгемендик алгандан бери парламентке келүү үчүн жогорку билим, диплом талап кылынган эмес. 2020-жылдагы окуялардан кийин революциянын шарапаты менен ушул норма кирип калды. Мурунку бул норма жок кездеги депутаттар менен азыркы норма менен келген депутаттардын кандай айырмачылыгы бар? Же азыркы депутаттар мурдагыларга караганда билимдүү болуп кеттиби? Депутат болуш үчүн сөзсүз диплому болуш керек деген норма Конституцияга каршы келет. Эгерде бирөө ушул жогорку билим боюнча сотко берсе, ал жеңип алат. Анткени башкы мыйзам болгон Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесинде "депутат болуш үчүн 25 жаштан жогору, кыргыз жараны шайлана алат" деп турат. Ал жакта жогорку билимдүү болуш керек деген норма жок. Негизи көп өлкөлөрдө мындай норма жок, мисалы, Орусияда. Мындай кадам теңсиздикти жаратат. Билесиңер, мурда колунда барлар, малы көптөр гана ЖОЖдо окушкан. Акылы барлар колунда жок болгондуктан жогорку окуу жайда окуй албай чет өлкөгө мигрант болуп кеткен учурлар көп. 20 жыл миграцияда чет өлкөдө иштеп, мигранттардын көйгөйүн жакшы билгендер бар. Алар эмне үчүн депутат болуп келишсе болбойт? Адамдын билим деңгээли диплом менен өлчөнбөйт. Мисалы, WhatsApp, Facebook`ту ойлоп тапкандардын диплому болгон эмес. Диплом алар үчүн жөн эле бир кагаз. Бул нормага шылтап Рыскелди Момбековду “дипломуң жок” деп, Орозайым Нарматованы “сынак тапшырган эмессиң” деп парламенттен четтетип коюшту. Бул экөө азыркы 4 дипломдуу депутатка караганда мыктыраак иштемек. Бул норма бийликке жага бербеген адамдар үчүн эле иштебеш керек. Элдин тандоосунан өтүп келүү деле оңой эмес. Ошол эле Дооронбек Садырбаев мындай нормасы жок эле бир нече жолу шайланып жүргөн. Эл арасынан суурулуп чыккан адамдарга мүмкүнчүлүк беришибиз керек.
“ДИПЛОМ КЕРЕГИ ЖОК” ДЕП ӨЗҮБҮЗДҮ ДҮЙНӨГӨ УЯТ КЫЛЫП ЖАТАБЫЗ”
Чынара Эсенгул, саясий талдоочу:
– “Жогорку Кеңешке депутат болуп келүү үчүн диплом керек эмес” дегендер жаңылышат. Анткени эл өкүлү деген эл арасынан чыккан мыктылар, күчтүүлөр, каймактар дегенди билдирет. Парламент – бул жергиликтүү кеңеш эмес, Жогорку Кеңеш, мыйзам чыгарганга пайдалуу демилге козгогонго өтө терең, жогорку билим керек. Адам ар тармактан кабардар болуп, түрдүү жаатта түшүнүгү кенен болушу шарт. Экономика, идеология, социалдык багыттар, айыл чарба, туризм тармагын билген ар кайсы кесиптин ээлери керек. Ошондо мыйзамдардын сапаты да жакшырат. Анан бул демилгени сунуштагандар эл өкүлүнүн атын жамынып алып “диплом кереги жок” деген нерсе эч кандай логикага сыйбайт. Өзүбүздү дүйнөгө уят кылып жатабыз. Билим деңгээлибиздин төмөндүгүн аныктап жатабыз. Жанагы жасалма жол менен диплом алып парламентке келгендер өздөрүнө жол ачууну көздөп жатышат, ошон үчүн мыйзамга ушундай өзгөрүүлөр сунушталып жатат. Бул абдан терс көрүнүш, мамлекеттин келечегине, башкарууга, мыйзам чыгаруучу бийлик бутагына абдан чоң сокку болот. Ушундай сунуштарды колдобой турганын билдирип эл бат реакция кылса жакшы болот эле. Эл өкүлү деген билими, кесиби, акыл көрөңгөсү, айтор, бүт тараптан күчтүү болушу абзел.
“ЭЛ КӨЙГӨЙҮН ЧЕЧИП ЖҮРГӨН АДАМДАРГА МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРҮҮ КЕРЕК”
Медер Алиев,
Жогорку Кеңештин депутаты:
– Диплому барлар гана депутат болсун деген норма ушул чакырылышта гана мыйзамга кирди. Буга чейин жок эле. Юрист катары айтсам, Конституцияда мындай норма жок. Демек, бул мыйзам менен көпчүлүк эл арасынан чыккан, кесиби, билими жок болсо да эл көйгөйүн чечип жүргөн жөнөкөй карапайым адамдарга мүмкүнчүлүк берген болобуз.
«Супердин» сурак бурчу
ПАРЛАМЕНТКЕ ШАЙЛАНУУ ҮЧҮН ЖОГОРКУ БИЛИМ КЕРЕКПИ?
Адил Турдукулов, жарандык активист:
– Сөзсүз түрдө бул норма алынып салынышы керек. Конституция боюнча диплому барбы, жокпу, Кыргызстандын ар бир жараны шайланууга укуктуу. Бизде көп дипломдор сатылат, демек, формалдуу түрдө алынган дипломдор эч нерсени айгинелебейт. Диплому жок, бирок парламентте отурган айрым депутаттарга караганда билимдүү адамдар арабызда көп.
Талип Мейманканов, жумушчу:
– Жакында депутаттар “мугалим, дарыгер болуп иштөө үчүн жогорку билимдин зарылдыгы жок” деген мыйзам жазып чыгышса да таң калуунун кереги жок болуп калды. Жогорку билими тургай, сабаты жок, текстти шар окуп, туура жаза албагандар өлкө тагдырын аныктайм деп парламентке келсе кандай болот? Мыйзамдарды айырмалай албаган адамдардын депутат болуп келишине шарт түзбөө керек.
Жусупжан Жээнбеков, саясий ишмер:
– Диплому жок адамды эл депутат кылып шайлады дейли. Анан ошол депутаттарды президент делегацияга кошуп чет өлкөгө чыгып калса. Тигилерге тааныштырганда эмне деп тааныштырат, “депутат, бирок кесиби шылуун, окууну көчөдөн бүткөн” деппи? Казинодо карта таркатуучубу, далдалчыбы, “разборщикпи”, каалаганы келип депутат боло берсин деген жобого жол ачып жатышат, бул туура эмес.
Элира Турдубаева, медиа эксперт:
– Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу жогорку орган, ал жерге сөзсүз жогорку билимдүү кадрлар барышы зарыл. Себеби мыйзамдарды окуп түшүнүп, анализдеп, көп маалыматты сиңирип, талдоо да оңой эмес. Депутаттын саясий, социалдык, маданий, каржы, юридикалык, санариптик сабаттуулугу жогору болушу керек. Болбосо кеңешчилери же лоббисттери кайсы мыйзамга кол кой десе ошого макул болуп отура берет.
Кыяс Молдокасымов, тарыхчы:
– Жогорку билимди талап кылуу жобосун жок кылбай, тескерисинче, өнүктүрүү керек. Өткөн жылы бул маселе козголуп, бирок колдоо тапкан эмес. Билими жок, мыйзамдан түшүнүгү жок, сабаты жок, текстти шар окуп, туура жаза албагандар өлкө тагдырын аныктай турган болсо кандай болот? Ошондуктан депутат болуш үчүн жогорку билимдин талап кылынганы туура.
Данияр Жолдошев, мугалим:
– Депутат сөзсүз бир кесиптин ээси болушу керек. Болбосо кантип мыйзам жазат? Жогорку билимдүү, дипломдуу болгону эле туура. Кат-сабаты жоюлбаган, эки сөздү бириктирип оюн түшүндүрө албагандар бар. Алар келсе мыйзам чыгаруу бутагынын быт-чытын чыгарат. Ушундай элдин жинине тийген сунуштарды демилгелебей эле коюшса.
Лунара Бекиева