Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, парламенттин V, VI, VII чакырылыштарынын депутаты Дастан Жумабеков биздин маек төрүбүздө. Депутат мырза менен саясатка кантип аралашып калганы, бул жолу эмнеге бир мандаттуу округдан депутат болууну тандаганы тууралуу, Талас көк бөрү федерациясын кантип жетектеп калганы жана башка темада кеп козгодук.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жери – Талас облусу, Кара-Буура району, Сатыкей айылы
Билими – Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган
Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 1 уулдун атасы
Эмгек жолун 2002-жылы "Баямташ ЛТД" түрк компаниясынын өкүлчүлүгүндө коммерциялык директор болуудан баштаган
Жогорку Кеңеште – Манас округунан депутат
– Арыбаңыз, Дастан мырза! Ушуну менен Жогорку Кеңештин үч чакырылышына депутат болуп отурасыз. Буга чейин партия менен келсеңиз, бул ирет бир мандаттуу округду тандооңузга эмне себеп болду?
– Шайлоонун алдында шайлоочулар менен кеңештим. Алар “элге, айрыкча Кара-Буура районуна көп жардам кылдың, бир округдан чыгып бактыңды сынап көрбөйсүңбү” дешти. Мурунку партиябыз “Кыргызстан” бул ирет шайлоого катышкан жок. Эгер катышса башкача болмок. Башка партиялар менен сүйлөшүүгө барган жокмун. Өзүм дагы бир мандаттуу округдан чыгууну туура көрдүм. Элдин колдоосунун негизинде бүгүнкү күндө мандат алып отурабыз.
– V чакырылышка жаңы депутат болуп келген жана VII чакырылыштагы депутат Дастан мырзанын кандай айырмасы бар?
– Арийне, өзгөрүүлөр болсо керек. Мамлекеттик түзүм эмне экенин, мыйзамдар кандай жол менен кабыл алынат? Кайсы мыйзамдын түп тамырында эмне жатат, анализдеп түшүнүп дегендей, 10 жылдан ашык тажрыйба топтодук, кайсы бир деңгээлде такшалдым. Кандай саясатчы болуп жатканыма эл өзү баа берсин. Чыңгыз Айтматов атабыздын “адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деген сөзү бар эмеспи, ар күн сайын Кудайдан “эл-жерибизге бүгүн дагы жакшы күндү бер, жакшы жолдон адаштырба, жаман ишке илештирбе” деп тилейм. Эң негизгиси чынчылдык, мамлекеттин байлыгын жебеш керек деген нерсе жүрөгүмдүн төрүндө турат. Ата-энеңден алган жакшы тарбияң, адамгерчилигиң өзгөрбөшү керек. Ар дайым шайлоочуларымды кубантканга, аларга берген убадамды аткарууга аракет жасайм.
– Көпчүлүктүн шарданы менен бир мыйзам долбооруна макул деп добуш берип, кийин өкүнүп калган учурларыңыз болду беле?
– Ар бир мыйзамга эмне себептен добуш бергенимди айтып берүүгө дайынмын. Мамлекет үчүн, эл үчүн иштей турган мыйзамдарды колдоп, көпчүлүк элге кедергисин тийгизе турган мыйзамдарга каршылыгымды билдирип, ой-пикиримди айтып келем. Бардык нерсеге ойлонуп добушумду берем, бул үчүн өкүнгөн учурум боло элек.
– Азыр сиздин бир “каршы” добушуңуз эсиме түштү. Сейрек кездешкен жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу демилгесин эмнеге колдобой койдуңуз эле?
– Бул жаратылышка, экологияга орчундуу залакасын тийгизе турган мыйзам эмес болчу. Мындан сырттан келген туристтерге акча төлөп келишим менен аңчылык кылууга уруксат берүү каралган. Ал учурда бир аз бурмаланып, коомчулук терс пикирде калган. Түп тамыры мамлекетке пайдалуу эле мыйзам болчу.
– Саясатчы болуу жан дүйнөңүздүн каалоосубу же турмуш сизди саясатчы кылдыбы?
– Эсимде, 6-классымда эле атам үйгө алып келген гезиттерден саясий жаңылыктардан тартып Михаил Горбачёвдун сүйлөгөн сөзүнө чейин окучумун. Капитализмди колдогон тарыхтан берген мугалим менен талашып эле жатып калчумун. Мага ал “саясат десе эле сен сүйлөйсүң, Горбачёвду мактайсың, ал жарытпайт, баарын талкалап жатат” дечү. Мен "базар рыногу келди, ошол жол менен өнүгүшүбүз керек" дей берчүмүн. Ошол убакта эле дүйнөдө, Союзда болуп жаткан саясаттан кабардар болуп турчумун. Кийин жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин ишкерлик менен алектенип, атама кошулуп алып таза суу чыгарып, кичи мекениме ар тараптан жардам көрсөтө баштадым. 2010-жылы депутаттык шайлоого талапкер болуп көрөйүн десем, эл да колдойбуз деди. Ошентип саясатка аралашып калдым.
– Атама кошулуп деп калдыңыз, атаңыз ал кезде эмне менен алектенчү?
– Атам Союз маалында айылдын бригадири болгон. Бизде тамеки талаасы көп болчу да, тамекинин сорту боюнча СССРдин эки жолку чемпиону болгон. Союз таркагандан кийин атам айылдын башчысы болуп калды. Эң биринчилерден болуп АРИСтин долбоору менен айылга таза суу киргизди, ФАП, мечит салдырды. Атам иштеп жаткан усталарды, тракторчу, куруучунун баарын үйгө алып келет, апам тамак жасайт. Анан апам “үйдөгү маселе чечилбей жатса сен айылдын көйгөйү деп эле жүрө бересиң” деп калчу. Эл үчүн иш кылган жактан атамдан көп тарбия алдым. Өзүмдүн каражатыма жана андан тышкары, араб, түрк, орусиялык донорлор менен иштеп, Талас облусуна бала бакча, ФАП, мечит, жол, таза суу, спорттук жайлар, айтор, элге керектүү 90го жакын социалдык объект тартууладык. Азыр да 2 футболдук аянтча курулуп бүттү, 2,5 миллон сомго Казакстандан суу чыгаруучу насос алып келдик. 450 гектар жерди сугарууга жарайт.
– Жогорку Кеңешке депутат болуу үчүн жогорку билимдин кереги жок деген норма камтылган мыйзам долбоору сунушталды. Буга көз карашыңыз кандай?
– Баш мыйзамда Жогорку Кеңешке 25 жаштан жогору курактагылар депутат боло алат деп жазылып турат, жогорку билим деп көрсөтүлгөн эмес. Ошого Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамды шайкеш келтирип жатышат. Алар “бир шарттар менен учурунда окубай калган, өз жерине эмгеги сиңген бизнесмен же активист болсо эмнеге депутат боло албашы керек” деген критерийде карап жатышат.
– Өзүңүзгө жакпаган мүнөзүңүз барбы? Ошол мүнөзүңүздүн айынан зыян тартып калган учурларыңыз болобу?
– Жаңылыш сөздөрүм менен интернетте популярдуу болуп кеттим го. Бүгүнкү күнгө чейин “эмнеге ушинтип жаңылдым?” деп өзүмө суроо берем. Эң негизгиси сөздөн эмес, иштен жаңылбаш керек. Баягы бала кезде айылда семичке, тамеки талаасында иштеп, мал-кел, айтор, тиричилик менен жүрүп көп китеп окубай калганыма өкүнөм, окуш керек экен. Азыр балдарыма бош убактысында колуна китеп карматам, өзүм дагы бош убактымда китеп окуйм. Келинчегим көп окуган, экөөбүз дүйнөлүк окуялар, тарых боюнча сүйлөшкөндө келинчегим менден көптү билет.
– Былтыртан бери Талас облусунун Көк бөрү федерациясын жетектеп келесиз. Көк бөрү көп каражат сарптай турган, өкмөт тарабынан каржыланбаган спорт, бул жүктү аркалооңузга эмне түрткү болду?
– Негизи өзүм спортко жакынмын, күрөш, ММА, грэплинг менен алектенгем. 2017-жылы Нью-Йоркто грэпплинг боюнча дүйнөлүк ачык чемпиондукка катышып 3-орунду алгам. Спортко кызыккандыктан республикалык федерациянын жетекчилеринин кайрылуусун четке какпай 8 жылдан бери MMA боюнча WEF уюмунун, Дзюдо, Кол күрөш федерацияларынын Талас облусундагы өкүлүмүн. Спортчуларга колдон келишинче шарт түзгөнгө аракет кылып келем. Ал эми көк бөрүгө аралашканыма аз эле жыл болду. Кара-Буура районунун көк бөрү федерациясынын жетекчиси “жардам бербейсизби” деп калды. Макул деп аттарды алып берип, каржылык колдоо көрсөтө баштадым. Анан облустук федерацияга каражат жактан жардам берип, демөөрчүлөрдү таап берип, ошентип аралашып калдым. Анан былтыр көпчүлүктүн суранычы менен федерацияны жетектеп калдым. Бул дагы чоң жоопкерчиликти талап кылган түйшүктүү жумуш. Ошонун баарына чыдап иш алып барып жатабыз. Ар дайым колдоп турган ага-инилер, күйөрмандар бар. Учурда Баткенде өтө турган 9-Май турнирине даярдык көрүүдөбүз. Көк бөрүдө турнирлерге катышуу оңойго турбайт. Баары эле демөөрчү издешет, табылса келишет. Эл өкүлү катары каражат маселеси боюнча өкмөткө сунуш киргизейин деп турам. Кыргызстанда күйөрманы көп спорт түрү – көк бөрү. Ушундай элдин кызыгуусу артып турган спортко көңүл буруп, жок дегенде жол кире, жатакана маселесин чечип бергенге аракет кылып жатам.
– Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!
Динара Акимова