ЭМНЕ ҮЧҮН ЭРИНДЕР КУРГАП, КЕСИЛЕТ?

СЕБЕПТЕРИ:

муздак-ысык аба

организмде суунун жетишсиздиги

аллергия

эринди тиштегилеп, жалай берүүнү өнөкөткө айландырганда

туздуу, ачуу, уксус кошулган тамак-аш көп жегенде

сапатсыз косметика

агрессивдүү пилинг

инфекция

өнөкөт оорулар (кант диабети, тери оорулары жана башка)

витаминдердин жетишсиздиги жана башка

ДАРЫЛОО ЖОЛДОРУ:

– Эриндерге арналган атайын помада, бальзам, вазелин колдонуу. Кичинекей банка түрүндө кутудагы бальзамдарды алуу сунушталбайт. Анткени аны колдонордун алдында дайыма колду жууп турууга шарт жок. Кутуну ачып, сөөмөйдөгү микробдорду бальзамдын үстүнкү бетине “көбөйө бергиле” деп калтырып кетесиз, кошумча эриниңизге да сүйкөйсүз.

– Жатардын алдында эриндериңизге бал сүйкөп коюңуз. Балга аллергияңыз бар болсо, анын ордуна кокос, бадам, какао, календула, ит мурун, чычырканак майлары менен майлап койсоңуз болот.

– Күнүнө 1,5-2 литрден кем эмес суу (чай, шире жана башка суусундуктар эсепке кирбейт) үчүү керек.

– Ысык аба ырайында курамында УФ-фильтр же SPF бар крем же помада сүйкөнүү керек. Муздак аба ырайында гигиеналык майлуу помада же вазелин сүйкөңүз.

– Сапаттуу косметика каражаттарын алганга аракет кылыңыз.

– Эрдиңизди тиштегилей берген адатыңызды сөзсүз унутуңуз.

– Көп нерв болуу да эриндердин кесилүүсүнө алып келет, андыктан токтоолук менен дос болуңуз.

– Даамдуу болсо да пайдасыз тамак-аштан качып, витаминдүү азыктар менен тамактанып, иммунитетти чыңдоого аракет кылыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1012, 29-апрель-5-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан