(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)
(Башталышы өткөн сандарыбызда)
Бизге интимдик жашоо, жыныстык жактан жугуучу оору түрлөрү, кыздык белги жаатында суроолор менен көп кайрылышат. Эмесе ошондой суроолорго жооп.
– Биринчи нике түнүндө канча жолу кошулса болот?
– Бир гана жолу. Себеби кыздыгы айрылып, ооруйт. Нике түндөн кийин 5 же 7 күнгө дейре кошулбай туруу кажет. Анткени кыздын жан жери ачышып ооруй берсе, кийин “муздак аялга” айланат.
– Арабызда кадимки кочкордун жумурткасын “күчтөнөм” деп жегендер бар. Ошолордуку туурабы жана аны кантип даярдайт?
– Көп элдердин элдик медицинасында ушундай ыкма бар. Андай ыкма биздин жергебизге ар улуттун адамдары келип байырлай баштагандан тартып жайылды. Даярдоого келсек, аны сууга бышырып же майга кууруп алууга болбойт. Уккан маалыматыбызга караганда, кочкордун жумурткасын 2-3 күнгө сүткө салып коёт. Анан күнгө кургатып, аз-аздан жейт. Бирок эскерте кетчү нерсе, жумуртканы даярдоонун жана жештин өзүнчө сыры бар. Ошондуктан өз алдынча бышырып жегенге кеңеш берилбейт.
– Акыркы айларда дамамат дүүлүгөм да турам. Аялымдын жанын койбойм, өзүм да эсим ооп, чарчайм. Бирок төшөк оюну менен канчалык алектенсем да жеңилденбейм. Бул эмнеликтен?
– Жыныстык мүчө улам чатырап тура берсе жана жыныстык катнаштан соң жеңилдик болбосо, анда бул – оору. Медицинада муну “приапизм” дейт жана чанда жолугат. Муну уролог же невропатолог дарылайт. Андыктан сиз дарыгерлерге барып, дарыланууңуз кажет.
– Автокырсыктан улам жүлүнүмө зак кеткен. Ошондон улам менде дүүлүгүү деген жок. “Алигим” да чыңалбайт, турбайт. Ушул себептен улам интимдик жашоомдун келечеги жокпу деп сурайын дегем.
– Эгер эрекцияны (“алигинин” чыңалуусу, туруусу) толугу менен калыпка келтирүүгө болбосо, таасирдүү эрокторлор (жыныстык мүчөнүн шакшагы) бар. Ошону алып колдонсо болот. Эроктор жыныс мүчөнү жөлөп тургузуп, жыныстык катнашта болууга түздөн-түз жардам берет.
– Артынан жасоонун кийин зыяны жокпу?
– Күчкө салып зордуктаса, анда аял геморройго кабылышы мүмкүн. Же көтөн чучугунун заңды чыгарбай кармап туруучу булчуңу иштебей, аялдын заңы куюлуп чыга берчү болуп калышы ыктымал. Эгер аял кааласа, анда эркек презервативди кийип, анан акырындап кошулуу керек.
– Мен операция болгон кезимде катетер аркылуу заарамды чыгарышкан эле. Ошондон бери кыз болбой калдымбы деп сарсанаа болуудамын.
– Катетер кыздык жайгашкан жыныс кынына эмес, заара чыгаруучу каналга салынат. Андыктан сарсанаа болуунун кереги жок.
(Уландысы кийинки саныбызда)