“Бала кезден эле Авраам Линкольн, Томас Жефферсондун өмүр баяндарын окугам. Өзүмдү саясатчы болом деп даярдап келгем” дейт депутат Медер Алиев. Эл өкүлү өлкөдө болуп жаткан саясий окуяларга көз карашын, үй-бүлөсү, саясаттагы максаттары менен бөлүштү.
Каарман тууралуу
Туулган жылы – 1986-жыл, 29-октябрь
Билими – жогорку, Кыргыз-Орус Славян университетинин юридика факультетин бүтүргөн
Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы
Үлгү туткан саясатчылары – Авраам Линкольн, Франклин Рузвельт, Исхак Раззаков.
– Саламатсызбы, Медер мырза? Маектин алдында сурап алсам, публикага ачыксызбы, суроолорго буйтабай эле жооп бересизби?
– Саламатчылык. Эми саясатчы журналисттин эч бир суроосуна ачык жооп бербейт. Бирок мен башкалардан айырмаланып ачык жооп бергенге аракет кылайын.
– Коомчулукта “парламенттеги жаш депутаттар эл үмүтүн ойгото элек, 4 ай өтсө да көзгө көрүнөрлүк мыйзам жазышкан жок” деген сын айтыла баштады. Мындай сындарды кандай кабыл аласыз?
– Бул жолу акча бербей, өз күчү, элдин колдоосу менен 5-6 жаш депутат парламентке келди. Бир сом акча бербей депутат болгондордун бири менмин. Эми элдин айткан сыны тууралуу... Биз бир нерсени так түшүнүшүбүз керек, бизде 3 бийлик бутагы бар. Аткаруу бийлиги эмне иш кылбасын көзгө көрүнөт. Мисалы, Транспорт министрлиги жол салса, Билим берүү министрлиги мектеп салса элдин көзүнө көрүнөт, сот бийлигинин иштерин да эл түздөн-түз сезе алат. Ал эми парламенттин ишин эл түз көрө албайт. Биз кабыл алып жаткан мыйзамдар ишке кирип элдин жашоосуна таасирин тийгизгиче 1-2 жыл керек. Мыйзам – бул абага окшош, адамга абдан керек, бирок аны көрө албайсың, сезесиң. Андыктан жаш депутаттардан үмүт үзө баштагандарга айтарым – убакыт бергиле, келгенибизге 4 эле ай болду. 4 айда керек болсо бала төрөлбөйт. Айтып коюшат го “сиз бир убакта 9 аялды боюнда кылышыңыз мүмкүн, бирок 9 ай өтмөйүнчө эч кимиси биринчи төрөй албайт” деп. Анын сыңарындай жаш депутаттар учурда адаптация процессинде жүрүшөт. Элдин пайдасына иштечү мыйзамдар алдыда көп жазылат. Өзүмө тиешелүүсүн айтсам, саясатчы катары жаштар жасап жаткан ишин коомчулукка жеткирип туруш керек окшойт. Көмүскөдө кала берсе кылган ишиң билинбей калат экен. Уялбастан, тартынбастан эле коомчулукка айтуу зарыл экен.
– Депутат болгондон бери парламентте кандай маанилүү демилгелерди көтөрүүгө үлгүрдүңүз?
– Тагдырдын тамашасыбы, Кудайдын буйругубу, айтор, парламенттеги эң маанилүү конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетке жетекчи болдум. Көпчүлүк убактым комитеттин иштери менен өтөт. Эгер мен эркин депутат болсом көп маселелер боюнча демилге козгогонго убакыт болот эле. Чет элдик жаран өлкөбүздөгү илимге, билимге, өндүрүшкө, IT-секторго 500 миң доллар инвестиция сала турган болсо, ага Кыргыз жарандыгы берилсин деген демилгени көтөргөм. Бирок бизде жарма патриотизм менен “ой, анда бизди кытайлар каптап кетет” деп кокуйлагандар көп экен. Бул демилге көтөрүлгүчө эле Кыргыз паспортун ким гана ит бекер албады, Сириядагы террористтер, казактардын оппозициячыл саясатчысы Мухтар Аблязовдун Кыргыз паспортун алганы билинбедиби. Кеп мыйзамда эмес, кеп ошол жакта иштеген чиновниктерде жана коррупциялашкан системде. Кыргыз жарандыгын 500 долларга сатып жатканы жалганбы? Жакынкы Украина-Орусия тирешинде миңдеген IT-адистери жумушсуз калып, Орто Азияга агылып жатышат. Алар дүйнөнүн эң акылдуу адамдары, бизге келсе салык төлөшөт, IT-системин ачышат. Мындай мыйзам АКШда, Италияда, Түркияда, Англияда бар. Аталган демилгем көпчүлүк арасында колдоо тапкан жок. Биз неге жаңы багыт менен өнүкпөй, жарма патриотизм менен жашап калганбыз деп кээде өкүнөсүң.
– Саясатка кантип келип калдыңыз, бул сиздин жеке тандооңуздун жыйынтыгыбы же кайсы бир жагдай түрткү болдубу?
– Саясат – өзүм тандаган, каалаган тармак. Ата-тегимдин саясатка тиешеси жок, алар мугалимдик кесипте иштешти. Мектепте окуп жүргөндө эле дебаттык ийримдерге катышып, саясий темаларды талкуулап аябай талашып-тартышчубуз. Бала кезден эле Авраам Линкольн, Томас Жефферсондун өмүр баяндарын кызыгып окугам. Өзүмдү саясатчы болом деп даярдап келгем. Саясатка келгиче Экономика министрлигинде бөлүм башчы, парламенттин аппаратында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системинде иштедим. Мындайча айтканда, бүт илимди, билимди, тажрыйбаны топтоп парламентке бышып келдим десем болот. Кесибим юрист, билсеңиз, дүйнөдөгү мыкты парламентарийлер юристтер болгон, анткени алар мамлекеттик түзүлүштү жакшы билишет. Менин максатым да – өлкөдө чоң бурулуш, реформаларды жасоо. Бул нерсе азыркы шартта, албетте, кыйын, бирок аракет кыла беребиз.
– Алгач депутат болуп келгендеги сезимдер менен бөлүшүп кетсеңиз.
– Кимдир бирөө үчүн депутаттык кол жеткис кызмат сезилиши мүмкүн. Ошондой ой жүгүрткөн адамдар депутат болуп келсе, аларда башкача сезимдер болсо керек. Бирок азыр бийликтин ыйыктыгы, сокралдыгы жоголуп бараткан заман. Мурун чоң кызматта тургандар – раистер, биринчи катчылар Кудайдан кийинки эле адамдар эле да, колхоздун төрагалары алардын алдында бүжүрөп турушчу. Азыр бийлик менен элдин мамилеси демократиялык жол менен өнүгүүдө. Жеке менде укмуш деле сезимдер болгон жок, тескерисинче, эл үмүтүн актай аламбы, жаманатты болуп калбаймынбы деген коркунуч болду. Мисалы, Орусиядагы жашаган мекендештер арасында шайлоодо эң көп добуш алган Адахан Мадумаров болду, андан кийин эле мен алдым. Бул да элдин ишеними, чоң жоопкерчилик.
– Өзүңүз, үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.
– Кичи мекеним – Аксы району, саруу уруусунан болом. Аксыда төрөлүп-өстүм. Апам Чүйдөн, атам Аксыдан, бирок мен Ошто, Жалал-Абадда, Бишкекте окудум, жек-жаатташкан түшүнүк жок менде. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз, 4 эркек, 1 кыз, мен экинчи баламын. Карындашым былтыр 60 миң мектеп бүтүрүүчүсүнүн арасынан алтын сертификат алып баарыбызды кубандырды. Салыштырмалуу кеч, 32 жашымда үйлөндүм. Жубайым дарыгер, менден 7 жаш кичүү. 2 балам бар, 1 кыз, 1 уул. Кызыма өтө жакынмын, жумушта да видеочалуу аркылуу сүйлөшүп турам. Бирок балдарымды өтө чалчактатып эркелеткенден корком. Себеби көп саясий ишмерлердин баласы эрке өсүшүп, алардын жүрүм-туруму мамлекеттик ишке таасирин тийгизген учурларды билем. Бизди ата-энебиз катуу кармаган, тартипсиздик кылсак чыбык менен сабаган, андан ата-энебизди жек көрүп калган жокпуз да. Бала “кой-айды” билбесе тарбиялаш керек, өзгөчө эркек балдарды катуу эле тарбиялаш керек экен деп калдым.
– Жашоодо эмнеден коркосуз?
– Адам баласы табиятынан коркуу эмес, тынчсыздануу менен жашайт. Менин кичинекей баламдын аллергиясы бар, дайыма “ушул оорусу өмүр бою калып калбайбы?” деп тынчсызданам. Денесине бүдүрлөр чыгып абдан кыйналып кетет. Ата-энем көбүрөөк жашаса, маңдайыбызда көбүрөөк болсо, инсульт алып калбаса экен деген да тынчсыздануу бар. Кудайдын сотунан корком, мен өтө динчил адам эмесмин, бирок аркы дүйнөдө сурак бар экенине, бул дүйнөдө кылган ишиңе жооп болот деген ишеним жашайт. Бумеранг сотунан корком.
– Маегиңизге чоң рахмат!
Лунара Бекиева