БООРДУ МАЙ БАСПАШЫ ҮЧҮН МАЙЛУУ ТАМАКТАН КАЧУУ КЕРЕК

Гепатоз оорусун окумуштуулар кылым оорусу же жакшы жашоо дарты деп атап коюшат. Анткени дарт негизинен майлуу тамактарды, фаст-фуддарды көп жеп, аз кыймылдоодон жаралат. Акыркы кезде гепатоз менен ооруган адамдардын саны арбып баратат. Аталган дарттын даражалары, дарылоо ыкмалары тууралуу терапевт Гүлзина Молдоевадан маалымат алдык.

Боордун милдети

Боор оң тараптагы кабыргалардын алдында жайгашкан 2 чоң бөлүктөн жана аларды түзгөн 8 бөлүкчөдөн (сегмент) турган орган. Боор тамак-аш, суу, аба менен кирип, кан менен барган уулуу жана зыяндуу заттарды (аллерген, уу жана башка) чыпкалоо менен зыянсыздандырат, уулуулугун азайтат, организмден оңой чыгып кете тургандай кылат. Ошондой эле организмдеги ашычка гормон, витамин, фенол, этанол сыяктууларды да зыянсыздандырат. Глюкоза менен жабдып, организмдин энергияга болгон талабын камсыздандырат. Белок май, көмүртек жана гормондордун алмашуусун көзөмөлдөйт. Тамак-аштагы майлар ашказан жана ичегиде эрип, сиңип, алар боорго кан менен барганда аларды майдалап, бөлүктөргө ажыратып энергияга айландырат жана ашыкчасын чыгарат жана башка.

Майлуу тамакты көп жесе боорду май басат

Гепатоз – бул боорду май басуу. Боордун негизги клеткалары гепатоциттер деп аталат, алардын саны болжол менен 300 миллиардга жетет жана алар боордун ткандарынын 80 пайыздайын түзөт. Норма боюнча боордо белгилүү бир өлчөмдө май болот. Бирок кайсы бир факторлордун таасиринин негизинде майларды синтездөө жана майларды энергияга айлантып, ашыкчасын чыгаруу процесси бузулуп баштайт да, гепатоз жаралат. Дарт жаңы башталганда айрым гепатоциттерди майда-майда май басып баштайт да, акырындык менен баарын май каптап калат. Дарттын 2 түрү бар.

Алкоголдук гепатоз

Муну алкоголдук ичимдиктерди көп ичүү пайда кылат.

Алкоголдук эмес гепатоз

Мунун себепкерлери төмөнкүлөр:

• Майлуу, тез даярдалуучу(фаст-фуд) жана курамында пальма майы бар азыктарды көп жегендик

• Тамак-ашка малдын майын көп колдонуу

• 2-типтеги кант диабети

• Айрым дарыларды өз алдынча жана көп кабыл алуу. Мисалы, курамында эстроген бар каражатты, антибиотик, тетрациклин, ацетилсалицил кычкылы жана башка

• Тукум куучулук

• Катуу диета кармоодон тез арыктап кетүү

• Гипотония

• Семирүү

• Гипотриоз (калкан сымал бездин оорусу)

• Гепатоксикалык дарыларды узакка көп ичүү (көбүнчө муун ооруларынын дарылары)

• БАДдарды көп, өз алдынча ичүү

• Организмдеги май жана зат алмашуунун бузулушу

• Аз кыймылдуу жашоо образы, мисалы, кеңсе кызматкерлери

Дарттын даражалары

1-даражасы стеатоз. Башкача айтканда, гепатоцит клеткаларында майлардын топтолуусунан боордун чоңоюшу

2-даражасы стеатогепатит. Гепатоцит клеткаларынын бузулуп, берчке айланышы (фиброздук гепатоз)

3-даражасы боордун циррозу.

Убагында дарыланбаса боордогу сезгенүү жүрүп отуруп боордун циррозуна жеткирет. Ошондуктан боорду 1 жылда 1-2 жолу УЗИден тарттырып, оору бар же жок экендигин аныктатып туруу кажет.

Дарттын белгилери

Дарт 2-3-даражага жетмейинче оору белгилери билине бербейт. УЗИге тартканда аныкталат.

Дарттын белгилери төмөнкүлөр:

• Шалдыроо, бат чарчоо, алсыздык

• Ичтин көбүшү, көңүл айлануу, тамакка табиттин жоголушу

• Көздүн агынын, теринин саргайышы

• Алакандын кызарышы

• Теринин кургап, серпилгичтигинин жоголушу, кан тамырлардын кеңейиши

• Оң кабырганын алдынын салаңдап оорушу

• Кээде ич өтсө, кээде ичтин катып калышы

Диагноз

Диагноз үчүн боор, өт, уйку безин УЗИден өткөрүү, боорду магниттик-резонанстык томографиядан өткөрүү, кандын биохимиялык анализи жана башкалар керектелет.

Дарылоо

Дарттын 1-2-даражасында толук дарылап айыктыруу мүмкүн.

Негизинен, гепатопротектордук дары-дармектер ичилет. Алар боордун клеткаларын калыбына келтирүүчү, боордун уулуу заттардан өзүн коргоо жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу касиетке ээ. Мисалы, алардын бири эссенциале форте каражаты.

3-даражасында боорду алмаштыруу керек болот.

Диета

Гепатоздон айыгуу үчүн дарыланууда диета кармалат.

Жегенге болот: сүт жана сүт азыктары, сууда же бууда бышырылган семиз эмес эт, жашылча-жемиш, ботко түрлөрү, бал, акшактан жасалган суюк тамактар, майлуулугу аз йогурт, айран, кебектүү жана кургатылган нан.

Жеп-ичкенге болбойт: каймак май, майлуу шорпо, пияз, сарымсак, майлуу эт, жумуртка, сыр, колбаса, нокот, буурчак, чечевица, консерваланган азыктар, майлуу сүт азыктары, кофе, какао, газдалган суусундуктар. Помидор, шалгам жана түрптү да жегенге болбойт. Анткени алар өт суюктугунун көп бөлүнүп чыгышын шарттап, боорго күч келтирет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1013, 6-12-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан