Катардагы ыкмалардан, коёндой окшош түндөрдөн тажадыңызбы? Анда түгөйүңүзгө секстин экстремалдык түрүн сунуштаңыз. Фантазияңызга жараша ар кандай түрүн тандап алсаңыз болот.
МАШИНАДА
“Америкалыктардын 50 пайызы Форддун арткы орундугунда жаралган” деген тамаша бар. Азыр кыргыздарда деле автомобилде кумарга батуу жакшы өнүккөн. Машинанын тардыгы ыңгайсыздык жаратса да, андагы секс баары бир эсте калат.
Кеңеш: эч качан айдап бараткан адамдын шымына кол салбаңыз, өз өмүрүңүзгө зыян. Экинчиси, машинаны жүргүзүп коюп кумарга батпоо керек. Ар кандай иштер болуп кетиши мүмкүн.
БИЛЬЯРД СТОЛУНУН ҮСТҮНДӨ
Түгөйүңүздү бильярд барына чакырыңыз. Бир партия ойноону сунуш кылып, жеңгенге аракет жасаңыз. Утулуп калган түгөйүңүзгө ошол жерден рахатка батууну сунуш кылыңыз. Бул сөздөн эле анын делебеси козголуп чыгарына ишене бериңиз.
Кеңеш: бильярд шарларын, кийди столдон ары алып салбасаңыз, ыңгайсыздык жаратат. Анан да жашыл баркытты булгап койсоңуздар, сөзсүз тазалап кетиңиз.
ТАБИЯТ КОЙНУНДА
Табият жана экөөңүздөр. Табияттагы секс сиз менен өнөктөшүңүздүн эсинде түбөлүк каларына сексологдор кепил боло алат. Дем алыш күндөрү аба ырайын байкап туруп, жортуулга аттансаңыз болот. Кумарга батуу үчүн табышмактуу үңкүр же катар өскөн карагайлардын түбүн ылайыкташтырыңыз.
Кеңеш: алдыңыздарга салуу үчүн килемче алып алсаңыз болот. Сиз тандаган үңкүр эл сыйынуучу жай эмес экенин текшерип коюңуз.
ЛИФТТЕ
Адистер бул экстремалдык ыкма кыз-жигиттин ортосунда көп колдонуларын айтышат. Рахатка батуу үчүн көп кабаттуу үйлөрдү тандап алганыңыз оң. Лифттин ылдамдыгы жана өзгөчө жерде кумарга батууңуз сизди акылдан адаштырып, делебеңизди козгойт. Жаман жагы кумар “лимитиңиз” ченелүү болот.
Кеңеш: эгерде “ишиңиз” бүтпөй жатса, лифттеги “стоп” деген жазууну басып койсоңуз болот. Мындай жазуу жок болсо, турган ордуңузда катуу секирип койсоңуз, лифт токтоп калышы мүмкүн. А сиз ашыкпай “ишиңизди” бүтүрүп аласыз.
Астра Айдарова
erotika@super.kg