Назира Кадыева: «ФАНТАЗИЯСЫ КҮЧТҮҮ МЫРЗАЛАР ЖАГАТ»

Изилдөөлөргө таянсак, үн дагы адамдын делебесин козгоп, кызыгуу арттырат экен. Дал ошондой сексуалдуу үндүн ээси, таланттуу ди-джей Назира Кадыева бизге маек куруп берди.

– Назира, кандай мырзаларды сексуалдуу деп айта аласыз?
– Мен, биринчиден, спорттук дене түзүлүштөгү эркектерди жактырам. Булчуңдуу келбет мүчө, албетте, сексуалдуу көрүнөт болуш керек. Жашоодо болобу, төшөктө болобу, мага фантазиясы күчтүү эркектер жагат. Ар кандай нерсе менен сени таң калтырып, сюрприз жасап, көңүлүңдү алып турса...
– Өзүңүздү сексуалдуумун деп эсептейсизби?
– Албетте.
– Аял эркексиз, интимдик байланышсыз канча убакыт жашай алат деп ойлойсуз? Жеке өзүңүзчү?
– Табият аял менен эркекти жуп кылып жараткан соң бири-бирисиз жашай албайт. Медицинада деле бир аптада эки же үч жолу кумарга батып туруунун пайдасы тууралуу далилдер келтирилип жүрбөйбү. Ошондуктан аялдар да, эркектер да физиологиялык жактан бири-бирибизге муктажбыз. Менин оюмча, аялдар эркексиз эки гана ай жашай алат деп ойлойм. Андан ашып кетсе, ден соолугуна, психикасына зыян келсе керек. Жеке өзүмө келсек, күйөөм экөөбүз узак убакытка айрылыша элекпиз. Ошондуктан айта албайм.
– Үй-бүлөнүн очогун сактоодо төшөк кумарынын ролу канчалык?
– Жубайларда бул биринчи маселе болушу керек. Бирок бизде жаштарды төшөк маданиятына эч кандай үйрөтүшпөйт. Бул биздин менталитетке туура келбейт. Өтө ачык болбосо да, эмне жакшы, эмне жаман экенин кандайдыр бир жолдор менен үйрөтүү керек го дейм. Мисалы, ошол темадагы китептерди сатып берүү менен... Энеси кызы менен, атасы уулу менен сүйлөшүп дегендей. Төшөктөгү тажрыйбасыздык экөөнө тең зыян алып келет. Мисалы, асманды карап жата берген айым кимге кызык?.. Алсыз эркектин абалы андан да оор. Ошондон улам төшөк ырахатын издеп оңго солго кеткендер толуп жатат. Бул үй-бүлөнүн пайдубалы болгондуктан, чоң маани бериш керек.
– Европада изилдөө жүргүзүшүп, аялдар эркектердин сырткы келбетинен 3 нерсеге көп көңүл бурары аныкталган: көз, кол жана жамбаш. Сиз эркектин эмнелерине көңүл бурасыз?
– Көңүлүм көбүнчө көздөргө бурулат. Мага табышмактуу тигилген көздөр жагат.
– Эркек жубайынын төшөктө алоолонгон оттой болушун каалайт экен. Буга кандай карайсыз?
– Эркектер көп нерсени каалашат. Каалаганындай боло берсең, башыңа чыгып кетүүсү да мүмкүн.
– Сиз үчүн сексуалдуу эркектин “эталону” ким?
– Күйөөм.
– Сексуалдык билимиңизди жогорулатуу үчүн кандайдыр бир иш-аракеттерди жасайсызбы?
– Бул үчүн жолдошум экөөбүз тең аракет кылабыз. Азыркы кезде интернет булактары бар, китептер бар дегендей. Ошондуктан билимибиз жакшы эле.
– Кандай эркек болсо да азгыра аласызбы?
– Сөзсүз да!
– Сезимсиз кумарга батууга болобу?
– Болсо керек. Бирок анда физиологиялык жактан денең гана ырахат алат деп ойлойм. Ал эми сүйүү менен дене кумары айкалышса, бакыт толук болсо керек. Эми аны сөз менен айтуу мүмкүн эмес.
– Кандай өзгөчө жерде кумарга баткансыз жана баткыңыз келет?
– Ал сыр.
– Атактуу тасмалардагы кайсы эротикалык же мелодрамалык эпизод жагат?
– Эсимде жок.
– Эркек төшөктө кандай болуусу керек?
– Мырзалар төшөктө деле мырза боюнча калса дейм. Ошондой маданияттуу, сылык. Көбүрөөк эркелетип дегендей.
– Ди-джей катары айтсаңыз, үндү да сексуалдуу деп айтууга болобу?
– Албетте, сексуалдуу үндөр бар.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
aminali
2010-12-18 03:11:56
Menin TAIeneme okwow eken.
0
Prince
2010-12-18 20:19:34
Суротторунон кобуроок койбоптурсунар да.
0
azulya
2010-12-21 08:45:31
Назира мага абдан жагат. Уну аябай сонун. Чынында эле сексуальный голос. Ийгилик сага Назира! Так держать!!!
0
freid
2010-12-21 11:41:30
Назира ийгилик! Мага да жагасын. Супер!Суротун да сонун болуптур.
0
Bermet2001
2010-12-22 00:22:39
Назиранын далысындай далылуу кыздарга кенеш: мындай декольте не для вас!
0
cosmopolit
2010-12-22 03:05:01
ну дааа...фантазиясы кучтуу мырзалар мага да жагат...и непредсказуемыйлар дагы...
+2
adiiiiiiiiiii
2010-12-22 07:28:59
Tastyk okshoyit :-))
0
miki98
2011-07-23 14:31:16
малочина мага сексуальный эркектер жагат.
0
kubanych_toktarov
2012-11-11 22:49:45
menda oshol.siler izdegen manyak.
0
jomik_kg9595
2014-02-10 04:40:24
Хаха сексуальдуу болуш керек экен да а
0
№ 424, 17-23-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан