ДАЧА-СУДАГЫ АВИАКЫРСЫК БОЮНЧА КООМДУК КОМИССИЯ ТҮЗҮЛДҮ

2017-жылдын 16-январында Сокулуктун Дача-СУ кыштагында болгон авиакырсыкты изилдөө үчүн коомдук комиссия түзүлдү. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 10-майда жарыяланды.

Жарлыкта авиакырсыкты буга чейин Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин комиссиясы иликтеп, кырсыкка учкучтардын кетирген катасы себепкер деп жыйынтык чыгарганы, ага карабай кырсыкка ким күнөөлүү, учактагы жүк кимдики болгон, жабырлануучуларга чогултулган акча кантип бөлүштүрүлгөн деген суроолор дале жоопсуз экени айтылат.

Курамына 18 адам кирген коомдук комиссия 2022-жылдын 1-ноябрына чейин Боинг учагынын кыйрашы боюнча өз корутундусун чыгарууга жана Дача-СУ айылында жашагандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча сунуш берүүгө тийиш. Комиссияны экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов жетектейт.

Президенттик администрациядан тарта Сокулук акимчилигине чейинки бардык мамлекеттик жооптуу органдар комиссиянын ишине көмөктөшүп, суралган материалдарды жана документтерди ыкчам берип турууга милдеттүү экени айтылат документте.

Эскерте кетсек, мындан 5 жыл мурун болгон авиакырсыкта Кыргыздын 35 жараны жана экипаждын 4 мүчөсү (Түркия жарандары) каза тапкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1014, 13-19-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан