Элзар Тиленбаев, ырчы: “МАГА ШҮМШҮК КЫЗДАР ЖАКПАЙТ”

“Болбоюн талашкандай”, “Асыл жансың, апакем”, “Мен сен деп өмүр бою жашай берем” жана башка ырлардын аткаруучусу, жаш ырчы Элзар Тиленбаев менен тааныштырабыз. “Атам да, апам да ырчы” деген каарманым өз жашоосундагы окуялары, чыгармачылыгы, үй-бүлөсү тууралуу айтып берди. Ырчынын кыздарга болгон табити тууралуу да сүйлөштүк.

Туулган жылы: 1997-жыл, 7-март

Туулган жери: Нарын облусу, Ак-Талаа району, Баетов айылы

Билими: Кыргыз улуттук консерваториясында 4-курстун студенти

Бою: 1 метр 76 сантиметр

Салмагы: 80 килограмм

Үй-бүлөлүк абалы: бойдок

“БИРИНЧИ МИЛЛИОНУМ...”

– Ырчылардан сурасаң “кичине кезимден бери ырдайм” дей беришет го. Меники деле ошондой. Кичине кезимде ырдап сынактарга катышчумун. 9-класска чейин Ак-Талаада окуп, андан кийин борборго келип, Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайда жеке ырдоо бөлүмүндө окудум. Учурда Кыргыз улуттук консерваториясында окуйм. Жеке ырчы катары иштеп аракет кылып жүрөм. “Soorov production” командасынын мүчөсүмүн. Бизге ырлардын сөзүн да, обонун да Зарлык Камбаралиев жазып берет.

Ырдап баштаганыма 2 жылдай болду. “Болбоюн талашкандай” ырымдын клиби жакында Youtube’дан миллион көрүү топтоду. Ичимден өзүм менен өзүм сыймыктанып сүйүндүм. Кээ бир ырчылар үчүн жөн эле нерсе болушу мүмкүн. Мен үчүн аябай кубанычтуу, маанилүү окуя болду. Мен үчүн ар бир көрүүчү, угарман маанилүү. Менин ырларыма, өзүмө жаман комментарий жазган адамдар жок, баары колдоп, жакшы сөздөрүн жазып кетишет. Мени ошол кубандырат, мотивация берет. Өзүм тууралуу өзүм айта албайм. Бирок ырларымды мактагандар бар. Клиптеримди кинодой кылып тартканга аракет кылам. “Кино көргөндөй болдук, жакшы тартылыптыр” деп айтышат.

“ТАЕНЕМ МЕНИ КОЛЯСКАДА СҮЙРӨП АЛЫП БАЗАР ШЫПЫРЧУ ЭКЕН”

– “Асыл жансың, апакем” деген ырым менин сунушум боюнча жазылган. Дегеним, мен биринчи клиптин сценарийин жазып алгам. Сценарийге ылайыктап сөзүн Анарбек Абдиев деген досум жазып берди. Бул ыр таенеме арналды. Мен таенемдин колунда чоңойгом. Аны апа дейм. Апам базар шыпырып иштегендиктен таң атпай базар шыпырганы барганда мени коляскага сүйрөп алчу экен. Мени сүйрөп алып соодагерлерден салык чогултуп да иштептир. Апама арнаганым менен “Апа, сиз үчүн жаздым” деген эмесмин. “Апа, сиз билесизби, ушундай кылчумун деп айтып калчу элеңиз го, ошону тартып койдум” деп айткам. Апам клипти көргөндө ыйлады. Менин гана апам эмес, көп апалар ыйлайт бул клипти көргөндө, көп байкадым. Апам клипти көргөндө мени кучактап, “азамат, дагы көп ыр, клиптерди чыгара бер. Башкысы маңыздуу, манилүү ырларды ырда” деген. Бизче айтканда, чача-пача ырларды ырдап, клиптерди тартпа дейт. Апам мени аябай жакшы көрөт, өз балдарынан да мени жакшы көрөт деп ойлойм. Студент кезде каткан акчасын мага берчү. Таякелериме да “Эдикке акча берип тургула” дей берчү. Алар мага “апаңа кечке айта бербечи” дешчү. Мен акча сурачу эмесмин. Эне да, ачка калбасын деп сарсанаа боло берет.

“ЖЕТИМДЕРДЕ ЭМНЕ КҮНӨӨ?”

– Ал эми “Сүйүп калдым беле?” деген ырдын клибинде досумдун окуясын баяндагам. Максат деген досум тигүү цехинде үтүкчү болуп иштейт. Клиптегидей тың бала. Ошонун жашоосун эле жазып койгом. Клиптерге сценарийлерди ушундай көрүп, угуп жүргөн окуялардан алып жазам. Клиптерге сценарий жазып, режиссёрлук кылып жүрүп кино тарта аларыма көзүм жетип калды.

Кино тартуу кыялым кичинемден эле бар. Ал кыялым азыр планга айланды. “Жетимдерде эмне күнөө?” деп атын да коюп алгам. Сценарийи даяр. Актёр, актрисалардан бери элестетип койгом. Буюрса, ишке ашырам.

“КЭЭДЕ КӨЧӨДӨН ТААНЫБАЙ ЭЛЕ КОЮШСА ДЕЙМ”

– Көчөдөн таанып калышат. Кээде ыңгайсыз учурда таанып калышса "тааныбай деле койсо болмок" дейсиң. Андайда өзүңдү түз, таза, тыкан алып жүргөнгө аракет кылат экенсиң. Өзүм ошондой эле баламын. Бирок өзүңдү көбүрөөк көзөмөлдөп калат экенсиң, жаман жактан үлгү болуп калбайын, түз жүрөйүн дейт экенсиң. Эркекпиз да, досторум “тиги жакка, бул жакка баралы” дешет. Барбай эле коёюнчу таанып калышпасын деп тартынып турам.

Шоу-бизнесте анчалык жакын досторум жок. Өзүм ушундаймынбы, баары менен баарлашып жүрө албайм. Эмнегедир учурашып коюп эле кеткенге шашам. Баары менен сый болгум келет. Жакындап, сырларың ачылып кетсе баркың кетип калабы деп ойлойм.

“АПАМ ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ, ТОКТОБЕК АСАНАЛИЕВ МЕНЕН ОКУГАН”

– Атам менен апам Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Маданият үйүндө иштешет, экөө тең ырчы. Апам Искусство институтун аяктаган. Элмирбек Иманалиев, Токтобек Асаналиев менен окуган. Достору Эл артисттери, Эмгек сиңирген артисттер болушту. Апамдын, атамдын деле популярдуу болуу кыялдары болсо керек, бирок турмуш ар кандай да. Апам "мен жетпегенге сен жет” деп калат. Мени экөө тең аябай колдошот. “Сен кыласың, сага ишенем” деп турушат. Ушундай колдоо жакшы экен. Добуш берүү болуп калса же Youtube`га клибим чыкса, таратышып, тааныш-туугандарга чалып, “тараттыңарбы, добуш бердиңерби?” деп турушат, ар бир чыгармама аябай маани беришет. Кылып жаткан эмгегимди баалап жаткандарына аябай кубанам. Үйдө 4 бир тууганмын, ата-энемдин улуу баласымын. 2 иним,
1 карындашым бар.

“СТЕРВАЛАР ЖАКПАЙТ, УРУШУП КЕТЧҮДӨЙ БОЛО БЕРЕСИҢ ГО”

– Бойдокмун (күлүп). Оюмда азыр чыгармачылыгым бар. Үй-бүлө курайын деп ойлоно элекмин. Ар бир нерсенин өз убактысы келет окшойт. Мен жылына өзүмө план түзүп алам, бир жылда ушул нерселерди бүтүрүшүм керек деп. Андан башка нерселерге орун бербейм. Ошондуктан сүйлөшкөн кызым жок. Кыздардын таза, тыкан, жөнөкөй болгонун баалайм. Керсейген, текебер адамдардын жанында тура албайм. Стервалар жакпайт, урушуп кетчүдөй боло бересиң го. Созулган, жай сүйлөгөндөр да жакпайт. Кандай болсо ошондой жүргөн, бир мүнөз, жаман ою жок, шүмшүк эмес кыздар жагат. Мен үчүн жүрөгү сулуу болгону, жүрөгүндө ыйман болгону, жаман адаттардан алыс болгону маанилүү. Көптөр тышкы келбетине карашы мүмкүн. Ал дайыма калчу нерсе эмес. Адам жыл өткөн сайын карыйт, тышкы келбет өзгөрөт. Жан дүйнөсү сонун болушу керек. Болочок жубайым жакындарымды сыйласа деп тилейм.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1014, 13-19-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан