ЧАТКАЛДА САБАК МААЛЫНДА МЕКТЕПТИН ШЫБЫ УРАП ТҮШТҮ

Чаткалдын Терек-Сай айылындагы орто мектепте 18 окуучу жана 1 мугалимдин үстүнө класстын шыбы урап түштү. Окуя 17-майда №18 Чымканаев атындагы мектепте катталды. Расмий маалыматка таянсак, кырсыктан олуттуу жабыркагандар жок. Билим берүү жана илим министрлиги “мектептин эскилиги жеткен, бирок буга чейин авариялык абалда эмес болчу” деп билдирди. Бул окуя боюнча Бишкекте Министрлер кабинети жыйын өткөрүп, анда мектептердеги коопсуздукка жооптуу органдардын иши сынга алынды. Өлкөдөгү бардык мектептердин техникалык абалын текшерип чыгууга тапшырма берилгени маалымдалды.

Чаткалдагы окуя Кыргызстандагы билим берүү системинин күзгүсү. Эскилиги жеткен, авариялык абалда экенине карабай пайдаланылып жаткан мектептер аз эмес. Ушундай шартта мектептерде 12 жылдык билим берүү – эл аралык стандарттар жөнүндө сөз кылуу канчалык туура?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1015, 20-26-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан