Күйөөсү токмоктогон аял: “ЖОЛДОШУМ ТҮРМӨДӨ ОТУРСАМ ДА ӨЛТҮРТҮП КЕТЕМ ДЕП КОРКУТУУДА”

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту ашкерелеген дагы бир чуулгандуу окуя катталды. Каракол шаарынын тургуну Айзат Усенбаева күйөөсү тарабынан аёосуз токмоктолуп ооруканага түштү. Жүзүн шишик басып, көзү ачылбай калгыча сабалган аялдын сүрөтү интернеттеги социалдык тармактарга тарап, коомчулукту дагы бир жолу селт эттирди. Учурда "мындай мыкаачылык жазасыз калбашы керек" деген талаптар туш тараптан айтылып жаткан учур. Биз окуянын чоо-жайын иликтеп, тараптардын пикирин угуп көрдүк.

Камиль Рузиев, укук коргоочу: “МИЛИЦИЯ ШЕКТҮҮНҮ МУРУН ЭЛЕ КАРМАГАНДА МЫНДАЙ БОЛБОЙТ ЭЛЕ”

– Күйөөсүнөн токмок жеген жабырлануучу Айзат Усенбаева мага “милицияга арыз жазсам кылмыш ишин козгобой жатышат, жолдошумдан кордук көрүп тынч жашай албай жатам” деп мурун эле даттанып кайрылган. Биз жабырлануучуну ээрчитип алып 2022-жылдын 10-майында Ысык-Көл облустук прокуратурасына кайрылдык. Жыйынтык болгон жок. 13-майда Каракол шаардык прокуратурасына бардык. Эч бир орган бул маселеге олуттуу караган жок. Апрель айында да күйөөсү сабап, жабырлануучу арыз жазса жүйөлүү негиз жок деп кылмыш ишин ачпай коюшуптур. 14-май күнү жабырлануучунун жолдошу үйүнө келет, ошондо аялы милицияга өзү чалып “күйөөм үйгө келди, кармап кеткиле” деп айтат. Милиция кызматкерлери шектүүнү кармап кетип, кайра коё берип жиберишкен. Түн жарымда шектүү мас болуп үйүнө келип, “сен эмнеге мени милицияга карматасың?!” деп сабап, ушул окуя болуп жатпайбы.

Укук коргоо органдары тез реакция кылып, кылмыш ишин ачып шектүүнү убагында кармаганда аял мынчалык кордук көрбөйт эле. Алардын шалаакылыгынан ушундай зомбулук болуп жатат. Ооруканага барсам дарыгерлер Стамбул протоколун толтурбаптыр. Толтургула, мындай мыкаачылык, кыйноолордун баарына ошол проткол толтурулушу керек деп талап койдум. “Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат” деп мейли аялына карата зомбулукка көз жумсун, бирок 14 жаштагы майып баласында эмне күнөө?! Шектүү тиги аялдын майып баласын да сабап жүргөн. Учурда ал дагы ден соолугунан жабыркап Ысык-Көл облустук ооруканасынын урология бөлүмүндө жатат. Жок дегенде балага жасалган зомбулук үчүн кылмыш ишин ачышса болот эле да. Мен бул ишти аягына чыгарам, жабырлануучу да “мени таштап кетпеңиз” деп суранып жатат. Биз айгай салып, ызы-чуу көтөргөндө гана милиция кызматкерлери кылмыш ишин ачып, 2 күн мурун шектүүнү Корумду айылында ичип жүргөн жеринен кармап келишиптир.

Айзат Усенбаева, жабырлануучу: “КИЙИМИМ АЙРЫЛГЫЧА ТЕПКИЛЕДИ”

– Өзүм Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынан болом. Эки балам бар, улуусу 14 жашта, тубаса майып төрөлгөн, кичүүсү 6 жашта. Бул 2 балам мурунку жолдошумдан, ал экөөбүз үй-бүлөлүк келишпестиктен улам 2018-жылы ажырашып кеткенбиз. Өзүм 2-топтогу, бир балам 1-топтогу майып. Үстүбүздө үйүбүз жок, 2 балам, анан экинчи жолдошум болуп, Каракол шаарында батирде жашап жатканбыз. Майыптыгыма байланыштуу иштебейм, балдарымды карап үйдө отурам. Эптеп кепедей болсо да үйлүү болсом деп тилек кылам. Туугандарым бар, бирок алар өз турмушу менен алек.

Экинчи жолдошум менен жашаганыма 1 жыл болуп калды. Бул арада 7-8 жолу токмоктоду. "Милицияга арыз жазам" десем, “балдарыңды ойло, мен түрмөгө түшсөм да сени, балдарыңды бирөөлөрдү жумшап өлтүртүп кетем” деп коркутчу.

Учурда күйөөм токмоктоп ооруканада жатам. Дене-башым кыймылдатпай ооруп жатат. Көзүмдү ача албай калдым, кийимдерим айрылып кеткиче тепкиледи (ыйлап). Башыма, ичиме койгулап, тепкилеп жатканын билем, сабагандан 5-10 мүнөттөн кийин эсимди жоготуп коюптурмун. Канча убакыт сабады өзүм да билбейм. Милиция бул акмакты камабай жүрүп ушул абалга келдим. Канча жолу “муну камагыла, мага тынч
жашоо бербей жатат”
деп милиция кызматкерлерине кайрылдым. Алып кетип эле кайра коё берип салышат. Күйөөм арак ичет, үйгө ар кайсы досторун ээрчитип келип, кайра мени алардан кызганат. “Сен менден улуусуң, старухасың, жашабайм сени менен” деп кемсинтип сабайт. Мага өчөшүп майып баламды да сабап салды. Жолдошум жазасын алсын, акыйкаттык, адилеттүүлүк орносун.

“ОКУЯ БОЛГОН УЧУРДА ЖУБАЙЛАРДЫН ЭКӨӨ ТЕҢ МАС БОЛУШКАН”

Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы:

– Ысык-Көл облусунун 28 жаштагы тургуну аялын аёосуз токмоктоого шектелип кармалды. Тактап айтсак, 14-майда Каракол ШИИБине Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан 1984-жылы туулган У.А. атуу аял денесинен алган жаракаты менен ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат келген. Ыкчам тергөө тобу ооруканага барганда аялды 1993-жылы туулган Р.У. аттуу күйөөсү сабаганы маалым болду. Жабырлануучунун айтымында, 14-май күнү саат 00:30 чамасында үйдүн короосунда күйөөсү аны кызганычтан улам сабап салган. Аялга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, коргоо ордери берилди. Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 1-бөлүгү (кыйноо) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат.

Баса белгилеп кетчү жагдай, жабырлануучу буга чейин 2022-жылы апрель айында да “күйөөм сабады” деп милиция кызматкерлерине кайрылган. Бирок соттук-медициналык экспертизада денесине оор залал келбегени аныкталып, кылмыш иши ачылган эмес. Ал эми май айындагы окуяда жабырлануучу аял да, күйөөсү да мас абалында болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкса тиешелүү чаралар көрүлөт. Окуя тууралуу укук коргоочу Камиль Рузиевдин “милиция аталган окуя боюнча эч кандай чара көрбөй жатат” деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1015, 20-26-май, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан