ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 30-майдан 5-июнга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Апта башында билимге ынтызар болгон кой жылдызындагылар окууда ийгиликке жетишет. Чыгармачыл койлор оригиналдуу идея, ой жүгүртүүсү менен көпчүлүктүн көңүлүн бура алышат. Башкалардын иштери үчүн жоопкерчилик алып, ишиңиз убагында бүтпөй түйшөлтүшү мүмкүн. Күтүлбөгөн жолугушуулар, таанышуулар, достор менен сапарлар четте калбайт. Дем алыш күндөрү жакындарыңызды алып шаар сыртына пикникке чыгуу сунушталат.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Өзүңүз менен өзүңүз калып, болуп өткөн окуяларды терең анализдөөгө убакыт табыңыз. Ички үнүңүзгө, алтынчы туюмуңузга кулак салыңыз, алар сизди алдабайт. Сүйүктүү адамыңыз менен каржы жаатындагы маселелерди талкуулоого ыңгайлуу убакыт эмес, келишпестик жаралып, чыр-чатак чыгышы мүмкүн. Дем алыш күндөрү муздаткычыңызды таттууларга толтуруп же саркеч кийим сатып алып өзүңүздү эркелетиңиз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Эгиздерди жаңы таанышуулар, кызыктуу окуялар менен коштолгон жагымдуу достук таанышуулар күтөт. Башка адамдар менен кызматташуу аркылуу көптөгөн маселелерди чечүү оңой жана тез болорун түшүнө аласыз. Апта ортосунда үй-бүлөдөгү жана туугандар менен болгон мамилелер татаалдашы мүмкүн. Мүнөзүңүздөгү кемчиликтердин үстүнөн иштеп, баары менен дипломатиялык ыкмада тил табышканга туура келет.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Айрым чектөөлөрдү жеңип, жүрүм-турумуңузда көбүрөөк эркиндикке жете аласыз. Мурда чече албаган, колумдан келбейт деп ойлогон нерсени жасоого аракет кылсаңыз болот. Жакын туугандарыңыздын бири сизге жол көрсөтүп колдошу мүмкүн. Апта ортосунда виртуалдык жана жаңы таанышуулардан баш тартканыңыз оң. Сизди пайдалангысы келген ниети бузук, алдамчылыкка жакын адамдар пайда болушу ыктымал.


АРСТАН (23.07-23.08)

Түрдүү таанышуу форумдарынын, социалдык тармактардын колдонуучусу болсоңуз, анда сиз издеген кызыктуу адамды табасыз. Бирок аны менен романтикалык мамиле түзүүгө үмүт кылбаңыз, сиздерди достук мамиле гана байланыштырышы мүмкүн. Накталай акчаңызды коопсуз жерде сактаңыз. Ири сатып алууларды жасап, досторго карызга акча берүү сунушталбайт. Бойдоктор сүйүп калуудан өзүн оолак кармап, көңүлүн башка маанилүү маселелерге бурганы туура.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жылдыздар бийкечтерден өз жашоосун кайра куруу үчүн тайманбас жана чечкиндүү аракеттерди күтүшөт. Апта ортосунда кесиптештериңиз менен чыр-чатак болушу мүмкүн. Амбицияңызды колго алып, өзүңүздүн гана эмес, башка адамдардын каалоолорун да эске алганга аракет кылыңыз. Эгер аракетиңизге карабай бир нерсе ишке ашпай калса, аны дем алыш күндөрүнө калтырыңыз. Ишемби жана жекшембиде каалооңуз бир топ тез жана оңой орундалат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Үй-бүлөлүк мамилелер солгундап, таарынышып жүргөн түгөйлөр жарашышат. Өнөктөшүңүздү өмүрлүк жар катары эмес, керек болсо жардамга келе турган дос катары караганга аракет кылыңыз. Ошентсеңиз сүйүктүүңүздүн жаңы сапаттарын ача аласыз. Саякатка, алыскы туугандардын үйүнө коноктоп барууга, иш сапарга чыгууга ыңгайлуу учур. Апта ортосунда кайсы бир адамдар ойдон чыгарылган сөздөр менен аброюңузга доо кетириши мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Жылдыздар чаяндарга ден соолугун чыңдоону, ага кам көрүүнү сунушташат. Медициналык кароодон өтүп, диагноз коюуга жана дарылоону баштоого ыңгайлуу учур. Үй жаныбарларын сүйгөн чаяндар ушул апта аны сатып алса болот. Жумуш которууну пландап жүргөн чаяндар туруксуз жерге жумушка орношуп калуу коркунучу бар. Бойдок чаяндар жагымдуу романтикалык жолугушуу уюштуруп, сүйүктүүсүнө сезимдерин билдире алышат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Аптада үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдөө үчүн эң сонун учур болот. Урушуп кеткен түгөйлөр жарашып, таарынышып жүргөн жубайлар бири-бирин кечиришет. Жумушта убактыңызды үнөмдөп, майда-чүйдө нерселерге нерв коротпоңуз. Өзүңүздүн сын көз карашыңызды азайтып, мамилелерде дипломатиялык тактикага жол бериңиз. Сүйүүсүн издеген бойдоктор чакырылган ар бир иш-чарага барганы туура: мисалы, үйлөнүү той, маараке, туулган күн кечелерине баруу сунушталат.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Сиз үчүн жемиштүү апта болот, көптөгөн үй-бүлөлүк жана тиричилик маселелерин салыштырмалуу оңой чече аласыз. Үйдү иретке келтирүү үчүн сонун убакыт. Апта ортосунда үйүңүздү жалпы тазалоону пландаштырыңыз же тиричилик техникасын оңдоого тапшырсаңыз болот. Апта аягында ден соолугуңуз начарлап, медициналык жардамга муктаж болушуңуз мүмкүн. Бойдок текечерлер сүйүүдө жолдуу болушат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Апта башында сүйүшкөндөр түгөйүн таң калтырууга, жагымдуу сюрприздерди жасоого аракет кылышат. Мындай аракетиңиз сиздин сезимдериңизди жаңыртат, курчутат. Бойдок суу куярлар узак мөөнөттүү сүйүү мамилесин кааласа, баш кошуу тууралуу сунушун дароо айтпаганы туура. Жумушта жетекчилик менен келишпестиктер орун алат, бирок кесиптештердин колдоосу менен өз көз карашыңыздын тууралыгын далилдей аласыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Каржылык мүмкүнчүлүктөр көбөйөт, кыялданган нерселерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Бул күндөрү үй-бүлөдөгү мамилелерде гармония жана түшүнүү орун алат. Балалуу балыктар баласына ашыкча талап коюп ал кызыкпаган нерселерге мажбурлабаганы туура. Жаңы сезимдердин кучагында жүргөн бойдокторго кеңеш, ичиңиздеги бурганакты өзүңүз гана сезип, ал сезимдердин күчтүүлүгүн сүйгөн адамыңыз билбей жатышы мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан