Гүлназ Бекбосун кызы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “МАЙРА КЕРИМ КЫЗЫНЫН ОБОНДУУ ЫРЛАРЫН КӨБҮРӨӨК ҮЙРӨНҮП КАЛГАН МЕН БОЛДУМ”

25 жылдан бери чыгармачылыктын казанында кайнап келаткан ырчы, “Кыргыз руху” фольклордук ансамблинин солисти, Майра Керим кызынын шакирти Гүлназ Бекбосун кызы маек төрүбүздө. “Мени азыр "Эки сулуунун" апасы деп таанып жатышат” дейт Гүлназ айым.

– Гүлназ айым, куш келипсиз! 10-майда концертиңизди өткөрүп алдыңыз. Кандай өттү?

– Саламатсыздарбы? Концерт жакшы өттү. 2017-жылы чыгармачылыктагы 20 жылдык концертимди бергем. Мында 25 жылдык концертимди бердим. Бул Бишкек шаарындагы 3-концертим. Концертке даярдануу өтө чоң жоопкерчиликти талап кылды, себеби жандуу үн менен ырдадым. “Камбаркан” этнографиялык-фольклордук ансамбли, Бишкек мэриясынын эл аспаптар оркестри, өзүм менен канча жылдан бери канатташ болуп келаткан “Кыргыз руху” фольклордук ансамбли менен ырдадым. Эл жандуу концертке суусап турган экен, “эмнеге бат эле бүтүп калды” дешти. Бир кемчилигим – концерттин астында репетицияда ырдап үнүмдү коротуп алыптырмын. Сахнадан үнүм жетпей кыйналып жаттым. Анча-мынча жаңылдым, темптен чыгып кетип жаттым. Бирок сурасам угармандар “андайлар бизге көрүнгөн жок” дешти. Көрөрмандар мени колдоп жакшы отурушту. Ырдаган сайын кол чаап коштоп жаткандары азыркыга чейин көз алдымдан кетпейт.

– 25 жылда кандай ийгиликтерге жеттиңиз?

– Көп ийгиликтерге жеттим, сыйлыктардын ээси болдум. Жакшы адамдар менен дос болдум, Эмгек сиңирген артист болдум. “Ысык-Көл-2001” телефестивалында фольклор жанрында Гран-принин ээси болдум жана башка. Өнөр жолунда жүрүп жүрөгүмө жакын адамдарды таптым. Аттын кашкасындай элге таанылдым деп айта албайм. Жоон топтун ортосунда Гүлназ Бекбосун кызы болуп келатканыма сүйүнөм.

– Сизге өнөр кимден өткөн?

– Атам Бекбосун комуз чертип ырдаган киши болгон. Комузду 5-классымда атамдан үйрөндүм. Кенедей чагымда эле ырдайм деп далалат кылып, мектептин сахнасында ырдап жүрдүм. 8 бир тууганмын, чыгармачылыкка аралашкан мен болдум.

Апам да ырдачу. Өнөр ата-энемден өткөн деп ойлойм. Чоң атам да комуз черткен киши болгон. Таята, таене жагымда да бар, таятам кичине чагымда үйгө келген сайын санжыра, жомокторду айтып берер эле. Кичинемде ырчы болом дегеним апама жакчу эмес. Ырдабайсың деп каршы болду, турмуштан ордун таппай калат деп чочулаган окшойт. “Ысык-Көл-2001” фестивалында жеңишке жеткенде гана апам менин күйөрманыма айланды. Ошондо ушул кызымдан бир нерсе чыгат окшойт деп ынанды көрүнөт. Тилекке каршы, 69 жашында күтүлбөгөн жерден каза болуп калды.

– Сиздин концертиңизге күбө болуп калдыбы?

– 2007-жылы берген концертиме келген. Анда мен кыйын экенмин. Нарындан Бишкекке келгениме 2-3 эле жыл болгон. Анда мени эч ким тааныбайт да, жаштык дем менен берген экенмин, болгондо да 2 күн концерт бергем. Бирок эл келген. Таң калам, чыгымдан да коркпоптурмун. Бирок киреше түшкөн. Азыр эстесем өзүмө баа берип кетем.

– Апаңыз башында ырчы болушуңузга каршы болуптур. Сиз кантип Искусство институтунда окуп калдыңыз?

– Мен окууну бүтүп жатканда, 1992-жылы, эң улуу эжем Алайга турмушка чыкмай болуп калды. Буга эки тарап тең каршы болду, биз Ысык-Көлдүн Түбүндө жашайбыз да, Түптөн Алайга кыз бергенди элестет. Бирок сүйүү жеңип кеткен. Ошентип үйдөгүлөр Ошко учуп кетишти. Мен ошол маалда Бишкекке келип, Искусство институтунун элдик оркестр бөлүмүнө тапшырып өтүп кеткем. Апама жаккан жок. Бирок “өтүпсүң, эми оку” деди. 1996-жылы окууну бүтүп, Нарын райондук Маданият үйүнүн алдында уюшулган Табылды Актанов жетектеген “Манас руху” деген театрда 8 жыл эмгектендим. Азыр “Манас рухунун” өзөгүндөгү жаштар Бишкекке келип, Бишкек мэриясынын астындагы “Кыргыз руху” фольклордук ансамблинде иштеп келатабыз. Мен 2003-жылы 28 жашымда Эмгек сиңирген артист наамына ээ болдум.

– Майра Керим кызы менен жолуңуздар кантип биригип калды?

– Мектепте окуп жүргөндө теледен Майра эженин айтыштарын көрүп таасирленчүмүн. Эже бир ирет биздин айылга концерт коюп келип калды. Мени жакшы ырдайт деп ошол концертте ырдатышкан. Ырдап чыккандан кийин Майра эже жаныма келип атымды сурап, “Жакшы ырдайт экенсиң, сенден келечекте бир нерсе чыгат” деди. Баягы сөздү укканда жер менен баспай, көктө учуп калдым. Баарына мактанып айтып жүрдүм. Кийин ар кандай иш-чараларда көрүшүп жүрдүк. Майра эже Табылды Актановдун үй-бүлөсү менен жакшы катышчу. Табылды байкенин үйүнөн жолугуп калчубуз. Ал ырдап берсе аябай таасирленем, ырдагым келет, бирок сурагандан тартынам. Майра эже баарыбызга “мындай чыгармам бар, алып ырдагыла” дечү. Ырлары жүрөгүмө жакын болду. Эже ырдап бергенде кулагыма түйүп калып, сөзүн жазып калчумун. Үй телефону менен чалып эжеге ырдап берчүмүн. Анда шаар аралык сүйлөшүү кымбат болчу. Эже Караколдо жашайт, мен Нарында иштейм. Телефонго төлөгөндө ыйлап ийчүмүн. Кийин төркүнүмө барган сайын Майра эженин үйүнө барып, 1-2 ыр үйрөнүп кетип жүрдүм. Көзү тирүү кезинде 2 китеби чыккан. Обондуу ырларын көбүрөөк үйрөнүп калган мен болдум. Көп обондуу ырлары эженин өзү менен кетти. Сөздөрү бар, обондору билинбей калды.

– "Эки сулуу" тууралуу сурабай койсом болбойт. Алардын чыгармачылыгын кандай кабыл алдыңыз?

– Мурда-кийин деле үйдөн ар кандай видеолорду тартып калышчу. Улуу кызым Азада кичүү кызым Айдана менен биздин үйдө жашаган кайнагамдын кызы Жеңишгүлгө “мындай кыласыңар” деп тартып калчу. Өзгөчө карантин маалында өнөрлөрү чыкты го (күлүп). Кийилбей жаткан атасынын кийимдерин чыгарышып кийишти. Элге “Абу бандитти” пародиялап чыгышканда көбүрөөк таанылышты. Түндө каңкылдатып тартып жүктөшкөн. Бир түндө эле миллион жолу көрүлүп кетти. “Абу бандитти” ырдаган ырчы өзү көрүп, баракчасына бөлүшүптүр, ошону менен көтөрүлүп кетти окшойт. Анан катталуучулары көбөйүп өнөрлөрү күчөй баштады. Азыр мени тойлордо "Эки сулуунун" апасы деп таанып калышты. “Сүрөткө түшүп алалы” дешет, сүйүнүп түшсөм, “Эки сулуунун” апасысыз да, ээ, ошолорго жөнөтүп коёлу” дешет. Өзүм үйгө жеткенче сүрөтүм жетет (күлүп). Азыр жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Мен ат жасаш үчүн канча жыл эмгектендим. Азыр элге жаккан нерсени тарт да, тааныл. “Силер бир түндө жылдыз болуп калдыңар. Араңдан зорго таанылып келатсам, "Эки сулуунун" апасы деп силерди кошо чаптап таанышат” деп тамашалайм.

– Жолдошуңуз да чыгармачыл адам, кантип таанышып калгансыздар?

– Жолдошум “Кыргыз рухунун” көркөм жетекчиси Ороз Кашкаев. Ороз экөөбүз институтта окуп жүргөн кезде таанышып үйлөндүк. Ал режиссёрлук бөлүмдө окуду. Нарында чогуу иштедик. Мени дайыма колдойт, ырда деп мүмкүнчүлүк түзүп берет. Концерттеримде режиссёрлук кылат. Ушинтип колдоп жатса мен ырдабаганда ким ырдайт?

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА